Ислам дини » Намаз » Тадил-и аркан деген эмне?




Тадил-и аркан деген эмне?


Суроо: Тадил-и аркан деген эмне? Тадил-и арканды сактабаса эмне болот?

ЖООП

Тадил-и аркан – намазда беш жерде, б.а., руку, эки сажда, кавма жана жалсада ар дене мүчөсүнүн эң аз Субханаллах дегенчелик убакыт кыймылсыз жана тынч абалда туруусу дегенди билдирет. Тадил-и арканды билип туруп таштап койсо Имам Абу Юсуфтун өкүмү боюнча намаз бузулган болот. Тарафейндин, б.а., Имам Азам менен Имам Мухаммеддин өкүмүндө бузулбайт делгени менен важиб атайын ташталып кеткендиктен намаздын кайрадан окулуусу важиб. Унутуп таштап кете турган болсо сахв саждасын орундайт.

Намаз окуганда рукуга ийилгенде бираз турбастан дароо түзөлүүгө болбойт. Кавма дагы ушундай. Б.а., рукудан турганда бираз күтүп, белди тик кармоо керек. Саждадан турганда да ушундай. Бул – тадил-и аркан. Окулуп жаткан нерселер кыймылсыз болууга кедерги болбойт. Үч жолу таспих айтканда автоматтуу түрдө күткөн болуудабыз, өзүнчө күтүлбөйт. Кавмада дагы Раббана лекел хамд деп айтуу менен күткөн болуудабыз. Рукуда жана эки саждада тадил-и аркан, б.а., Субханаллах дегенчелик убакыт туруу (күтүү) - важиб, андан көп туруу – сүннөт.

Терминдер:

Кавма – рукудан түзөлүп, эң аз бир жолу субханаллах дегенчелик туруу.

Жалса – Эки сажда арасында кыймылсыз бираз отуруу.

 «Ислам ахлагы» китебинде тадил-и арканды сактабоонун зыяндары мындайча билдирилүүдө:

1) Кедейликке себеп болот.

2) Акырет уламалары аны жаман көрүшөт.

3) Адилеттиктен чыгып, күбөлүгү дин боюнча кабыл болбойт.

4) Намаз окуган жери кыямат күнү ага каршы күбөлүк кылат.

5) Бир адам тадил-и аркансыз намаз окуп жатканда башка бирөө муну көрүп эч нерсе айтпаса күнөөкөр болот.

6) Ошол намазды кайра окуусу важип болот.

7) Ыймансыз өлүүсүнө себеп болот.

8) Намазда уурулук кылган болот.

9) Окуган намазы эски чүпөрөк сыяктуу жазалоо күнүндө бетине урулат.

10) Аллаху тааланын мээриминен куру калат.

11) Аллаху таалага жалбарууда адепсиздик жасаган болот.

12) Намаздын чоң сообунан куру калат.

13) Башка ибадаттарына сооп берилбөөсүнө себеп болот.

14) Тозокко ылайыктуу болот.

15) Жахилдердин аны көрүп тадил-и арканды таштоолоруна себеп болот. Ошондуктан, дин адамынын күнөө кылуусу көбүрөөк азап чегүүсүнө себеп болот.

16) Имамына каршы чыккан болот.

17) Буга чейинки кылган сүннөттөрү ташталган болот.

18) Аллаху тааланын ачуусуна дуушар болот.

19) Шайтанды кубанткан болот.

20) Жаннаттан узак болот.

21) Тозокко жакын болот.

22) Өзүнө зулумдук кылган болот.

23) Өзүн-өзү булгаган болот.

24) Оң жана сол жагындагы периштелерге жабыр тарттырган болот.

25) Расулуллахты "салаллаху алейхи васаллам” таарынткан болот.

26) Бардык жаратылышка зыяны тиет. Себеби, бул адамдын күнөөсүнүн айынан жамгыр жаабайт, жерге эгин чыкпайт жана жамгыр мезгилсиз жаап, пайда келтирүүнүн ордуна зыянын тийгизген болот.

Суроо: Өтө тез намаз окугандар болууда. Минтип тез окулган намаз сахих болобу?

ЖООП

Намазды тез окуган адам эгер кырааты туура болсо жана тадил-и арканды сактай алып жаткан болсо намаздары сахих болот. Бирок, жалпысынан намазын тез окуган адам тадил-и арканга маани бербейт. Кавма менен жалсада белин толук түздөбөйт. Тадил-и арканды сактоо – важиб. Намаздын важибдеринен бири ташталып кетсе ал намазды кайрадан окуу важиб болот.

Бул жагынан алып караганда шашылбастан, парзына, важибине, сүннөт жана адептерине маани берүү менен окуу керек. Василат-ун-нажат китебиндеги хадиси шарифтерден бир нечеси мындай:

«Уурулардын эң чоңу – намаздан уурдаган. Б.а., намаздын арканын сактабайт, руку жана саждаларын толук орундабайт.»

«Алтымыш жыл намаз окуса да намазы кабыл болбогон бирөө бар, ал намазда руку жана саждаларды толук орундабайт.»

«Намаз окуган көп адам бар, намаздарынан ондо бирден артык жазылбайт. Ар кимдин намазында көңүлдүн даяр болгон бөлүктөрү жазылат.»

«Көңүл менен окулбаган намазга Аллаху таала назар салбайт.»

«Намаз – ыймандын башы, диндин тиреги, момундун миражы, көктүн нуру жана Жаханнамдан куткаруучу.»

Ошондуктан, динибиздин тиреги болгон намазды окуп жатканда шашылбоо керек, Аллаху тааланы унутуудан алыс болуп окууга аракет кылуу керек.

Индустандын улуу аалымдарынан болгон Абдуллах Дехлеви хазреттери мындай деген: «Бир киши мечитте кавма жана жалсада туманинатсыз намаз окуп, Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) жанына келди.

- Ассаламу алейка йа Расулаллах, - деди.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) анын саламына жооп берип, кийин:

- Намазыңда окуп кел, - деп буюрду. Ал киши барып намазын мурунку окугандай окуп, Пайгамбарыбыздын куттуу жанына келди. Расулуллах алейхиссалам кайра:

- Намаз оку, сен намаз окубаган сыяктуусуң, - деди. Ал киши кайрадан барып намаз окуду. Расулуллах алейхиссалам ага кайра: «Намазыңды оку, сен намаз окуган жоксуң», - деди. Ошондо ал киши: «Йа, Расулаллах! Мен билгендей намазымды окудум», - деди. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ага кавма жана жалсада туманинатка (тадил-и арканга) маани берип намаз окуусун буюрду. Бир киши бир намаз окуу менен он намаз сообуна жетет. Бири тогуз, бири сегиз, ушинтип бир намаз сообун алгандар да болот. Дагы бири намаз окуйт, бирок, эч сооп ала албайт.» (Дурр-уль-маариф)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш