Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Намаз - улуу буйрук (2)




Намаз - улуу буйрук (2)


Бир күнү Хазрети Али (радиаллаху анх ва каррамаллаху важхах) аср намазын өткөрүп жиберет. Өзүн өзү күнөөлөп катуу кайгырып, абдан сыздап ыйлап турган эле. Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи ва саллам) анын бул абалынан кабар алганда сахабалары менен бирге Хазрети Алинин (радыйаллаху анх) жанына барышты. Ахыбалын көрүп, Пайгамбарыбыз да (саллаллаху алейхи ва саллам) ыйлай баштайт. Дуба кылды. Күн кайра жогору көтөрүлдү. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Йа, Али! Башыңды көтөр, күн дале көрүнүп турат», - деди. Хазрети Али (радыйаллаху анх) муну укканда абдан сүйүндү жана намазын окуду.

Хазрети Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) бир жолу түнү бою ибадат кылгандыктан түн соңунда уктап кетет. Витир намазы өттү. Багымдат намазында Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) аркасынан мечитке чейин барып, эшигинин астында ыйлайт: «Йа, Расулаллах! Жардам бер! Витир намазымды өткөрүп жибердим», - деп ыйлап жалбарат. Расуллуллах да ыйлай баштаганда Жабраил алейхиссалам келип: «Йа, Расулуллах! Сыддыкка айт, Аллаху таала аны кечирди», - дейт.

Улуу олуялардын бири Баязыд-ы Бистами (куддиса сиррух) бир жолу таңга маал уйку басып, багымдат намазына ойгоно албай калат. Буга катуу кайгырып, тообо кылып ыйлап жаткан кезинде капысынан бир үн угат: «Эй, Баязыд! Бул кемчилигиңди кечирдим. Бул көз жаштарыңдын берекети менен сага жетимиш миң намаздын сообун бердим». Бир нече ай өткөн соң кайрадан уктап калат. Шайтан келип бутунан тартып ойготот. «Тур намазың өтүп баратат», - дейт. Хазрети Баязыд-и Бистами таң калып: «Эй, лаанаттуу шайтан! Сен кандайча мени ойготтуң. Сен адамдардын баары намаз маалын өткөрүп жиберсе, намаз окубаса экен деп самайсың. Мени эмне үчүн ойготтуң?» - деп сурайт. Шайтан мындай дейт: «Өткөндө багымдат намазын өткөрүп жибергениңде ыйлап-сыздап жетимиш миң намаздын сообун алган элең. Бүгүн ошону ойлоп, бир гана намаздын сообун алсын деп ойготтум!»

Улуу олуя Хазрети Жунайд-и Багдади мындай дейт: «Дүйнөнүн бир сааты кыяматтын миң жылынан да жакшыраак. Анткени, бул бир саатта көптөгөн жакшы амал кылсаң болот. Ал эми кыяматтагы миң жылда колуңдан эч нерсе келбейт».

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Кимде ким билип туруп, бир намазын кийинки маалдагы намазы менен бирге окуса, сексен хукба Тозокто күйөт», - дейт. Бир хукба сексен акырет жылына барабар. Акыреттин бир күнү – дүйнөнүн миң жылы.

Андай болсо эй, дин бир тууганым! Убактыңды бош, пайдасыз өткөрбө. Убакыттын баасын бил. Убактыңды жакшы иштер менен өткөр. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Кайгынын, балээнин эң чоңу - убакытты пайдасыз нерселер менен өткөрүү», - дейт. Кыямат күнү өкүнбөй, көп-көп сооп алуу үчүн намаздарыңды маалында оку! Хадиси шарифте: «Бир намазын маалында окубай, казасын да кылбай көз жумган адамдын көрүндө Тозоктон жетимиш көшөгө ачылып, кыямат күнүнө дейре азап чегет», - деп билдирилди. Намазын маалында окубаган, башкача айтканда, намаз убактысы өтүп баратканда билип туруп камаарабаган жана кайгырбаган адам динден чыгат же өлүп жатканда дүйнөдөн ыймансыз кетет. Ал эми намаз тууралуу такыр ойлонбой, эстебей, фарз катары көрбөгөн адамдын абалы кандай болот? Намазга маани бербей, аны вазыйпа деп эсептебегендер муртад, б.а., ыймансыз болорун төрт мазхабдын бардык аалымдары бир ооздон билдиришкен. (Муртад - мусулман болуп, кийин ыйманы кетип, Ислам дининен чыккан адам.) Намазын билип туруп окубай, казасын окууну ойлобогон жана бул себептен азап тартуудан коркпогон адамдын муртад, б.а., ыймансыз боло тургандыгы Хазрети Абдулгани Наблусинин «Хадикат-ун-надиййа» аттуу китебинин «Тилдин апааттары» деген бөлүмүндө жазылган.

Хазрет-и Имам Раббани «Мектубат» китебинин 1-чи томунун 275-чи катында мындай дейт:

«Силердин бул ниматка жетүүңөрдүн негизги себеби - Ислам динин үйрөтүү жана фикх өкүмдөрүн кенен түшүндүрүүңөр болду. Ал жерлерде жахалат (илимсиздик-караңгылык) орноп, бидаттар жайылган эле. (Бидат - бул Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жана Анын төрт халифасынын (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) мезгилинде жок болуп, бирок, алардан кийин динге киргизилип, ибадат катары аткарылган нерселер.) Аллаху таала сүйгөн кулдарынын сүйүүсүн силерге насип кылды, Ислам динин жайууда силерди себепчи кылды. Ошондуктан, дин маалыматтарын үйрөтүүгө жана фикх өкүмдөрүн жайууга колуңардан келгенче аракет кылгыла. Бул эки нерсе - бардык жакшылыктардын башаты, жогорулоонун каражаты жана кутулуунун себеби. Көп аракет кылгала! Дин адамы катары баргыла! Ал жердегилерге амр-и маруф жана нахй-и мункар кылып (жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарып) туура жолду көргөзгүлө! «Муззаммил» сүрөсүнүн он тогузунчу аятында: «Жаратканынын ыраазычылыгына жетүүнү самагандар үчүн бул, албетте, бир насаат», - деп билдирилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш