Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Алар там да салабы?




Алар там да салабы?


Нух алейхиссаламдын заманында адамдар узун өмүрлүү болушкан экен. 800 – 1000 жылга чейин жашашчу экен. Бир аялдын баласы кайтыш болот. Аял аябай ыйлайт. Кошуна аялдардын бири ага деген экен:

- Эмне мынчалык ыйлайсың, Аллаху тааланын тагдыры ушундай экен да.

Албетте ушундай, мен ага ыйлаган жокмун.

- Анда эмнеге ыйлап жатасың?

Балам көп күн көрө албай калды деп, энелик мээримимен улам ыйлап жатам.

- Балаң канча жашта эле?

275 жашта эле.

- Макул, бирок, сен буга ыйлап турасың да, акыр заманда келе турган үммөт эмне кылсын, өмүрлөрү 50-60 жыл гана болот.

Чын эле айтып жатасыңбы?

- Албетте.

Ооо Кудай! Алар там да салабы?

- Албетте, бир канчасын салат экен.

Мен алардын ордунда болсом чатырымдын бир казыгын болсо да алмаштырмак эмесмин.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш