Таравих намазы


Таравих намазы эркек жана аялдар үчүн сүннөт. Рамазан айынын ар бир түнү окулат. Жамаат  менен окулуусу суннати кифайа. Убактысы куптан намазынан кийин жана витир намазынан мурун. Витир намазынан кийин окулса да болот. Мисалы: Таравих намазынын бир бөлүгүнө жетишип, имам менен витир намазын окуган адам таравих намазынын үлгүрбөй калган рекеттерин витирден кийин окуйт.

Окулбаган таравих намазынын казасы окулбайт. Казасы окулса нафил болот. Таравих окуган болбойт.

Таравих намазы жыйырма рекет.

 

Таравих намазы кантип окулат?

 

Витир намазы Рамазан айында гана жамаат менен окулат. Таравих намазын эки рекетте бир салам берип окууга болот. Ошондо бардыгы болуп он жолу салам берилген болот. Ар төрт рекеттен кийин бүтүп, таспих кылуу мустахаб. Каза намазы бар болгон адам бош убактыларында, беш маал намаздын сүннөттөрүндө жана таравихтин ордуна каза намаздарын окуп бүтүрүп, андан соң бул намаздарды окуй башташы керек.

Таравих намазы жамаат менен мечитте окулган сыяктуу үйдө да жалгыз өзүнчө окуса болот, бул күнөө эмес. Бирок, жамаат менен бирге мечитте окуу сообунан куру калат. Үйүндө бир же бир нече адам менен жамаат түзүп, чогуу окуса жалгыз окуганга караганда жыйырма жети эсе көп сооп табат. Ар бир ифтитах такбиринде ниет келтирсе жакшы болот. Куптан намазын жамаат менен бирге окубагандар таравихти  жамаат менен окуй алышпайт. Куптан намазын жамаат менен окубаган адам фарзды жалгыз окуп, андан соң таравихти жамаат менен бирге окуй алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш