Ислам дини » Намаз » Намаз убакыттары » Асри сани жана ишаи сани (аср жана куптандын экинчи убактысы)




Асри сани жана ишаи сани (аср жана куптандын экинчи убактысы)


Намаз убакыттарынын ичинде "асри сани” термини экинчи аср деген маанини билдирет. Асри аввал – биринчи аср деген сөз. Бешим намазынын убактысы имамейндин (т.а., Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин) жана калган үч мазхабдын өкүмү боюнча асры аввалга чейин уланат. Башкача айтканда, бардык нерсенин көлөкөсү бешим намазынын баштапкы убактысындагы узундугунан өзүнүн боюна чейин, мисалы, 100 см талдын көлөкөсү бешим убактысынын башында 10 см болсо, бул көлөкө 110 см болгон кезде бешим убактысы бүтөт.

Азыр айрым мусулман өлкөлөрдө аср намазынын азаны ошого карап окулат. Ошондуктан, кээде биздин мекендештерибиздин "баланча мамлекетте азандар эртерээк окулабы?” деген орундуу суроолорун угуу мүмкүн. Имам Азамдын "рахметуллахи алейх” өкүмү боюнча бешимдин убактысы асри саниге чейин. Башкача айтканда, бардык нерсенин көлөкөсү өз боюнан эки эсе узарганга чейин уланат. (Орто Азияда аср намазын Имам Азамдын ижтихады болгон убакытта окуу адат болуп калган. Башкача айтканда, ата-бабалардан калган метод боюнча шамга дал 2 саат калганда аср кирет деп кабылданган. Бирок, бул Кыргызстанда бир гана кыш айларында туура болот.) Жогоруда айтылган талдын көлөкөсү 210 см болгон кезде аср убактысы кирет. Калган үч мазхабда бешим менен асрдын убактысы Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин өкүмү сыяктуу. Башкача айтканда, бул мазхабдарда асри сани убактысы жок. Бул календарьдагы аср убакыттары ошол эки имамдын өкүмү боюнча берилген.

Аср сыяктуу куптанда да эки убакыт бар. Ал ишаи аввал жана ишаи сани деп аталат. Иша – куптан дегенди билдирет. Куптан намазынын убактысы эки имамдын айтымында, ишаи аввалдан, б.а., батышта көрүнгөн горизонт сызыгында кызарган нерсе кеткенден кийин башталат. Кыргызстанда дал ошол өкүм боюнча куптан азандарын батышта кызыл түс жоголгондо окуу адат болгон. Калган үч мазхабда да ошондой. Имам Азамдын ижтихады боюнча ишаи саниден, б.а., агарган нерсе кеткен соң башталат. Кызылдын кеткен кези күндүн үстүнкү жээгинин горизонттон 17 градуска түшкөн кези. 19 градуска түшкөндө агаруу да кетет.

Кандайдыр бир себеп менен бешим намазын эки имам көрсөткөн убакыт – асри аввалга чейин окуй албаган адам намазын каза кылбай, Имам Азамдын айтымы боюнча, асри саниге чейин окуп алууга тийиш. Мындай жагдайда ошол күнкү аср намазын Имам Азам көрсөткөн убакыттан мурда окубаш керек. Кыскасы, бешимди асри аввалда окуган адам асрды ишаи саниде жана шамды ишаи аввалда окуган адам куптанды ишаи саниде окууга тийиш. Имам Азамдын да, эки имамдын да өкүмүнө шайкеш болуу үчүн асрды асри саниде, ал эми куптанды ишаи саниде окуган абзел.

Бешим менен асырды жам кылуу (бириктирүү)

Суроо: Кээде зарыл абал болгондо бешимди окуй албай калуудамын, асыр убактысы киргенде асыр менен бириктирип окуудамын. Асыр менен бириктире алуу үчүн кандайча ниет кылуум керек?

ЖООП

Асыр менен бешимди бириктирип окуу үчүн алгач бешимди убагында окуй албасам асри аввалда окуйм, асри аввалда да окуй албасам асри саниде асыр менен жам кылам деп ойлоо керек. Кийин бешимди кечиримдүү бир себеп менен бешим убактысында окуй албай калганда Имам Азам хазреттеринин кавилине уйуу менен асри аввалда окууга аракет кылуу керек. Асри аввалда да окуу мүмкүндүгү табылбаса анда асри саниде Ханбали мазхабы таклид кылынып асыр менен жам кылынып окулат. Бүгүнкү бешим намазын жам кылып асыр намазы менен бирге окуудамын деп ниет кылынат.

Шам намазын да убагында окуй албай калган киши куптан менен жам кыла алуусу үчүн ушундайча ниет кылат. Асыр намазындагыдай эле куптанда да эки убакыт бар. Бул - иша-и аввал жана иша-и сани. Иша – куптан дегенди түшүндүрөт. Иша-и сани иша-и аввалдан Сентябрдан Март айына чейин 10-12 мүнөт кийин болот. Апрелде 12-14, Майда 14-18, Июнда 18-19, Июлда 15-19, Августта болсо 12-15 мүнөт кийин болот. Имам Азам хазреттеринин дагы, Имамейндин дагы кавилине уйган болуу үчүн асырды асри саниде, куптанды болсо иша-и саниде окуса жакшы болот. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш