Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жакшылыктын артынан сыноо келет




Жакшылыктын артынан сыноо келет


Салих бир зат бар эле. Абдан жоомарт эле. Колунда эмне болсо муктаждарга таратып берип, жардам сураган кедейлер болуп калса аларга билдирбестен өзүнүн атына башкалардан карыз алып, кедейлерге белек кылып берчү.

Бул зат бир күнү ооруп, төшөккө жатып калат. Оорусу барган сайын арта берет. Муну уккан аласасы барлар аны өлүм төшөгүндө экен деп ойлошуп, жанына келип туруп алышат.

Салих зат мындан абдан уялып, тынчсызданат. Аны кабагы бүркөлгөн, көнүл оорутуучу кишилер тегеректеп алгандыгы катуу капалантат. Бир нерселерди айтууну каалайт, бирок: "Бизге акча керек, насаат эмес”, - деп сүйлөтпөй коюшат.

Ал учурда көчөдөн халва сатып жүргөн бир баланын үнү угулат. Салих зат бир кызматкерине халвалардан алып келүүсүн суранып, зыяратчыларга берүүнү каалайт. Кызматкер баланын идишиндеги халвалардын баарын алып келип, зыяратчыларга берет.

Баары томсоргон бойдон халваларды жешет. Бала келип халвалардын акчасын сурайт. Салих зат: "Балам буларды мага карызга жазып турасыңбы?” - дегенде, бала бир сөз айтпастан чыгып кетет, 50-100 метр илгеридеги бир бактын астына отуруп, үнсүз ыйлай баштайт.

Капыстан ал жерден өтүп бараткан шаардын акими аны көрүп калып, жанына келет жана башын сылап, эмнеге ыйлап жатканын сурайт. Бала болуп өткөн окуяны айтып берет. "Ал затка адебимен улам бир нерсе айта алган жокмун, бирок: "Мен буларды ансыз деле карызга алган болчумун, акчасын кандай төлөймүн, үйүмө кандай кылып акча алып барам?” – деп ыйлап жатамын”, - дейт. Аким ооруп жаткан салих затты жакындан тааный турган. Баланын акчасын өзү төлөп берет.

Балага ичи толтура жети-сегиз кесе алтын берип, ал салих затка алып барып берүүсүн өтүнөт. Алтындар үйгө киргенде аласасы барлардын маанайы көтөрүлө түшөт. Ар ким акчасын алат. Бирок, мындай капыстан акчалардын келип калышын түшүнө албай турушту. Салих зат ушул жоопту айтат: "Мен аябай кыйналып турган элем. Силер дагы кыйналып турган элеңер. Буга андан башка баланын кыйынчылыгы да кошулду. Баланын адеби, эч нерсе дебей кетип калышы маселени чечти. Аллаху таала ал күнөөсүздүн ыкласынын, адебинин урматына кыйынчылыктарды кетирди. Сыноону жеңген ал күнөөсүз бала болду.

Аласасы барлар ыңгайсызданышып, акчаларды кайра берүүнү каалашты. Бирок, салих зат макул болбоду. "Адам бир жакшылык кылганда чын жүрөктөн кылып жатканы белгилүү болушу үчүн бир топ сыноодон өткөрүлөт. Жада калса, жакшылык кылган адамдардан жакшылыгына кыянаттык да көрүшөт. Эгер сабыр кыла турган болсо жакшылыктарынын жообун көп эсе алат. Силер бир жакшылык кылдыңар. Бирок, сабыр кыла албадыңар. Мунун акыйкаты көрүнүп калгандан кийин өкүндүңөр".


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш