Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Асыр менен куптандын алгачкы сүннөттөрү




Асыр менен куптандын алгачкы сүннөттөрү


Суроо: Асыр намазынын сүннөтүн окубаган молдодон эмне үчүн окубагандыгын сураганда: «Пайгамбарыбыз асыр намазынын сүннөтүн дайыма окучу эмес, көбүнчө таштачу. Биз дагы Анын сүннөтүн орундоодобуз. Себеби, Анын кылганын кылуу, кылбаганын кылбоо бизге сүннөт», - деп айтты. Мындай нерсе барбы?

ЖООП: Мындай нерсе жок. Минтип ойлонуу жаңылыштык. Расулуллах алейхиссаламдын кылгандарын кылуу сүннөт, кылбагандарын кылбоо сүннөт болбойт. Ислам аалымдары: «Сооп алып келе турчу ишти кылуу сүннөт, сооптон куру иш кылуу сүннөт болбойт», - дешкен. Эки мисал келтирели:

1-Расулуллах учакка отурбагандыгы үчүн учакка отурбоо сүннөт болот деп айтуу жаңылыш.

2-Расулуллах компьютер колдонбогондуктан биздин да компьютер кодонбообуз сүннөт боло албайт.

Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) бардык кылган иштерин кылуу, кылбаган иштерин кылбоо керек эмес. Башкача айтканда, Расулуллахты бардык нерседе таклид кылуу (тууроо) жаиз болбойт. Себеби, Мавахиб-и Ладуниййа китебинде билдирилгенине караганда бир гана Пайгамбарыбыз алейхиссаламга тийиштүү парздар жана харамдар бар. Мисалы, курмандык чалуу, кушлук намазы, багымдат намазынын сүннөтү менен түнү намаз окуу, мисвак колдонуусу, кеңешүү менен иш кылуусу, көргөн жерде жана мезгилде жаман болгон бир ишти өзгөртүүсү, баштаган ишти бүтүрүүсү бир гана Пайгамбарыбызга тийиштүү парздар эле. Расулуллахка тийиштүү харамдар да бар. Китеп ахли болгон аял менен үйлөнүүсү, зекет, садага алуусу харам эле. Бай болсо да зекет берүүсү парз эмес эле. Азыр акылы тайкы бирөө чыгып «Пайгамбарыбыз зекет берчү эмес, ошондуктан, мен дагы ага уйуп сүннөт болсун деп зекет бербейм» деп айтса туура болобу? Бул маселеде көп мисалдар бар.

Мавахиб китебиндеги бир канча мисалды билдирели:

1-Расуллах алейхиссалам төрттөн артык аял менен үйлөнгөн. Ага уйуу үчүн төрттөн артык аял менен үйлөнүү сүннөткө моюн сунгандык болбойт, тескерисинче, арам болот.

2-Расулуллах алейхиссаламдын жазуу жазуусу арам эле. Бир аяти кариманын мааниси мындай:

«Аллахка жана Анын үмми наби болгон Расулуна моюн сунгула, туура жолду табасыңар.» (Араф 158)

Расулуллахка моюн сунуу үчүн жазуу жазбоо сүннөткө моюн сунуу боло алабы?

3-Мурас калтыруусу арам эле. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Биз, Пайгамбарлар мурас калтырбайбыз. Бизге эч ким мураскор боло албайт.» (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи) (Мурас калтырбоо сүннөткө моюн сунгандык болбойт.)

4-Пияз, сарымсак сыяктуу жагымсыз жыттуу нерселерди жеш Пайгамбарыбыз үчүн арам эле. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Жаныма периште келгендиктен пияз, сарымсак жебейм.» (Хаким) (Расулуллахка уйуу үчүн пияз, сарымсак жебегендик сүннөткө баш ийгендик болбойт.)

5-Ыр айтуусу арам. Бир хадиси шарифтин мааниси: «Ыр айтуу мага арам.» (Абу Давуд)

(Ыр окубоо сүннөттү кармангандык болбойт. Эгер андай болгондо көптөгөн аалымдар жана олуялар ыр жазышмак эмес.)

6-Карыздар болуп өлгөн момундун карызын төлөө ага парз эле. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Өлгөн момундун карызы бар болсо аны төлөө менин үстүмө парз.» (Муслим) (Расулуллахка уйуу үчүн өлгөн адамдардын карыздарын төлөөбүз керек эмес.)

7-Расулуллахтын зекет алуусу арам. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Биздин зекет алуубуз адал эмес.» (Тирмизи, Абу Давуд)

Имам Мунави хазреттери мындай деген:

«Пайгамбарларга зекет парз эмес. Себеби, зекет мал-мүлктүн кирин тазалоо үчүн. Пайгамбарлар болсо кирдөөдөн масум (таза), жер жүзүндө Аллахтын эң ишенимдүү жараткан инсандары.» (Жами-ус-сагир шархы)

Расулуллахка уйуу үчүн бай кишинин зекет бербөөсү сүннөттү кармануу болуп саналбайт, арам болот. Мындай мисалдар көп. Расулуллах гайри муаккад сүннөттөрдү кээде таштагандыгы үчүн биздин да таштап койуубуз Ага моюн сунгандык болбойт, Анын буйругуна каршылык болот. Себеби, Ал намаз окугула деп буюрууда, намазды таштагыла деген жок.

Суроо: Асырдын сүннөтүн кээде таштап койуунун зыяны жокпу? Сүннөттөр окулбаган парздарга кошулабы?

ЖООП: Раддул-мухтар китебинде: «Ар сүннөт нафил, бирок, ар нафил сүннөт эмес», - делген. Асыр менен куптандын гайри муаккад сүннөттөрү калган муаккад сүннөттөр сыяктуу нафил ибадат. Парз намаздар ичинде сүннөттөрдө бир кемчилик болсо бул кемчиликтер нафил намаздар менен толукталат. Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Кыяматта алгач намаздан суралат. Намаз туура окулган болсо кутулат. Намазы туура эмес болсо иши жаман. Парз намазында бир нерсе кемчиликтүү болсо нафилдер менен толукталат.» (Хаким)

«Бир адам намазын толуктабаган болсо ал намаздын үстүнө толукталганга чейин нафил намаздары кошулат.» (Дарими)

«Намаз, зекет жана башка парздардагы бир кемчилик нафилдер менен толукталат.» (Байхаки)

Адамдын даражасы канчалык бийик болсо болсун кемчиликсиз иш кыла албайт. Андай болсо, бул нафилдер парздарда кетирилген кемчиликтерди толуктайт. Нафил кылуу парздагы кемчиликтерди толуктоо үчүн буйрук кылынган. Кутулуу парздарды кемчиликсиз орундагандыкта. Өзгөчө намаз өтө маанилүү. Себеби, Аллаху таала: «Намаз эсебинин алдынан тура алсаң кутулуу сеники. Калган эсептерди жеңилдетем», - деп буюрууда. (Умдат-уль-Ислам)

Андай болсо парз намаз казасы болбогон адам парз намаздардагы кемчиликтеринин толукталуусу үчүн нафил намаздарды окууну улантуусу керек!

Асыр намазынын сүннөтү гайри муаккад болуу менен бирге пазилеттүү нафил намаз болуп саналат. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган: 

«Асырдын парзынан мурда 4 рекет намазды дайым окуган адамга Жаннатта бир аксарай берилет.» (Абу Йала)

«Асырдын сүннөтүн окууну уланткан адам кечирилет.» (Абушшейх)

«Асырдын сүннөтүн окуган адамдын денеси Жаханнамга арам.» (Табарани)

«Мунафык асыр намазын шамга аз гана убакыт калганга чейин кечиктирет.» (Хаким)

«Асырдын парзынан мурда төрт рекет окуганга Аллах рахмат кылсын!» (Тирмизи)

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) дубасы албетте кабыл болот. Андай болсо бул дуага жетүү үчүн асыр намазынын сүннөтүн дайым окууга аракет кылуу керек. Себеби, Аллах алдында эң жакшы амал - дайыма орундалган амал. Хадиси шарифтерде мындай делген: 

«Аллах алдында эң баалуу амал - аз болсо да дайыма орундалган амал.» (Бухари)

«Эй, адамдар, күчүңөрдүн жеткенинче ибадат кылгыла! Силер кылган амалыңардан чаалыкмайынча Хак таала силерге сооп берүүдөн чаалыкпайт. Аллахтын эң көп жактырган амалдарынан бирөө – аз, бирок, үзгүлтүксүз оундалган амал. (Муслим)

Үзгүлтүктүү орундалган ибадаттар Аллахтын алдында сүйкүмдүү болбойт. Атүгүл, Аллаху тааланын жактырбоосуна (ачуусуна) дуушар болот. Хадиси шарифте мындай делген:

«Кимде ким бир ибадатты Аллах үчүн дайыма орундап жүрүп андан чаалыгып бул амалын таштап койсо Аллаху таала ага катуу ачууланат.» (Ибни Сунни)

Аллаху тааланын ачуусу катуу. Бир зарыл жагдай болмоюн ибадаттарды кээде кылып, кээде таштап койбоо керек. Хак таала сөзсүз көп амал каалаган жок, «Салих амал кылгыла», - деп буюрууда. Аз болсо да дайыма үзгүлтүксүз  болгон салих амалдарды сүйөт. Ошондуктан, Раббибиз сүйгөн амалдарды кылууга аракет кылуу керек. (Анвар-уль-Кудсия)

Куптандын алгачкы сүннөтү

                Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссалам өмүрүнүн акырына чейин намаз окуган жокпу? Намаз убакыттары, парз жана сүннөт намаздар белгилүү эмеспи? Мазхабсыз бир киши: «Куптандын алгачкы сүннөтүнө тийиштүү бир далил жок, муну мазхаб имамдары ойдон чыгарышкан», - дейт. Мунун оюнча мазхаб имамдары намаз ойлоп чыккыдай дин душманы беле?

ЖООП: Бул – мазхаб имамдарыбызга карата кылынган өтө чоң жалаа. Минтип айтуу менен ал өзүнүн мазхаб имамдарына уйбагандыгын, мазхабсыз экендигин ачык билдирүүдө. Мазхабыбыз «Куптандын алгачкы сүннөтү бар» деген болсо бар. Албетте, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүрүнүн акырына чейин окуган жана кантип окугандыгын бардык Асхабы кирам көрүп билдиришкен, мазхаб имамдары болсо бул өкүмдү негиз катары алышкан. Алгач фыкых китептериндеги мазхабыбыздын өкүмүн карайлы:

Куртан намазынын парзынан мурда төрт, парздан кийин эки же төрт рекет намаз окулат. Даримиде билдирилген хадиси шарифте Хазрети Айша энебиз: «Расулуллах алейхиссалам куптандын парзынан мурда жана кийин төрт рекет намаз окуп жатчу», - деп кабарлаган. (Аль-фыкх-у алаль-мазахиб-иль-арбеа)

Куптандан мурда жана кийин окулган төрт рекет намаз – гайри муаккад сүннөт. Мунун далили – Хазрети Айша энебизден риваят кылынган мына бул хадиси шариф: «Расулуллах алейхиссалам куптандын парзынан мурда жана кийин төрт рекет намаз окуп жатчу.» (Маракыл-Фалах)

Куптандын парзынан мурда төрт рекет намаз окуу мустахаб. (Дурр-уль мухтар)

Имдад китебинде Ихтиярдан накыл кылынып мындай делинген: «Куптандан мурда төрт рекет намаз окуу мустаахаб.» (Ибни Абидин)

Куптандын парзынан мурда төрт рекет сүннөт окулат. (Кудури)

Куптандын парзынан мурдагы төрт рекет сүннөт гайри муаккада. (Мажмуа-и Зухдиййа)

Куптандан мурда окулган төрт рекет намаз гайри муаккад сүннөт. (Аль-Мавсили, Аль-Ихтияр)

Куптандан мурдагы сүннөт болсо төрт рекет. Муну эки рекет кылуу да жаиз. Бул төрт рекет сүннөт мустахаб. (Халеби)

Куптандын парзынан мурда жана кийин төрт рекет сүннөт окуу мандуб. Канзда да ушундай. (Хиндиййа)

Асырдын алгачкы сүннөтү куптандын алгачкы сүннөтүнөн да пазилеттүү. (Дарими билдирген хадиси шарифте) Хазрети Айша энебизден:

«Расулуллах куптандын парзынан мурда төрт, парзынан кийин да төрт рекет окуп жатчу», - делген. (Нимат-и Ислам)

 Дагы башка хадиси шарифте мындай делген:

«Ар азан менен коомат арасында бир нафил намаз бар.» (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Несаи)

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Ар эки азан арасында намаз бар, ар эки азан арасында намаз бар, каалаган окусун!» - деп буюрган. Шарх-и Масабихте бул хадиси шарифтин намаз менен коомат арасында нафил намаз окууга үндөө үчүн болгондугу билдирилген. Азан менен коомат арасында кылынган дуба бул убакыттын кадыры себебинен кайтарылбайт. Имам Азам хазреттери шам намазынан мурда нафил намаз окулуусуна макрух деген. Себеби, Бурайдатуль Аслами билдирген хадиси шарифте: «Ар азандан кийин эки рекет нафил намаз бар. Бир гана шам намазында жок»,- деп буюрулду. (Шира шархы)

Фыкых илиминде парздан башка намаздар нафил деп аталат. Сүннөттөр да нафил намаздар. Бул хадиси шарифтин дагы куптандын парзынан мурда окулган сүннөткө далил болгондугун Ханафи аалымдары билдиришкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш