Ислам дини » Намаз » Транспорттордо намаз окуу




Транспорттордо намаз окуу


Суроо: Транспорттордо намаз окууга болобу?

ЖООП

Дени соо кишинин кеме, поезд, учак жана автобус сыяктуу транспорттордо парз намаздарды отуруп окуулары жаиз эмес. Бирок, таяммум кылуу үчүн керек болгон кечиримдүү себептер бар болсо жаиз. (Халеби, Раддул Мухтар)

Зарыл болгон кечиримдүү себептер мына булар:

Мал-оокаттын, жандын, жаныбардын коркунучта болуусу, түшкөндө жаныбардын же жанындагы буюмдун, мал-оокаттын уурдалуусу, жырткыч айбан, душман, жерде балчык болуусу, жамгыр болуусу, оорулуунун түшүүдө жана минүүдө сакайуусунун кечигүүсү же оорусунун күчөөсү, достору күтпөй калтырып кетип коркунучта калуу абал болсо, түшкөндөн кийин жаныбарга бирөөнүн жардамысыз кайра мине албай калуу сыяктуу себептер кечиримдүү себеп болуп саналат.

Мындай кечиримдүү себеп менен транспорт ичинде има (кыймыл аракет) менен намаз окуу жаиз болот. Намазда отургандай же креслонун үстүндө отуруп кыбылага карап намаз окулат.

Жогоруда билдирилген кечиримдүү себептер жок болсо транспортто отуруп намаз окулбайт. Автобус токтогон жерлерде окууга болот. Же болбосо автобусту токтотуп намаз окулат. Токтото албаса түшүп, намаз окуп, кайра башка транспорт менен жолун улантат. Биринчи автобуска түшүп жатканда «Намаз убакыттарында жолдо токтосоңуз сизден билет алайын» деп соодалашып алып отуруу керек.

Эгер бул дагы мүмкүн болбосо башка үч мазхабдын бири таклид кылынып эки намаз жам кылынат (бириктирип окулат).

Жүрүп бараткан кемеде парздарды кечиримдүү себепсиз отуруп окуу эки имамга карата жаиз эмес. Баш айланса кечиримдүү себеп болот.

Деңиз ортосунда токтоп турган кеме шамалда катуу чайпалып жаткан болсо жүрүп бара жаткан кеме сыяктуу болот. Эгер көп чайпалбаган болсо, жээкке жанашкан болсо парз намаздарды отуруп окуу жаиз болбойт.

Жүрүп бараткан кемеде намазга туруп жатканда кыбылага карап туруш керек жана кеме бурулганда кыбылага бурулуш керек.

Сапардагы киши пароходдо жана поездде парз намазга кыбылага карата туруп, сажда кыла турчу жерге жанына компас коюп, кеме, пароход жана поезд бурулган сайын өзү дагы кыбылага карата бурулуп туруусу керек. Же болбосо, башка бирөө аны оңго-солго буруп туруусу керек. (С.Эбедиййе) Намазда көкүрөгү кыбыла тараптан башка тарапка бурулуп кетсе намазы бузулат. Себеби, пароход жана поезд үй сыяктуу. Мингич жаныбар сыяктуу эмес.

Автобуста, поездде, толкундуу деңизде кыбылага бурула албаган кишинин парз намаздары жаиз болбойт. Булар жолдо сафари абалда жүргөн убакыт бою Малики, Шафии же Ханбалини таклид кылып (б.а., ошол мазхабдын өкүмдөрүнө уюп) эки намазды жам кылып окуй алышат.

Суроо: Окуучулар менен экскурсияга чыгабыз. Машинада намаз окушум керек болуп калуусу мүмкүн. Кандай кылам?

ЖООП

Мажбур болмоюнча машинада окубаңыз. Эки намазды жам кылып окуңуз. Эгер машинада окууга мажбур абалда кала турган болсоңуз малдаш токунуп же тизелеп отурушуңуз керек. Бут кийимиңизди чечишиңиз керек. Кыбылага карата има менен окулат.

Машинада намаз

Суроо: Жолдо токтобостон жүрүп бара жаткан автобустан түшүү мүмкүн болбосо багымдат намазын кыбылага карата кантип окусам болот?

ЖООП

Жолдордун баары эле ийри-муйру эмес, түз жолдо бара жатканда ансыз да эки рекет намаз окуйсуз, эң кыска сүрөлөрдү окуйсуз, кыбылага карап ушундайча окуй аласыз.

Эгер бешим намазын да окуу мүмкүндүгү болбой турган болсо, анда асыр маалында автобустан түшкөндө эки намазды жам кылсаңыз болот. Сафари кезде Шафии, Малики же Ханбали мазхабы таклид кылынып эки намаз жам кылынат. Эгер сафари эмес муким болсо эки намазды жам кылуу керек болгондо Ханбали мазхабы таклид кылынып окулат.

Суроо: Машинамда зарыл болуп калса даарат алайын деп өзүм менен бирге суу алууну ойлодум. Бир гана парз болгон жерлерди жуусам жаиз болобу?

ЖООП
Жаиз болот. Бир жолу жуусаңыз да болот, үч жолу жууш шарт эмес. Мындайча айтканда, бир кичине баклажкадагы суу менен ырахат даарат алууга болот.

Суроо: Учак менен учуп баратканда бир намаз убакытысы чыга турган болсо эмне кылышым керек?

ЖООП

Учакта намаз окулат. Эгер учакта намаз окуу мүмкүндүгү жок болуп, намаз убактысы да чыгып кете турган болсо калган үч мазхабдан бирин таклид кылып эки намазды жам кылып «такдим» же «техир» кылып окуш керек. (Такдим кылуу алдыга жылдыруу дегенди түшүндүрөт, мисалы, асырды бешимге, куптанды шамга. Техир кылуу болсо кийинкиге жылдыруу дегенди түшүндүрөт, мисалы, бешимди асырга, шамды куптан убактысына). Багымдат намазы жам кылынбайт. Эгер багымдат намазы киргенде учакка отуруп же учактан түшкөндө күн чыгып кете турган болсо намазды казага калтыруу харам болгондуктан, учактын арт жактарында бир орунга барып окуш керек. Өйдө туруп окуу мүмкүн болбосо отуруп жерге сажда кылып окуш керек. Эгер сажда кылуу мүмкүндүгү да болбосо ошондо гана има менен (кыймыл аракет) менен окуса болот.

Суроо: Учакта намазды има менен окуса болобу?

ЖООП

Автобус сыяктуу.

Суроо: Учак менен АКШга кетмекчимин. Бешим намазы кире электе Стамбулдан чыккан болом. Бешим намазын кантип окуйм?

ЖООП

Эки жол бар:

1- Учакта окуса болот. Арт жакта өйдө туруп окуу мүмкүндүгү бар. Эки рекет парзын гана окуйсуз, болгону ушул.

2- Эгер учакта өйдө туруп окуу мүмкүндүгү болбосо түшкөндө асыр менен жам кылып окуп алам деп чечим чыгарасыз. Учактан түшкөндө Малики мазхабын таклид кылып, сүннөт окубастан эки рекет бешим, эки рекет асыр намазын арты-артынан бирге окуйсуз.

Эскертүү: Асыр убактысында да Америкага жете албай турган болсоңуз, өйдө туруп окуу мүмкүндүгүңүз да болбосо анда учактын отургучунда тизелеп же малдаш токунуп отуруп има менен намазыңызды окуй аласыз. Келе жатканда ансыз деле ушинтип окууга мажбурсуз. Себеби, убакыттар асманда өтөт.  

Суроо: Намазды автобуста отуруп окууга мажбур болсок автобустун токтоп турган болуусу керекпи?

ЖООП

Эгер токтогондо окуп алуу мүмкүндүгү бар болсо анда токтогондо окуш керек. Эгер токтобой турган болсо анда жүрүп баратканда да окуса болот.

Пароход жана поездде намаз

Суроо: Жолдо кетип баратканда пароходдо же поездде кыбыланы кароо шартпы?

ЖООП

Ооба, кыбыланы кароо шарт. Сафари болгондо төрт рекеттүү парздар эки рекет окулат. Эки рекет намаз окуганга чейин пароходдун, поезддин багыты жалпысынан өзгөрбөйт. Эгер оңго-солго бурулса кыбылага карап туруп, сажда кыла турчу жерге жанына компас койуусу керек. Пароход же поезд бурулган сайын өзү да кыбылага карап туруусу керек. Же аны башка бирөө кыбылага буруп туруусу керек. Пароход жана поезд үй сыяктуу болгондугу үчүн намазда көкүрөк кыбыладан башка тарапка бурулуп кетсе намаз бузулат. Мындай транспорттордо кыбылага карай албагандардын парз намазы сахих болбойт. Булар жолдо сафари убакыт бою барган жерлеринде калган үч мазхабдан бирин таклид кылып эки намазды жам кылып окуй алышат. Сафари кезде жолдо окуй алышпаса барган жерлеринде муким болгондо Ханбали мазхабын таклид кылып жам кылып окуй алышат.

Суроо: Жер шарынын айлануу ылдамдыгынан да тез учкан учак менен, мисалы, Экватордон жарым саатта жер шарын бир тур айлана ала тургудай уча турган болсо намаздар кантип окулат?

ЖООП

Убакыт намаздын шарты. Убакыт киргенде намаз окуу парз болот. Түштүк же түндүк багытында учса өзгөрчү нерсе жок. Бир меридианда учкан болуп саналат. Чыгышка да, Батышка да учса 30 мүнөт ичинде багымдат, бешим, асыр, шам жана куптан намаздарынын убакыттары арты артына дароо кирип-чыгат. Бир намазды окуганга чейин убакыт чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, эки намазды жам кылып окуу ылайык болот. Эгер учактын өтө тез учуусунан улам намазды казага калтырсак күнөө болбойт. Учактан түшкөндө убакыт кирсе дагы окулбаган намаздардын казалары окулат.

Кеме ватан болбойт

Суроо: Кемебиз Балыкчыда ремонтто турса, качан чыга тургандыгыбыз так белгисиз дейли. Ремонту бүтөр замат Караколго кетүүнү пландадык. Караколдо да канча убакыт кала тургандыгыбыз белгисиз. Жээкте токтогон абалда балким бир ай, балким андан да көп калышыбыз мүмкүн. Бул абалда намаздарды кантип окуш керек?

ЖООП

Кеменин капитаны же башка бир жоопкер «Бул жерде 15 күндөн да көп калабыз» десе жерге түшкөндө муким, кеменин ичинде сафари болот. Кеме ватан болбойт. Минтип айтмайынча ошол убакыт бою сафари окулат.

Транспорттордо намаз кантип окулат?

Суроо: Учак, кеме, поезд жана автобуста намаз окуу жаизби?

ЖООП

Баарынын өкүмү бирдей эмес. Мисалы, учакта намаз убактысы чыга турган болсо учактан түшүүүгө болбойт. Кемеден да түшүүгө болбойт. Поездден бир станцияда түшүүгө болот. Автобустан түшүү дагы да жеңил. Кайсы транспорт болсо болсун намазды казага калтырбай тургандай кылып иштер, сааттар тууралануусу керек. Баарына тең бөлөк-бөлөк мисал берели:

Учакта: Бара турчу жер жакын болуп, 1-2 саат уча турган болсо учакта отуруп намаз окуунун кереги жок. Конгондо эки рекет намазды жам кылып окуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер багымдат намазы киргенде учакка отуруп же түшкөндө күн чыга турган болсо намазды казага калтыруу харам болгондуктан учактын арт жагында бир орунга барып, өйдө туруп окуу мүмкүн болбосо отуруп ырахат намаз окуп алса болот. Има менен (кыймыл аракет менен) окууга зарылчылык болбойт.

Учакта да кыбыланы кароо шарт. Учак зигзаг учупагандыктан кыбыла көп өзгөрбөйт. 10 же 20 градус өзгөрсө да кыбыла багытына таасир кылбайт. Мисалы Бишкектен Ташкентке учкан киши учактын учуу багытына карата намазын окуйт. Ташкенттен Бишкекке карай учкан киши болсо учактын арткы багытына карай бурулуп намазын окуйт. Кыскасы, кыбыла багытын аныктап, учуп бара жаткан учактын кайсы тарабында болсо ошол тарапка бурулуп намазды окуу керек.

Кемеде: Сүзүп бараткан кемеде учактагыдай эле кыбылага бурулат, намазды өйдө туруп окуй албаса отуруп окуйт. Има менен окууга зырылчылык болбойт.

Поездде: Станцияларда токтогон кезде туруп намаз окууга болот. Кээ бир станцияларда түшүп окуу мүмкүнчүлүгү болот. Поезд ичинде да өйдө туруп окуй албаса отуруп окуу жаиз. Ичинде да отуруп окуу мүмкүнчүлүгү болбосо поездден түшкөндө эки намаз жам кылынат.

Автобуста: Автобус учак, кеме жана поезд сыяктуу эмес. Автобуска отуруудан мурда шоопур менен келишип алууга болот. Мисалы, «Эгер намаз убактысында бир жерде токтосоңуз билетти сиздин фирмадан аламын» деп айтса болот. Убада бергенине карабай намаз убактысында автобус токтобосо ылайык болгон бир жерде түшүп намаз окуп алып, башка бир автобус менен сапарды  улантуу керек. Жанында оорулуу киши бар болсо автобустан түшкөндө эки намазды жам кылып окуса болот. Жам дагы кыла албай тургандай мажбур абалда болсо автобуста, коридордо отуруп намаз окуса болот. Буга да мүмкүнчүлүк болбосо отурган жеринде буттарын жыйнап има менен окуйт. Кыбылага бурулу алганчалык бурулуусу шарт.

Ибни Абидин хазреттери мындай деген: «Дени сак бирөөнүн кемеде, поездде жүрүп баратканда парздарды отуруп окуусу Имам Азамга карата жаиз болгону менен Имамейнге (Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммед) карата кечиримдүү бир себепсиз жаиз эмес. Фатва дагы ушундай.» (С. Абадиййа)

Демек, кечиримдүү бир себеп бар болсо отуруп окуу жаиз болууда. Кечиримдүү бир себеп болбосо отуруп окуй албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш