Ислам дини » Намаз » Тахажжуд намазы




Тахажжуд намазы


Суроо: Тахажжуд намазын окуу үчүн алгач уктап, кийин туруу шартпы? Каза намаздары бар адам тахажжуд окуй алабы? Түнү туруп намаз окуунун мааниси кандай?

ЖООП

Тахажжуд намазы – түндүн үчтө экиси өткөндөн кийин имсак (фаджр) убактысына чейин окулган нафил намаз. Тахажжуд деген сөз «уйкуну таштоо» дегенди түшүндүрөт. Тахажжуд окуу үчүн уктап, кийин туруунун шарт экендигин билдиргендер бар болгон. (Шира шархы)

Нафил намаздарды түнү окуу дагы да пазилеттүү. Себеби, түнү уктоо кыйын. Хадиси шарифте: «Эң баалуу ибадат кыйынчылыктуу болгону», - деп буюрулду. (М.Фалах, Ибни Асир, Нихая)

Тахажжуд намазы күндүз окулган миң рекеттен да пазилеттүү. Бир саат илим үйрөнүү [мисалы илмихал окуу] түндү ибадат менен өткөрүүдөн да көп сооп. (Дурр-уль-мухтар)

«Амалдардын баалуусу – аз болсо да үзгүлтүксүз дайыма кылынганы» хадиси шарифи кыйынчылыктуу ибадатты анда-санда кылгандын ордуна кыйынчылыгы аз болгонду үзгүлтүксүз кылуунун андан да пайдалуу болгондугун билдирүүдө. (Байхаки)

Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Түнү соордо окулган эки рекет намаз дүнүйөдөн жана ичиндегилерден да баалуу. Эгер кыйын келбей тургандыгын билгенимде түнкү намазды үммөтүмө парз кылмакмын.» [Муслим]

«Парздардан кийин эң пазилеттүү намаз – түнкү намаз.» [Муслим]

«Күндүз кайлула кылып тахажжудга, соорго туруп болсо да орозого жардам кылгыла!» [Ибни Мажа]

«Жаннатта ошондой көрктүү сарайлар бар, булар таттуу тилдүү болгон, саламды жайган, тамак жедирген, көп орозо кармаган жана түнкү намазды окугандарга берилет.» [Ибни Наср]

«Түндүн акырында окулган эки рекет намаз дүнүйөдөн жана дүнүйөдөгүлөрдөн кайырлуу. Үммөтүмө кыйын келбей тургандыгын билгенимде аларга тахажжудду мажбур кылмакмын.» [Муслим]

«Жамаат менен намаздарын окуган адам түнкү намазга тургандай сооп алат.» [Тирмизи]

«Куптан же багымдат намазын жамаат менен окуган адам түнкү намаз окугандай соопко жетет.» [Хатиб]

Түнкү намазды окууну уланткыла! Бул силерден мурдагы салихтердин адаты. Түнкү намаз – Аллахка жакындатуучу, күнөөлөрдөн алыстатуучу жана аларга кафарат. Денеге да саламаттык.» [Хаким]

«Жабраил алейхиссалам түнкү намазды ушунчалык сунуштады, өтө аз уктагандардын үммөтүмүн кайырлуулары болгондугун түшүндүм.» [Дайлами]

«Рамазанда ишенип жана сообун үмүттөнүп түнкү намазын окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.» [Бухари] (Таравих намазын окуган адам дагы түнкү намазды окуган болот.)

«Төө же кой саам убактысынчалык болсо да түнкү намазды окуу керек. Куптандан кийин жатардан мурда окулган намаз түнкү намаз болуп саналат.» [Абу Нуайм]

«Тахажжуд окуу адаты болуп туруп уктап калган адамга Аллаху таала окугандай сооп берет, уйкусу болсо өзү үчүн бир садага болот.» [Насаи]

«Саламды жайып, ачкаларды тойгузуп, сыла-и рахим кылып, түндөрү баары уктап жатканда намаз окусаңар саламатта Жаннатка киресиңер.» [Тирмизи]

«Момундун кадыры түнкү намазын окууда.» [Хатиб]

«Тахажжуд күнөөлөрдү кечиртет жана ооруларга шыпаа берет.» [Тирмизи]

«Түнкү намазын окугандардын жүзү сулуу болот.» [Рыяд-ун Насыхин]

«Кыш – момундун жазы. Күндүзү кыска, орозо кармайт; түндөрү узун, ибадат кылат.» [Байхаки]

«Түндүн акырында ойгоно албай тургандыгынан корккон адам түндүн башында витирин окусун! Кийин жатсын! Түндүн акырында ойгоно тургандыгын үмүт кылган адам витирди ошол убакта кылсын! Себеби, түндүн соңундагы турууда рахмат периштелери дайын болот.» [Муслим]

«Түнү соор убактысында жана намаздардан кийин кылынган дуба кабыл болот.» [Тирмизи]

«Соор убактысында Аллаху таала буюрат; Истигфар кылган жокпу, аны магфират кылайын! Сураган жокпу, сураганын берейин, дубасын кабыл кылайын!» [Муслим]

Аллаху таала жакшыларды мактап: «Алар соор маалында истигфар кылышат», - деп айтууда. (Зарият 18)

Хазрети Якуб уулдарына: «Силер үчүн соор убактысы Раббиме истигфар кыламын», - деди. (Юсуф 98)

Ал-и Имран сүрөсүнүн 17-аятында сабыр кылгандар, садыктар [сөз, иш жана ниеттеринде туура болгондор], намаз окугандар, зекет бергендер жана соордо истигфар кылгандар макталууда. Беш убак намазды тадили аркан менен жана жамаат менен окуу керек! Тахажжуд намазын окуп, соор убакыттарын истигфарсыз өткөрбөө керек, гафилдикке чөмүлбөй, өлүмдү жана акыретти ойлонуу керек, харамдарды таштап, акыретке жүзүн буруу керек. (Мек.Масумиййа)

Аллаху таала Муса алейхиссаламга: «Мен үчүн ибадат кыл!» - деп буюрганда, Хазрети Муса: «Йа, Рабби, сага кабыл болуусу үчүн качан ибадат кылайын?» - деп сурады. Жанабы Хак: «Түнү намаз оку!» - деп буюрду. (Эй балам Илмихалы)

Тахажжуд намазы өтө пазилеттүү болсо да нафил намаз. Өмүрүндө эч тахажжуд окубаган адамга акыретте эч бир жаза берилбейт, себеби, нафил. Бирок, парздын казасын окубаган адам чоң жазаларга дуушар болот. Имам Раббани хазреттери мындай деген: «Парздын жанында нафилдин жана сүннөттүн эч баасы жок. Деңиздин жанында тамчы да эмес.» (1/29)

Ханафи аалымдарынан Абдулхак Дехлеви хазреттери мындай деген: «Футух-уль-гайб китебиндеги «Парз намаз карызы болгондун нафил намаздарын Аллаху таала кабыл кылбайт» деген хадиси шариф көрсөтүп тургандай, парз карызы болгондун сүннөттөрү дагы кабыл болбойт. Себеби, сүннөттөр дагы нафил.»

Түнү намаз окуган адам казасын дагы өтөгөн болот, тахажжуд сообуна да жеткен болот. (Навадир-и Фыкхыййа)

Казасы бар болгон адам түнү намаз окуса Тахажжуд дагы окуган болот. Эгер Тахажжудга да ниет кылса, ниет сообун да алат. Казасы болбогон кишинин каза намаз окуусунун эч зыяны болбойт.

Тахажжуд намазынын чеги

Суроо: С.Абадиййада тахажжуд жана кушлук намаздарынын эң көбүнүн 12 рекет, аввабин намазынын болсо 6 рекет экендиги билдирилүүдө. Бул намаздардын чеги жокпу?

ЖООП

Булар сүннөт намаздар. Пайгамбарыбыз алейхиссалам канчалык билдирген болсо ошончолук сүннөт. Сүннөттөр да нафил деп аталат. Ар сүннөт нафил болуп саналат, бирок, ар нафил сүннөт эмес. Нафилдер раватиб жана рагаиб деп экиге бөлүнөт. Раватиб – парздардан мурда же кийин окулган муаккад же гайр-и муаккад сүннөттөр. Рагаиб болсо – кушлук, тахажжуд жана аввабин сыяктуу калган сүннөттөр. (Нимат-и Ислам)

Таравих намазы дагы сүннөт жана сүннөт болгон өлчөмү 20 рекет. Дагы артык окулса нафил болот. Кушлук, аввабин жана тахажжуд намаздарынын дагы сүннөт болгон өлчөмү – билдирилген өлчөм. Бир адам кушлук убактысы 40 рекет намаз окуса мунун 12 рекети сүннөт, калганы нафил болот. Шам намазынын парзынан кийин 20 рекет нафил намаз окулса, мунун 6 рекети сүннөт, калганы нафил болот. Бир адам түнү миң рекет нафил намаз окуса, мунун 12си сүннөт болгон тахажжуд намазы, калгандары нафил болот.

Суроо: Кайсы нафил намаз башкаларынан үстөм?

ЖООП

Тахажжуд намазы калган нафилдерден да үстөм. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Парздардан кийин эң пазилеттүү намаз – түнү окулган тахажжуд намазы.» [Муслим]

Казага да ниет кылынса каза карызы өтөлгөн болот, тахажжуд сообуна да жеткен болот.

Суроо: Түнү бир саат ойгоо калсак, бул бир саатта кыска сүрө окуп 30 рекет каза окуу жакшы болобу же узун сүрө окуп 2 рекет каза окуу жакшыраак болобу? Же жалпы бир саат ибадат кылынгандыгы үчүн экөө бирдей болобу?

ЖООП

Нафил ибадат башкача. Бирок, каза намазы үчүн канчалык көп каза окулса ошол жакшыраак болот. Куптандан багымдатка чейин эки рекет каза окуган адам эки рекет каза карызын өтөгөн болот. Эки мүнөттө эки рекет окуган адам дагы эки рекет каза карызын өтөйт. Кадыр түнү куптандан багымдатка чейин эки рекет каза окуган да эки рекет каза карызын өтөйт. Сооп тарабы башка. Ал түнү бир саат ибадат кылуу башка убактагы миң сааттан да баалуу.

Түнкү намаз

Суроо: Соор убактысы ойгонуп каза намазын же витирди окуган адам тахажжуд намазын да окуган болуп эсептелеби?

ЖООП

Ооба, окуган болуп эсептелет. Түнү кайсы намаз окулса окулсун, тахажжуд намазы да окулган болот. Хадиси шарифте: «Куптан намазынан кийин [соор убактысында] окулган намаз түнкү намаздан», - деп буюрулган. (Ибни Абидин)

Түнү намаз окуган адам казасын дагы өтөйт, тахажжуд сообуна да жетет. (Навадир-ии Фыкхыййа)

Демек, түнү каза намазын окуган адам тахажжуд намазын да окуган болуп эсептелет, бирок, ниет сообуна да жетүү үчүн каза намазын окууга да, тахажжуд намазын окууга бирге ниет кылуусу керек. Жаңы даарат алынган болсо Субха намазы да окулган болот. Ниет сообуна да жетүү үчүн Субха намазына да ниет кылуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш