Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Искат жана давр кандай кылынат?




Искат жана давр кандай кылынат?


Фидйе  акчасы мурастын үчтөн биринен ашса, мураскорлор уруксат бермейинче искатты кыла турган вали мурастын үчтөн биринен көбүн жумшай албайт. «Кынйе» китебинде мындай деп белгиленет: «Өмүрүндөгү бардык намаздары үчүн мүлкүнүн үчтөн биринин берилишин осуят (керээз) кылган маркумдун карызы бар болсо, карыз ээси алдын ала керээздин орундатылуусуна уруксат берсе да, аткарылуусу туура эмес. Себеби, Ислам алгач карызды төлөөнү буюрууда. Карызды төлөө карыз ээсинин ыраазычылыгы менен кийинкиге калтырылбайт».

Бардык намаздарынын искат кылынуусун керээз кылган адамдын канча жашта экендиги белгисиз болсо, аркасында калган мурасынын үчтөн бири намаз искатына жетпесе, керээз уруксат, ал эми мурастын үчтөн бири искатка жетип ашса, бул керээз туура болбойт.  Анткени, калган оокаттын үчтөн бири искат үчүн жетпегенде, үчтөн бири менен искат кылына турган намаздардын саны белгилүү болгондуктан, керээзи бул намаздар үчүн сахих болот. Калган намаздары үчүн керээзи аткарылбайт. Үчтөн бири көп болгон учурда, жашы жана бул себептен улам намаз саны билинбегендиктен, керээзи туура болбойт.

Намаз искатын керээз кылган маркумдун малы-мүлкү жок болсо же жетпесе же керээз кылынбай калган болсо вали өз ыктыяры менен искат кылгысы келсе, давр кылат. Бирок, вали давр кылууга мажбур эмес. Давр кылуу максатында вали бир айлык же бир жылдык искат үчүн керектүү алтын, билерик, шакек же күмүш акча карызга алат. Маркум эркек болсо, жашынан он эки, ал эми аял болсо тогуз жыл чыгарып, канча жылдык карызы бар экенин эсептейт. Бир күндүк алты намаз үчүн 10 кг, бир жыл үчүн 3660 кг буудай бериш керек. Мисалы, 1 кг буудай 180 тыйын болгондо бир жылдык намаз искаты 6588, мындайча айтканда 6600 сом болот. 7 грамм 20 сантиграмм салмактагы бир алтын 120 сом болсо, бир жылдык намаздын искаты үчүн 55 же божомол менен 60 алтын болот. Маркумдун  валиси (жакыны, өкүлү) 5 алтын карыз алса, дүнүйөгө көп берилбеген, динин билген, урматтаган бир нече (мисалы: төрт) кембагал адам табат. (Булар витр бере албаган, фытра бере албаган, садакага муктаж болгон кедей болуулары шарт. Болбосо искат кабыл болбойт). Маркумдун валиси  же болбосо мураскорлордун бири же алар дайындаган бир өкүл: «Маркум баланча уулу баланчанын намаз искаты үчүн төлөө иретинде ушул 5 алтынды сага бердим», - деп, биринчи кедей адамга садака ниети менен берет. Мындан соң аны алган адам: «Алдым, кабыл алдым», - деп алат жана бираздан кийин: «Сага муну белек кылдым», - деп, муну мураскорго же мураскордун өкүлүнө белек кылат. Мураскор муну кайтарып алган болот.  Анан кайра эле ошол адамга же экинчи кедей адамга  берет жана белек катары андан кайрадан алат. Ошентип, бир кедейге төрт жолу же төрт кедей адамга бир жолудан берип кайра алуу менен бир давр кылынган (бир айлантылган) болот. Бир даврда 20 алтындык намаз кафараты искат кылынган болот. Эгер маркум эркек жана 60 жашта болсо, 48 намазы үчүн 48x60=2880 алтын бериш керек болот. Бул үчүн 2880/20=144 жолу давр кылынат. Алтындын саны 10 болсо, 72 давр, алтын саны 20 болсо, 36 давр кылынат. Кедейдин саны да, алтындын саны да 10 болсо, 48 жылдык намаз каффаратынын искаты үчүн 29 давр кылат. Себеби:

Намаз окубаган жылдар x бир жылдык алтын саны = кедей саны x давр кылган алтын саны x давр саны. Мисалыбызда болжол менен: 48x60=4x5x144=4x10x72=4x20x36=10x10x29.

Көрүнүп тургандай, намаз искатында давр санын табуу үчүн бир жылдык алтын саны менен маркумдун намаз карызы болгон жылдар көбөйтүлөт. Айрыкча, давр кылынган алтын саны менен кедей саны да көбөйтүлөт. Биринчи көбөйтүү экинчи көбөйтүүгө бөлүнөт. Мындан давр саны чыгат. Буудайдын жана алтындын акчалай наркы дайыма бирдей катышта өзгөрөт. Башкача айтканда, алтын менен буудайдын наркы дайыма чогуу төмөндөйт же жогорулайт. Бул жагынан бир жылдык буудай өлчөмү өзгөрбөгөн сыяктуу бир жылдык алтын саны дагы б.а., жогоруда эсептелген 60 алтын дагы дээрлик бирдей болот. Ошондуктан, искат эсептөөдө ар дайым абайлап,

Бир айлык намаз искаты - беш алтын. (1 алтын = 7 гр. 20 сантиграмм)

Бир айлык Рамазан орозосунун искаты - бир алтын

деп эсептелет. Давр кылына турган алтындын саны жана давр саны бул жерден табылат. 

Намаз искаты бүткөндөн кийин кармалбаган казасы кармалуусу керек болгон орозонун искаты үчүн беш алтын төрт кедейге үч жолу давр кылынат. Анткени, бир жылдык орозо карызынын искаты 52,5 килограмм буудай же 5,25 грамм алтын, тактап айтканда 0,73 даана сомго барабар. Көрүнүп тургандай, Ханафиде бир алтын бир жылдык орозо каффаратын искат кылат жана 48 жыл үчүн 48  алтын берүү зарыл. 5 алтын менен төрт кедейге 1 давр кылынганда 20 алтын берилген болот. Казасы тутулуусу керек болгон орозолордун искаты кылынгандан кийин, зекети үчүн, кийин курбан үчүн бир нече давр кылынат.

Бир бузулган ант акысы үчүн күн сайын он кедей, ал эми себепсиз бузулуп каффараты керек  болгон бир күндүк орозо каффараты  үчүн бир күндө алтымыш кедей керек жана бир кедейге бир күндө жарым саъ (жарты саъ = 1750 гр) буудайдан ашык берилбейт. Башкача айтканда, бир нече ант каффараты бир күндө он кедейге берилбейт. Демек, ант менен орозо каффараты үчүн бир күндө давр кылынбайт. Ант керээзи бир болсо, бир ант үчүн бир күндө он кедейдин ар бирөөнө 2 килограммдан буудай же ун же булардын наркындагы кандайдыр бир оокат, алтын, күмүш берилет. Буларды бир эле кедейге он күн арты-артынан берүүгө болот. Же болбосо, бир кедейге кагаз акча берип:  «Сени өкүл дайындадым. Бул акча менен күн сайын эки жолу эртең менен кечинде он күн курсагыңды тойгузасың!» - деп айтуусу керек. Ал айткандай он күн боюнча курсагын тойгузбай, ал акчага кофе, гезит алса туура болбойт. Ошондуктан, эң жакшысы, бир ашпозчу менен макулдашып, он күндүк акчаны ашпозчуга берип, кедейди күн сайын бул ашпозчунун жанында эртең менен жана кечинде эки жолу анын курсагын тойгузуусу керек. Ниет кылгандан кийин бузулган орозонун жана зыхар каффараттарын төлөө да дал ушундай болот. Бул экөөндө бир күндүн каффараты үчүн алтымыш кедейге бир күн же бир кедейге алтымыш күн жарым саъ буудай же мунун наркында башка оокат берүү же күн сайын эки жолу курсагын тойгузуу керек.

Керээз кылынбаган зекет искатынын кылынуусунун зарылчылыгы жок. Мураскор зекеттин искаты үчүн өз ыктыяры менен давр кыла ала тургандыгы тууралуу фатва берилген.

Давр кылып жатканда өкүл кедейлерге ар бир алтын берүүсүндө намаз же орозо искаты үчүн деп ниет келтирүүсү керек. Кедей адам да кайра берип жатканда белек кылдым деп айтышы керек жана өкүл алдым, кабылдадым деп айтуусу зарыл. Валинин/өкүлдүн искат кылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, маркумдун искатын кылуу үчүн бирөөнү дайындайт жана ал дайындалган адам искат менен даврды орундатат.

Имам Биргивинин «Васиййатнама» аттуу китебинде жана мунун Кадызаде Ахмед жазган түшүндүрмөсүндө жазылгандай кедейлердин нисабга (зекет бере тургандай мүлк) ээ болбоолору шарт. Маркумдун туугандарынан болсо туура болот. Кедейге берип жатканда: «Баланчанын мына ушунча намаз искаты үчүн муну сага бердим», - деп айтуусу керек. Кедей «Кабыл алдым» деп, алтындарды алганда алар эми өзүнө тийиштүү экенин билүүсү керек. Билбесе, алдын ала үйрөтүлүүсү керек. Бул кедей кичипейилдик кылып, өзүнүн каалоосу менен: «Баланчанын намазынын искаты үчүн акы катары мына муну сага бердим», - деп башка кедейге берет. Ал кедей да колуна алып: «Кабыл кылдым», - деп айтуусу керек.  Алганда өз мүлкү экенин билүүсү керек.  Аманат же белек катары алса, давр кабыл болбойт.  Бул экинчи кедей да: «Алдым, кабыл алдым», - дегенден кийин: «Ушул ниет менен сага бердим», - деп үчүнчү кедейге берет. Ошентип, намаз, орозо, зекет, курбан, фытр садакасы, адак (бирөөнө арналган, багышталган) жана кул акылары, жаныбар акысы үчүн давр кылуу керек. Туура эмес фасид соода дагы кул акыларына кирет. Ант менен орозо каффараттары үчүн давр кылуу туура эсмес.

Мындан кийин алтындар эң акыркы болуп кайсы кедейде калса ал каалоосу жана макулдугу менен өкүлгө белек кылат. Өкүл алып, кабыл алдым дейт. Эгер белек кылбаса, өз мүлкү болуп эсептелгендиктен күч менен алынбайт. Өкүл белгилүү өлчөмдөгү алтын же кагаз акча же маркумдун оокатынан бул кедейлерге берип, бул садака сообун дагы маркумдун рухуна белек кылат (багыштайт). Карызы бар кедейдин жана жашы жетиле элек жаш баланын давр кылууга катышпоосу керек. Себеби, колуна тийген алтындар менен карызын төлөөсү фарз. Бул фарзды орундатпастан алтындарды маркумдун карызы үчүн башка кедейге берүүгө болбойт. Давр кабыл болсо да, өзү эч кандай соопко кирбейт,  күнөөгө да кирген болот.

Оокаты жок маркум давр кылынуусун керээз кылган болсо өкүлдүн давр кылуусу важиб эмес. Маркумдун карызын искат кыла турган мүлкүнүн баарын мурасынын үчтөн бирин ашпоо шарты менен керээз кылуусу важиб болот. Ошентип, даврга зарылчылык болбостон, искат орундатылат. Үчтөн бири искат жетип туруп үчтөн биринен аз мүлкүн давр кылууну керээз кылса күнөөгө кирет. Ибни Абидин китебинин бешинчи томунун 273-бетинде мындай деп жазат: « Аркасында кичинекей балдары бар болгон же жарды, мураска муктаж, балагатка жеткен  салих балдары бар бир оорукчан адамдын мүлкүн нафил болуп эсептелген кайрымдуулук иштерине керээздебестен мүлкүн салих балдарына таштоосу туура болот». «Беззазиййаде» хадяны түшүндүрүп жатып мындай дейт: «Мал-мүлкүн соопчулук үчүн коротуп, фасык болгон баласына мурас таштабоосу керек. Себеби, күнөө кылуусуна жардам берген болот. Мындай фасык баласына анын жашоосуна керектүү каражаттан тышкары акча, мал-мүлк бербеши керек».

Көптөгөн намаз, орозо, зекет, курман жана ант карыздары бар болуп, булар үчүн мурасынын үчтөн биринен аз оокатынын давр кылынышын жана калган мүлк менен Курани карим, хатм-и тахлил жана мавлид окутулушун керээз кылууга болбойт. Буларды окутуу үчүн акча берген же алган күнөөгө кирет.  Курани карим үйрөтүү үчүн акча алып же берүүгө болот. Окуу үчүн акча алууга болбойт.

Маркумдун каза болгон намаздарынын, орозосун мураскорлору же башка бирөөнүн анын ордуна казаларын орундатуусу туура эмес. Бирок, нафил намаз окуп, орозо кармап, алардын сообун маркумдун арбагына багыштаса жакшы болот.

Маркумдун карыз ажылыгын ал кимге керээз кылган болсо ошол адам казасын орундатса болот. Ал маркумду карыздан куткарган болот. Себеби, ажылык дене менен да, мал менен да орундала турчу ибадат. Нафил ажылык башка бир адамдын ордуна кылууга дайым уруксат бар. Ал эми фарз болгон ажылыкты өлгөнгө чейин ажылыкка бара албай турган адамдын ордуна өкүлү тарабынан кылынат. 

«Мажмаул-анхур» жана «Дурр-ул-мунтака» китептеринде мындай деп жазылган: «Маркумдун искатын аны жерге берүүдөн мурда орундатуу керек». Жерге бергенден кийин да орундатууга боло тургандыгы «Кухистани» китебинде жазылган.

Маркум үчүн намаз, орозо, зекет, курман карыздарынын искатында бир кедейге нисаб өлчөмүнөн ашык берүүгө болот. Алтындардын баарын бир эле кедейге берүүгө да болот.

Өлүм алдындагы адамдын окубаган намаздарынын фидийесин берүүгө болбойт. Орозо кармай албай тургудай картаң адамдын кармай албаган орозолору үчүн фидийе берүүгө болот. Себеби, оорулуунун намаздарын башы менен ишара кылып болсо дагы окуусу керек. Ишара менен бир күндөн ашык намаз окуй албаган оорукчан адамдын окуй албаган намаздары кечирилет. Айыкканда алардын казаларын окуусу зарыл эмес. Кармай албаган орозолорун айыкканда кармоосу керек. Жакшы боло албай көз жумган болсо, бул орозолору дагы кечирилет. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш