Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Хайз » Хайздын өзгөрүүсү




Хайздын өзгөрүүсү


Эреже (Каида): Хайз заманы белгилүү болгон, мисалы, 5 күн болгон аял бир жолу башка санда, мисалы, 7 күн сахих күн сахих кан көргөндө хайзы 7 күн болуп өзгөргөн болот.

Бул өзгөрүүлөр эң көп он күнгө чейин болот. 11 же андан да көп кан келүү уланса мурдагы хайздан артыгы үзүр болот. Таза күн саны бир жолу башка санда, мисалы, 20 күн болуп туруп 25 күнгө чыкса же эң аз 15 күнгө түшсө тазалык күнү өзгөргөн болот. Он күндүк хайз мөөнөтү ичинде кан көрүлгөн күндөр арасында болгон тазалык күндөрү фасид тазалык болгондугу үчүн хайз деп кабыл кылынат, он күндөн кийинки кандуу күндөр болсо фасид болгондугу үчүн таза деп кабыл кыланат.

Эреже: Жаңы хайздагы кан мөөнөтү 10 күндү өтсө жана мунун 3 же андан артык күнү мурдагы хайз заманы күндөрүнө дал келбесе хайз заманы өзгөрөт, бирок, күн саны өзгөрбөйт.

Хайз заманына туш келсе, туш келген күн саны хайз, калганы истихаза болот. 3 күндөн [72 сааттан] 5 мүнөт да аз уланган кан хайз болбойт. Жаңы башталган үчүн 10 күндөн көп келсе 10 күнү хайз, артыгы истихаза болот. Жаңы болбогондордо хайздан көп болуп, 10 күндү да ашканда хайздан кийинки күндөрдө келген кан хайз болбойт, истихаза болот. Кан хайз заманын ашып, 10 күндөн мурда токтосо, сахих тазалык көрсө, тагыраагы, кан токтогондон кийин 15 күн ичинде эч келбесе кан келген күндөр хайз болуп, хайз күнү өзгөргөн болот. 15 күн ичинде бир жолу кан келсе хайзды ашкандар хайз болбойт, истихаза болот.

Эреже: Фасид кан жана фасид тазалык хайзды өзгөртпөйт.

Мисалы: Хайзы 5 күн болгон аял 10 күндөн көп, мисалы, 13 күн кан көрсө, хайзы болгон 5 күндөн артык болгон 8 күнү истихаза, тагыраагы, үзүр болот, хайзы өзгөрбөйт, дагы эле 5 күн. Сахих тазалыгы 20 күн болгон бул аял 13 күн кан көргөндө, сахих тазалыгынын ичине 8 күн фасид кан аралашкан. 20 күндүк сахих тазалык фасид тазалык абалына айланган, хайзы дагы 5 күн, тазалыгы болсо 20 күн.

Бир аял жалпысынан 10 күндү өтпөө жана 3 күндөн аз болбоо шарты менен мурдагы хайзынын санына ылайык кан көрбөсө хайзы өзгөрөт. Мисалы: хайзы 6 болуп туруп 7ге, 8ге, 9га же 10го чыкса, же болбосо 5ке, 4кө же 3кө түшсө хайз саны өзгөрөт.

Хайзы 10 күндөн аз болгондор:

Эреже: Хайзы 5 күн болуп жүрүп, сахих тазалыктан кийин 6 же 7 же 8 же 9 же 10 күн кан келсе, кийин кайра сахих тазалык көрсө кан көргөн күндөрү жаңы хайз болот. Тагыраагы, мурдагы хайзы 5 күн болгон болсо, жаңы хайзы кан көргөн күн санынчалык болот.

Мисалдар:

1) 5 кан жана 25 таза кезде хайз заманында 3 күн кан келсе, хайз саны 5 болгон болсо эми 3 болот.

2) 5 кан жана 25 таза кезде 26 таза, 4 кан көрсө хайзы өзгөрүп 4 күн болот.

3) 5 кан жана 25 таза кезде 6 кан болсо, 6 күндөн кийин 15 күн тазалык болсо хайзы 6 күнгө, 7 кан болсо  хайзы 7 күнгө, 8 кан болсо хайзы 8 күнгө, 9 кан болсо хайзы 9 күнгө, 10 күн кан болсо хайзы 10 күнгө чыгат. Тагыраагы, он күнгө чейин канча кан көрүлсө хайзы ошончолук болот. Тазалык мөөнөтү болсо 25тен 15ке түшөт.

4) 5 кан жана 55 таза кезде 5 кан, 64 таза, 7 кан көрсө 7си хайз.

5) 6 кан, 24 таза кезде 27 таза, 9 кан көрсө жана 15 күн таза болсо 9 күндүн бардыгы хайз.

Хайзы 10 күндөн көп болгондор:

Эреже: Хайзы 10 күндөн көп болгон аял истихазалуу, тагыраагы, үзүрлүү дегенди түшүндүрөт. Себеби, хайздын эң көп мөөнөтү 10 күн. Хайзынын канча күн экендигин аныктоо үчүн мурдагы айдагы тазалык мөөнөтү жана хайз санын билүү шарт.

Мисалдар:

Хайзы 24 күн таза, 6 күн кан кезде:

1) 29 таза, 12 кан көрсө хайзы 6 күн, акыркы 6сы истихаза. Тазалык мөөнөтү 29 болот.

2) 30 таза, 11 кан көрсө хайзы 6 күн, акыркы 5и истихаза. Тазалык мөөнөтү 30 болот.

3)  21 таза, 13 кан көрсө хайзы 6 күн, баштан 3, акырынан 4 кандуу күн истихаза.

4) 28 таза, 12 кан көрсө мунун 2 күнү мурунку хайз заманына туш келет. 3төн аз болгондугу үчүн алгачкы 6 күнү хайз, калган 6 күнү истихаза болот. Тазалык мөөнөтү 28ге чыгат.

5) 29 таза, 11 кан көрсө хайзы өзгөрбөйт, хайзы дале 6 күн болот. Акыркы 5 күнү болсо истихаза.

6) 30 таза, 13 кан көрсө хазы дале 6 күн, акыркы 7 күнү болсо истихаза.

7) 31 таза, 2 кан, 3 күн таза, 7 кан көрсө, мурдагы хайзы 6 күн болгондугу үчүн 2 кандуу, 3 таза жана кандуу болгон 7 күндүн 1чи күнү болуп хайзы дале 6 күн. 7 кандуу күндүн акыркы 6сы истихаза. Тагыраагы, жалпы 12 күндүн алгачкы 6сы хайз, акыркы 6 күнү болсо истихаза.

8) 33 таза, 6 кан, 2 таза, 3 кан көрсө хайзы дале 6 күн болот. 3 кандуу күн истихаза.

9) 34 таза, 7 кан, 1 таза, 4 кан көрсө хайзы дале 6 күн, кийинки кандар истихаза.

10) 35 таза, 2 кан, 3 таза, 7 кан көрсө, 2 кандуу, 3 таза жана кандуу болгон 7 күндүн 1чи күнү болуп хайзы дале 6 күн. Акыркы 6 кандуу күн истихаза.

11) 36 таза, 7 кан, 2 таза, 3 кан көрсө хайзы дале 6 күн болот, кийинки кандар истихаза.

12) 37 таза, 8 кан, 2 таза, 4 кан көрсө хайзы дале 6 күн болот, кийинки кандар истихаза.

10 күндү ашкандарга байланыштуу түрдүү мисалдар:

5 күн кан, 25 күн таза кезде:

1) Дагы 5 кан, 25 таза кезде мурдагы хайз күнүнөн баштап кан агып 10 күндү ашып уланса, мурдагы хайзынчалык 5 күн хайз, калгандары истихаза болот. Себеби, кан мурунку хайз күндөрүнө туш келген. Кан дайым акса, бул кандуу күндөрдүн 25и таза, 5 күнү хайз кабыл кылынат.

2) 26чы күн кан көрсө 27чү күн таза, кийин кан агып 10 күндү ашып уланса, мурдагы хайзынчалык 5 күн хайз, калгандары истихаза болот. Себеби, мурдагы хайзынын алгачкы жана күндөрү кандуу. Кан агуу уланса бул кандуу күндөрдүн 25и таза, 5 күнү хайз кабыл кылынат.

3) 26, 27, 28чи күндөрү кан көрсө 29 жана 30чу күнү таза болсо, кийин агып 10 күндү ашып уланса, мурдагы хайзынын алгачкы 3ү хайз. Себеби, кандуу күн хайзынын үч күнүнө туш келде. Кийин кан агуу уланса токтогонго чейин кандуу күндөрдүн 25и таза, 3ү хайз кабыл кылынат.

4) 26чы күн кан, 27 жана 28чи күндөр таза, 29 жана 30чу күндөрү кан көрсө, 31 жана 32чи күн таза болсо, кийин дайым акса хайзы дале 5 күн болот. Себеби, хайздын биринчи жана соңку күндөрү [26 жана 30] кандуу. Кан агуу ушинтип уланса кандуу күндөрдүн 25и таза, 5 хайз кабыл кылынат.

5) 26 жана 27чи күндөрү кан, 28 жана 29чу күндөрү таза, кийин 1 кан 5 күн таза, кийин кан агуу уланса хайз өзгөрбөйт, дале 5 күн. Себеби, хайздын биринчи жана акыркы күндөрү кандуу.

6) 26 жана 27чи күндөрү таза, 28, 29 жана 30чу күндөрү кан көрсө, 5 тазалыктан кийин агуу дайым уланса хайзы 3 күн болот. Дайым ушинтип уланса 27 күнү таза 3 күнү хайз кабыл кылынат.

7) 26чы күн кан, 27чи күн таза, 28чи күн кан, 29 күн таза жана 30чу күндөн кийин агуу уланса хайзы өзгөрбөйт, биринчи 5 күнү хайз, андан кийинки күндөрү истихаза болот.

Хайзы 5 кан жана 55 күн таза кезде:

1) 5 кан, 15 таза жана 11 кан көрсө, мурдагы хайзы ичине кан туш келбейт. Хайздын саны өзгөрбөйт, 11 күндүн биринчи 5и хайз, калган 6 күн истихаза. Тазалык болсо 15 күнгө түшөт.

2) 46 таза, 11 кан көрсө, 11 күндүн акыркы экөөсү мурдагы хайз заманы ичинде болсо да 3төн аз болгондуктан бир гана хайз заманы өзгөрөт. Биринчи 5 күнү хайз, калган 6сы истихаза.

3) 47 таза, 12 кан көрсө, бул 12 кандын 8и мурдагы тазалык жана 4ү хайз күндөрү ичинде, хайзы 4 күн болот. Калган 8 күн истихаза.

4) 48 таза, 12 кан көрсө, 12 күндүн 7си тазалык жана 5и мурдагы хайз ичинде, хайзы дале 5 күн. Биринчи 7 күнү көрүлгөн кан истихаза.

5) 49 таза, 11 күн кан көрсө, 11 күндүн 6сы тазалык жана 5и мурдагы хайз ичинде, хайзы дале 5 күн. Кан көрүлгөн биринчи 6 күн истихаза.

6) 50 таза, 11 кан көрсө, 51-55чи күн арасындагы 5 күн менен соңку 1 күн, тагыраагы 61 күн истихаза, мурдагы хайз заманына туш келген 56дан 60 күнгө чейин болгон [60чы күн дагы кошулуп] 5 күн хайз.

7) 51 таза, 12 кан көрсө, 12синин 4ү баштан, 3 акырынан болуп 7си мурунку тазалык заманы жана 5и болсо мурунку хайз заманы ичинде, хайзы дале 5 күн.

8) 52 таза, 11 кан көрсө, 11дин 3ү башынан, 3ү акырынан болуп 6сы мурдагы тазалык заманы жана 5и болсо мурунку хайз заманы ичинде, хайзы дале 5 күн.

9) 52  таза, 12 кан көрсө, 12синин 2 башынан, 5и акырынан болуп 7си мурунку тазалык заманы жана 5и мурунку хайз заманы ичинде, хайзы дале 5 күн.

10) 55 таза, 11 кан көрсө, биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 6сы истихаза. Хайздын бир гана заманы өзгөрөт, саны өзгөрбөйт. Тазалык дале 55 күн болот.

11) 54 таза, 12 кан көрсө, дале хайз күнү эски хайзына ылайык 55 күндөн кийин башталат, 5 күн хайз болот. Башынан 1, акырынан 6 күн истихаза болот. Тазалык дале 55 күн болот.

12) 56 таза, 11 кан көрсө, көрүлгөн кандын 4 күнү мурдагы хайз заманына туш келгендиги үчүн биринчи 4 күн жаңы хайзы болот. Акырынан 7 күнү болсо истихаза.

13) 48 таза 11 кан көрсө, 4 күнү мурдагы хайзынын ичинде болгондугу үчүн жаңы хайзы 4 күн болот. Башынан 7 күн истихаза.

14) 59 таза, 11 кан көрсө, биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 6сы истихаза.

15) 65 таза, 13 кан көрсө, биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 8и истизаха.

16) 62 таза, 12 кан көрсө биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 7си истихаза.

17) 63 таза, 14 кан көрсө, биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 9у истихаза.

18) 20 таза, 13 кан көрсө, биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 8и истихаза. Тазалык болсо 10 күнгө түшөт. Хайздын бир гана заманы өзгөрөт, саны өзгөрбөйт. Тазалык да өзгөрөт.

19) 64 таза, 11 кан көрсө, биринчи 5и хайз, себеби, мурдагы хайзы 5 күн эле. 6сы истихаза. Хайздын бир гана заманы өзгөрөт, саны өзгөрбөйт. Тазалыгы болсо 55 болгон болсо 64 күн болот.

 

Жаңы хайзы мурдагы хайзына туш келгендер:

Эреже: Он күндөн көп кан көрүп, 3 же дагы көп кан күндөрү мурдагы хайз күндөрү ичинде болсо, бир гана ушул күндөрү хайз болуп, калганы истихаза болот.

Мисалы: 25 таза, 5 кан кезде 26 таза, 11 кан көрсө биринчи 4 күнү хайз, акыркы 7 күнү болсо истихаза болот.

Эреже: Жаңы хайзы 10 күндү ашып истихаза болсо жана мунун 3 же андан көп күнү мурдагы хайзы болгон күндөрүнө туш келип жана мурдагы хайзынын калган акыркы бөлүгү жаңы сахих тазалыкка туш келсе, хайзы болгон күндөргө туш келген күндөр жаңы хайзы болот.

Мисалдар:

1) 5 кан, 25 таза кезде 18 таза, 11 кан көрсө, мунун 3 күндөн артыгы, тагыраагы 4 күнү мурдагы хайзына туш келгендиги үчүн хайзы 4 күн болот. Башынан алгачкы 7 күнү истихаза.

2) 6 кан 24 таза кезде 18 таза, 11 кан көрссө, 5 кан, 6 күндүк мурдагы хайз заманы ичине туш келгендиги үчүн жаңы хайзы акыркы 5 күн болот, алгачкы 6 күнү истихаза. Эгер 11 ордуна 12 кан көрсө жаңы хайзы хайз заманына туш келген акыркы 6 күн. Кан мөөнөтү 10 күндү өткөндүгү үчүн биринчи 6 кан истихаза.

3) 5 кан, 25 таза кезде 27 таза, 12 кан көрсө кандуу күндөрдөн 4ү мурдагы хайзынын ичинде болгондугу үчүн жаңы хайзы 4 күнгө түшөт. Кийинки 8 кандуу күн истихаза. Болот.

Мурдагы хайз заманына туш келбегендер:

Эреже: Мурдагы санынан башкача болгон кийинки кан күндөрү 10 күндөн көп болот жана мунун 3 же дагы көп күнү мурдагы хайз күндөрү ичинде болбосо хайзынын заманы өзгөрөт, саны өзгөрбөйт, бирини көргөн күндөн башталат.

Мисалдар:

1) 24 таза, 5 кан кезде 27 таза, 11 кан көрсө мурдагы хайзына 2 күн туш келгендиги үчүн хайзы дале 5 күн, тазалык мөөнөтү болсо 27ге чыгат. 11 кандын биринчи 5и хайз, 6сы истихаза.

2) 5 кан, 20 таза кезде 23 таза, 12 кан көрсө, мунун 2си мурдагы хайз заманына туш келет. Бул болсо 3төн аз болгондугу үчүн биринчи 5и хайз, 7си истихаза болот. Тазалык болсо 23кө чыгат.

3) Хайзы 25 таза 5 хайз болгон бир аял 28 таза 12 кан көрсө, тагыраагы, хайз заманынын баштан 3 күнүндө көрбөй, кийин 12 күн көрсө, биринчи көрүлгөн күндөн баштап хайзы дале 5 күн болуп, тазалык мөөнөтү өзгөргөн болот.

4) 35 таза, 5 кан кезде 38 таза, 12 кан көрсө хайзы дале 5 күн. Тазалык 38ге чыгат.

Кыздарда хайздын башталуусу

1) Бир кыз 3 кан, 15 таза, 1 кан, 1 таза, 3 кан көрсө, кан көрүлгөн биринчи үч күн менен акыркы 3 кандуу күн 2 башка хайз болот. Себеби, хайзы 3 күн боло тургандыгынан экинчи хайз арадагы 1 кандан башталбайт. Бул 1 күн истихаза болот.

2) Бир кыз 3 кан, 1 таза, 1 кан, 2 таза, 1 кан, 1 таза, 1 кан көрсө, бул 10 күндүн бардыгы хайз болот. Эгер онунчу күндөн кийин, мисалы, 12чи күн кан көрсө бул кыздын хайзы биринчи көргөн 3 күн болот, калган күндөр истихаза болот. Эгер биринчи көргөн кан 5 күн болгондо хайзы 5 күн болмок.

3) Бир кыз биринчи жолу 1 кан, 8 таза жана 1 кан көрсө 10 күндүн бардыгы хайз болот. Бирок, 1 кан, 9 таза жана 1 кан көрсө эч бири хайз болбойт. Кан көрүлгөн биринчи күн истихаза болот. Себеби, онунчу күндөн кийин көрүнгөн кандан мурунку тазалык күндөрү хайз эсептелбейт.

Истимрар абалдары

Аялдан хайз абалында келген кандын улануусу истимрар деп аталат.

Кызда истимрар 4 түрдүү болот:

1) Эреже: Биринчи көрүнгөн кан агуусу уланса, тагыраагы, эч токтобостон күндө бир тамчы болсо да акса биринчи 10 күн хайз, кийин 20 күн таза деп кабыл кылынат.

2) Эреже: Кыз сахих кан жана сахих тазалыктан кийин каалаган бир убакта кан токтобостон акса бул кыз хайзы белгилүү болгон аял болот.

Мисалдар:

а) Бир кыздын хайзы 5 кан, 40 таза кезде кан токтобостон акса 5 күнү хайз, 40 күнү истихаза кабыл кылынат. Кан токтогонго чейин ушинтип уланат, тагыраагы, кандуу күндөрдүн 5и хайз, 40ы истихаза болот.

б)  Бир кыздын хайзы 7 кан, 20 таза кезде дагы 7 кан жана 20 таза болсо, кийин кан агуу уланса, бул кандуу күндөрдүн 20сы истихаза, 7си хайз кабыл кылынат.

в) Бир кыздын хайзы 3 кан, 27 таза кезде кайра хайз көрүп баштаганда кан токтобостон акса, кан 11 күн акканда дароо гусул алып намаз окуйт. Кан токтогонго чейин кандуу күндөрдүн 3ү хайз, 27си истихаза болот.

3) Эреже: Фасид кан жана фасид тазалык көрсө экөө тең хайз деп кабыл кылынбайт. Бул болсо эки түрдүү болот:

а) Тазалык 15 күндөн аз болгондугу үчүн фасид болсо:

Биринчи көрүнгөн кан дайым аккан сыяктуу кабыл кылынат. Мисалы, 11 кан жана 14 күн таза болсо, кийин токтобостон акса биринчи кан 10 күндү ашкандыгы үчүн фасид. 11чи жана истимрардын биринчи 5 кан күндөрү тазалык күндөрү болуп, бул 5 күндөн кийин кандуу күндөрдүн 10 күнү хайз, 20 күнү таза кабыл кылынып уланат. Түшүндүрмө: Бир ай жалпысынан 30 күн деп кабыл кылынат. 30 күндүн 10 күнү хайз болгондо 20 күнү болсо таза, тагыраагы, истихаза. Кан токтогонго чейин ушинтип уланат.

б) Тазалык толук болуп, кандуу күн аралашкандыгы үчүн фасид болсо:

Мындай фасид тазалык менен кан күндөрү топтому 30ду өтпөсө дале биринчи кан агып баштаган сыяктуу кабыл кылынат. 11 кан жана 15 күн тазалыктан кийин токтобостон кан акса, 16 күндүн биринчи күнү кандуу болгондугу үчүн 15 таза күн жана 1 кандуу күн фасид тазалык кабыл кылынат. Кан агуу уланса 10 күнү хайз, 20 күнү истихаза кабыл кылынат. Кандуу күндөрдө таза болгон күндөрдүн топтому 30 ашса, биринчи 10 күн хайз болуп, кийин истимрарга чейин болгон күндөрдүн бардыгы таза кабыл кылынып, истимрардан кийин 10 күн хайз, 20 күн таза болуп уланат. Мисалы: 12 кан, кийин 20 күн тазалык, кийин кан агуу уланса бул кандуу күндөрдүн 10 күнү хайз, 20 күнү истихаза кабыл кылынат.

4) Эреже: Сахих кан жана фасид тазалык көрсө, сахих кан күндөрү хайз болот. Кийин 30 күнгө чейин тазалык кабыл кылынат.

Мисалы: 5 кан жана 14 күн тазалыктан кийин агуу уланса биринчи 5 кан жана мындан кийин 25 күн таза болот. Бул 25 күндү толуктоо үчүн истимрардын биринчи 11 күнү таза кабыл кылынат. Мындан кийин 5 күнү хайз, 25 күнү таза болуп уланат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш