Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бизден эмне үйрөндүң?




Бизден эмне үйрөндүң?


Муршиди камил заттын бирөө бир шакиртинен сурайт:

- Балам, бизди канча жылдан бери тааныйсың?

- 22 жыл устаз.

- Ушунча жыл ичинде бизден эмне үйрөндүң?

- Үч нерсени үйрөндүм устаз.

- Алар эмнелер?

- Устаз, биринчисин айткан элеңиз: "Кылган ишиңдин, сүйлөгөн сөзүңдүн эсебин бер. Кимге? Ким сураса. Башчыңа, адамдарга, мыйзамдарга, өзүңө, диниңе бер. Бул эсеп баары бир сенден суралат. Ошого карап кыймылда, ошого карап сүйлө.” Муну өзүмө бекем принцип кылдым жана аткарууга аракет кылуудамын.

- Экинчиси эмне?

- Дагы айткан элеңиз: "Акыл, логика менен дин болбойт. Эгер андай болгондо Пайгамбарлардын, китептердин зарылдыгы болмок эмес. Динибиз накылдын дини. Аллаху таала эмнени билдирген болсо, Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” кандай тушүндүргөн болсо жана кандайча билдирген болсо, мазхаб имамдарыбыз, ахли сүннөт аалымдары буларды кандай системалаштырып, ар ким түшүнө ала тургандай кылып накыл кылган болсо ошондой ишенип моюн сунуу керек. Болбосо адам коркунучтан кутула албайт. Мужтахиддердин түрдүү ижтихаддары - адамдар үчүн рахмет, муну Пайгамбарыбыз айтууда. Аллаху таала ушундай болуусун мурат кылган. Болбогондо бир гана өкүм билдирип, мусулмандардын иши оор ахвалда калмак, аткара албагандар харамга, куфурга кириши мүмкүн эле. Бул жеңилдик илахий ихсан болуп саналат.” Мунун дал ушундай экендигин жеке өзүм башыман өткөрдүм жана акылыма таянууну таштап көңүл тынчтыгына жеттим.

- Үчүнчүсү эмне балам?

- Дагы айткан элеңиз: "Адамдардын эң төмөнү - дин улуктарын өзү сыяктуу ойлогондор. Дин улуктары – Пайгамбарыбыздын мурасчылары болуп саналат. Эне курсагында шаки болгондор дин улуктарына тил узатат. Мубарек адамдар канчалык күнөөкөр болушса да аларга тил узатышпайт. Аллаху тааланын ыраазылыгы алардын эки эрдинин арасында болот. Дин улуктарын моюндабаган адамдар Пайгамбарыбыздын мезгилинде жашашканда Аны да моюндашмак эмес. Дин улуктарын сүйгөн адамдар Пайгамбарыбыздын мезгилинде жашашканда Аны сүйүп, Асхаб-ы кирам болушмак. Себеби, жол ошол эле жол. Аллаху тааладан келген ниматтардын шарты жок, диндүү-динсиз, кааласын-каалабасын бардык адамдарга келет. Бирок, Пайгамбарыбыздан келген ниматтардын эки шарты бар, биринчиси – Аны тастыктоо, экинчиси - Аны сүйүү. Келген ниматтардын даражасы ушул сүйүүгө байланыштуу. Бул Расулуллах "алейхиссалам” тирүү кезде ушундай болчу. Кайтыш болгондон кийин эмне болду? Эмне болгондугун жеке Өзү билдирүүдө: "Көңүлүмдө эмне бар болгон болсо тууганым Абу Бакрга агыздым”, - деп айткан. Бул аманаттар силсиле жолу менен келе турчу мурасчыларында. Сүйүүнүн жана моюндабай четке кагуунун каерге бара тургандыгын унутпоо керек. Сүйүү баш ийүү дегенди билдирет, так орундай албаса дагы мойнун бүгүп, кемчиликтүү экендигин кабыл кылуу болуп эсептелет.”

Мына устаз, бул үч нерсе мага чоң таасир кылды, ишендим, орундоого аракет кылуудамын, көңүлүм тынчтык тапты.

- Үчүнчү үйрөнгөн нерсең - сарайга ээ болуу. Экинчи үйрөнгөнүң – бул сарайдын ачкычы. Биринчи үйрөнгөн нерсең болсо – сарайда ырахат табуунун шарты. Бул үч нерседен башка бир нерсе үйрөндүңбү? Мисалы, ахли сүннөт ишеними, намаз, орозо, бидаттын зыяны сыяктуу маселелерди үйрөндүңбү?

- Ооба, устаз, алардын бардыгын үйрөндүм, бирок, бул үчөө мага таасир кылгандыктан буларды санадым.

- Машаллах, бул абалды колуңан чыгарбай улантсаң үмүттөрүңө жетесиң, корккондоруңан амандыкта болосуң.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш