Ислам дини » Намаз » Теганни деген эмне?




Теганни деген эмне?


Суроо: Дин китептеринде өтө көп, өзгөчө намаз, азан, Куран окуу маселелеринде теганни кылбоо керек экендиги билдирилген. Теганни деген эмне?

ЖООП

Теганнинин сүннөт болгон бөлүгү жана харам болгон бөлүгү да бар. Сүннөт болгон теганни – бул тажвидге ылайык окуу. Харам болгон теганни – бул ырдоо, үнүн кубулжутуп түрдүү обондорду чыгаруу. Бул жерде сөздөр бузулат. Теганни кылып, сөздөрдү бузуп окуу жаиз эмес. 

Сөздөрдү бузуу дегендик – бул музыкалык нотага ылайыкташ үчүн Куран ариптерин, харекелерин созуу, хареке же арип кошуу же чыгаруу болуп саналат. Мисалы, «Алхамду лиллахи рааббил» деп «а» арибин созуу маанисин бузат. Азанчылардын дагы «Раббана лакал-хаамд» деп «а» арибин созуулары намазды бузат. Себеби, Рааб деген сөз «өгөй ата» дегенди билдирет, «Аллахыбызга хамд кылабыз» дегендин ордуна «Өгөй атабызга хамд кылабыз» деген мааниге кетип калат. Маани өзгөрбөсө намаз бузулбайт. Бирок, элиф, вав, йе деген үндүү ариптерди көп созсо маани өзгөрбөсө да намаз бузулат.

Көрүнүп тургандай  теганни сөздүн маанисин өзгөртпөсө жана ариптер эки арип созулбаса, бир гана үндү кооздоп окууну сулуулаштырса жаиз болот. Жада калса, намаз ичинде жана сыртында да мустахаб болот.

Имам амели кесир болгонго чейин теганни кылса же үч арип ашыкча кылса намазы фасид болот. [«Амели кесир» - намазды бузган көп иш, көп аракет.] (Абуссууд Эфенди фатвасы)

Намаз убакыттарын билбеген жана теганни кылып, музыкалык ноталарга салып окуган адам азан окууга ылайык киши эмес. Бул кишинин азанчылык кылуусу жаиз болбойт, чоң күнөө.

Курани каримди, зикирди, дубаны теганни кылып окуунун бир ооздон харам экендиги Беззазиййа китебинде жазылуу. Азан окуу жана убагынан мурда окуу дагы ушундай. Азан окуп жатканда бир гана «Хаййа ала...» дегенде теганни кылууга уруксат берилген. (Барика)

Татарханиййа фатва китебинде: «Бирөөлөрдү жамандаган жана шахватты козгогон  ырларды теганни менен, б.а., обондотуп окуу – харам. Харам нерсеге себеп болгон нерселер дагы харам болот», - деп жазылган. (Хадика)

Теганни менен окулган азанды, Курани каримди жана мавлиддерди тыңдоо дагы күнөө. Буларда сөздөрдү бузбастан теганни кылуу жаиз жана жакшы болот. (С.Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш