Намаз убакыттары


Расул-и акрам (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадиси шарифинде: «Жабраил алейхиссалам Кааба эшигинин жанында эки күн мага имам болду. Экөөбүз таң атаарда багымдат, күн чокудан ылдыйлап баратканда бешим, бардык нерсенин көлөкөсү өзүнүн боюндай болгондо аср, күн батып жатканда (үстүнкү чети жок болгондо) шамды, кеч карайганда куптан намаздарын окудук. Экинчи күнү багымдатты айлана агарганда, бешимди бардык нерсенин көлөкөсү өзүнүн боюнан эки эсе узун болгондо, асрды мындан саал өткөзүп, шамды орозо ачылганда, куптанды түндүн үчтөн бири толгондо окудук. Анан «Йа,Мухаммед! Сенин жана келип өткөн бардык пайгамбарлардын намаз убактылары мына ушулар. Үммөтүң беш маал намазынын ар бирин мына биз окуган эки маалдын ортосунда окусун деди»,- деп билдирди. Күн сайын окулушу керек болгон намаздардын саны беш экени мына ушул жерден да билинип турат.

Багымдат намазынын убактысы: Таң атардан б.а., чыгыш агара баштаган маалдан күн чыкканга чейинки убакыт.

Бешим намазынын убактысы: Көлөкөлөр кыскарып, узара баштаган маалдан башталат жана көлөкө бир же эки эсе узарганга чейин уланат. Биринчиси эки имамдын, б.а., Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин билдирүүлөрү боюнча, ал эми экинчиси Имам Азам Абу Ханифанын (рахметуллахи алейхим) өкүмү боюнча.

Аср намазынын убактысы: Бешим намазынын убактысы бүткөндө башталат. Бул да:

1. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин (рахметуллахи алейхим) өкүмү боюнча бир нерсенин көлөкөсү ал заттын узундугунчалык узарганда башталат жана күн батканга чейин уланат.

2. Имам Азам Абу Ханифанын (рахметуллахи алейх) өкүмү боюнча бир нерсенин көлөкөсү ал заттын узундугунун эки эсесине узарганда башталат жана күн батканга дейре уланат.

Бирок, күн кызаргандан кийин, батаарда уясына бир найза бою жакындаганда бардык намазды окуу харам. Башкача айтканда, аср намазын бул маалга чейин кечиктирүү харам. Бирок, аср намазын окуй элек болсо күн батканга чейин окуу зарыл.

Шам намазынын убактысы: Күн баткандан баштап, айлана карарганга чейин, б.а., горизонттогу кызгылтым өчкөнгө чейин уланат.

Куптан намазынын убактысы: Шам намазынын убактысы бүткөндө башталып, таң атканга чейин уланат. Имам Азам Абу Ханифанын (рахметуллахи алейх) өкүмү боюнча куптандын убактысы асмандагы жарык кеткенде башталат. Аср намазында да ушул сыяктуу. Тактап айтканда, эки Имамдын өкүмү боюнча аср же куптан убактысы киргенден кийин эң аз дагы жарым саат өткөрүлүп окулса бул намаздар бардык имамдардын өкүмүнө ылайык окулган болот. Куптан намазын себепсиз түрдө түндүн жарымынан кийинки маалга калтыруу макрух.

Намаздарды маалынан мурун же кийин окуу харам, чоң күнөө. «Түркия гезити» даярдап чыгарган дубал календарларында намаз жана имсак убакыттары туура, так билдирилген.

Намаз окулушу тахриман макрух б.а., харам болуп эсептелген үч убакыт бар. Төмөнкү үч маалда аткарылган фарздар сахих болбойт: Күн чыгып жатканда, күн батып жатканда, чак түштө күн так чокуда турган маалда. Бул үч маалда мурдатан камданган жаназа намазын, тилават саждасын, сахв саждасын кылууга болбойт. Күн батып жатканда ал күндүн аср намазын гана окууга болот.

Нафил намаздардын окулушу макрух болгон эки маал бар: Биринчиси: багымдат намазынын фарзы окулгандан тартып, күн чыкканга чейин, Экинчиси: аср намазынын фарзы окулгандан кийин шам намазынын фарзы окулганга чейин.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш