Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Жаназа намазы кантип окулат?




Жаназа намазы кантип окулат?


Жаназа намазынын төрт такбиринин ар бири бир рекет сыяктуу. Төрт такбирдин биринчисинде гана кулак кагылат. Андан кийинки үч такбирде кулак кагылбайт.

1. Биринчи такбир алынып, эки кол байланганда «Субханака» окулат жана окулуп жатканда «важалла санаука» дагы кошо айтылат. Фатиха окулбайт.

2. Экинчи такбирден кийин тэшеххудда отурганда окула турчу салаваттар б.а., «Аллахумма салли» менен «Барик» дубалары окулат.

3. Үчүнчү такбирден кийин жаназа дубасы окулат. (Жаназа дубасынын ордуна «Раббана атина» же «Аллахуммагфирлах» деп айтуу, же болбосо дуба ниети менен Фатиха-и шарифа окууга да болот).

4. Төртүнчү такбирден кийин дароо оңго жана солго салам берилет. Салам берип жатканда жаназага жана жамаатка ниет кылынат.

Имам төрт такбирди жана эки ийинге берилген саламды гана үнүн чыгарып айтат, калганын ичинен  окуйт.

Жаназа намазы окулгандан кийин табыттын жанында дуба кылуу туура эмес. Макрух болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш