Бир күнү Абу
Жахил Пайгамбарыбызга «саллаллаху алейхи ва саллам» бир тузак даярдамакчы болуп
үйүнүн алдына бир чуңкур каздырат. Кийин Расулуллахты үйүнө чакырат.
Пайгамбарыбыз бул чакырыкты кабыл алып Абу Жахилдин үйүнө карай жолго чыгат.
Үйгө жакындаган кезде Жабраил алейхиссалам келип Абу Жахилдин үйүнүн алдына
тузак кылып чуңкур каздырганын айтат. Бул кабарды алган Пайгамбарыбыз өз үйүнө
артка кайтат. Абу Жахил болсо Расулуллахтын артка кайтып кетүүсүн түшүнө албай
себебин сурамакчы болуп үйүнөн жүгүрүп чыгып, эшиктин алдына бутун басар замат
өзү каздырган чуңкурду унутуп ага түшүп кетет.
Чыгарыш үчүн жип
узатышса да жипке жете албайт. Жип узарган сайын чуңкур тереңдей берет. Бул
абалда турган Абу Жахил чуңкурдун ичинде акылынан адашарлык абалга жетет.
Расулуллахка кабар берилип, өзүн чуңкурдан
чыгаруусун өтүнөт. Абалды Пайгамбарыбызга билдиришет. Дароо чуңкурдун жанына
келип айтат:
- Сени чуңкурдан чыгарсам ыйман келтиресинби?
Абу Жахил кабыл
кылат.
Пайгамбарыбыз
мубарек колдорун узатып Абу Жахилди чуңкурдан чыгарат. Абу Жахил чуңкурдан
чыгар замат:
- Өмүрүмдө сенчелик
күчтүү сыйкырчыны көргөн эмесмин – деп ыйман келтирбейт.