Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусулдан мурда даарат алуу




Гусулдан мурда даарат алуу


Суроо: Гусул аларда алгач даарат алуунун логикасын түшүнө албадым. Бир досубуз жунуп болгон адамдын даарат алуусу керексиз деп айтты. Жунуп кезде гусул алардан мурда даарат алуу керексиз эмеспи?

ЖООП

Накылга маани бербестен бир гана акыл менен дин болбойт. Гусул алардан мурда даарат алгыла дегендер акылсыз болобу? Кандайча гусул алуу керек экендигин Пайгамбарыбыз алейхиссалам билдирүүдө жана: «Алгач намаз дааратын алгыла, кийин дененин бардык тарабына суу төгүү керек», - деп буюрууда. Акыл менен мунун хикматын (сырын) түшүнө албасак дагы, логикабызга туура келбесе дагы билдирилген буйрукту ошол бойдон орундообуз керек. Атүгүл, дароо гусул албаган адам намаз дааратын алып, ошол абалда болуусу дагы да ылайык болот. Даарат дагы ала албаган адам гусул алганга чейин колун, оозу-мурдун жууганы жакшы.

Айша энебизге мындай бир суроо суралат:

«Расулуллах алейхиссалам жунуп кезде уктоону каалаган кезде гусул алып уктачу беле же гусул албастан жатчу беле?»

Хазрети Айга энебиз жообунда мындай деген:

«Көбүнчө гусул алып жатчу. Кээде бир гана даарат алып жатчу.»

Суроону сураган киши: «Бул нерседе бизди кыйнабаган Аллаху таалага хамду санаалар болсун»,- деди. (Муслим, Тирмизи, Насаи, Абу Давуд)

Дагы мындай деген:

«Расулуллах жунуп кезде тамак жей турчу же жата турчу кезде даарат алчу.» [Бухари, Муслим, Тирмизи, Насаи]

Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Үч кишиге рахмат периштелери жакындабайт: Капырга, аялдарга тийиштүү бир жытты сүрүнгөн эркекке жана тамак жешти же уктоону каалаганда даарат албаган жунупка.» [Табарани]

Демек, жунуп адамга рахмат периштелери жакындабайт. Даарат алганга жакындайт. Анын үстүнө сүннөткө моюн сунган болуудабыз. Жунуп кезде оозубузду жуубастан суу ичсек мустамал сууну ичкен болобуз, макрух болот. Бирок, оозубузду жуусак макрух болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш