Жамаат менен намаз


Намазда  эң аз эки адамдын бирөөнүн имам болуусу аркылуу жамаат болгон болот. Беш маал намаздын фарздарын жамаат менен бирге окуу эркектер үчүн сүннөт. Жума жана Айт намаздары үчүн жамаат болуу фарз. Жамаат менен окулган намаздарга көбүрөөк сооп берилери хадиси шарифтерде билдирилген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айтат: «Жамаат менен окулган намазга жалгыз окулган намаздан жыйырма жети эсе көп сооп берилет». Жана да айтты: «Жакшы даарат алып, жамаат менен намаз окуу максатында мечитке барган адамдын ар бир кадамына Аллаху таала сооп жазат жана ар бир кадамы үчүн амал дептеринен бир күнөөсүн өчүрөт, Жаннатта бир даража жогорулатат».

Жамаат менен окулган намаз мусулмандардын арасындагы биримдикти чыңдайт. Сүйүүнү, бири бирине болгон жакындыктарын арттырат. Жамаат чогулуп бири бири менен баарлашат. Бул аркылуу кимдин кыйынчылыгы бар, кимдин ооруп калгандыгы оңой белгилүү болот. Жамаат – мусулмандардын бир жүрөк, бир дене экендигинин эң сонун мисалы.

Оорулуу, паралич, бир буту жок, баса албаган карыялардын жана көздөрү сокур адамдардын жамаатка баруулары шарт эмес.

Жамаатка намаз окуткан адам имам деп аталат. Имамдыктын жана ага уйуп жамаат болуунун шарттары бар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш