Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Эне кызматка муктаж




Эне кызматка муктаж


Эки бир тууган бар эле. Ооруп, төшөктөн тура албай калган энесин кезектешип бир түндөн карашчу. Ушундай кылууга макулдашып алышкан болчу. Бири нафил ибадатка абдан берилген болуп, таңга чейин ибадат кылчу. Ошондуктан, бир тууганына: "Бүгүн дагы энебизге сен кызмат кыла турчу, мен ибадатымды улантайын”, - деп айтчу. Энесине кызмат кылуу кезеги ошентип ага такыр келчү эмес. Бир тууганы кээде ал дагы сооп тапсын деп абид (ибадат кылган) бир тууганына: "Бүгүн кезек сенде”, - дечү. Жаш абид жигит дагы суранчу жана таңга чейин ибадат менен алектенчү. Дагы бир түнү таңга чейин кылган ибадатынан аябай ырахаттанып, бир тууганына ар дайым болгон сыяктуу кезекти бузуп: "Бул түнү да мага уруксат берип турчу, ибадат кылайын!” – дейт. Бир тууганы макул болуп, энесине кызмат кылууга кеткенде абид ибадатын баштайт. Бир кезде ибадат кылып жатып, уктап калат, уйкуда түш көрөт. Түшүндө нур жүздүү бир зат ага мындай дейт:

- Бир тууганың кечирилди.

Жаш абид жигит таң калып сурайт:

- Мен эмне үчүн кечирилбедим?

- Сен дагы кечирилдиң, бирок, бир тууганыңдын урматына кечирилдиң.

- Мен Аллаху таалага ибадат кылуудамын. Бир тууганым болсо энеме кызмат кылууда. Бирок, менин анын урматына кечирилүүмдүн сыры эмнеде?

Ал зат айтат:

- Аллаху таала силерге нафил ибадатты фарз кылган эмес. Ал эми, эне-атага жакшылык кылууну, кызмат кылууну фарз кылган. Анын үстүнө, энең кызматка муктаж болуп жатат. Бир тууганың буйрукту орундагандыктан ийгиликке жетти жана көтөрүлдү. Анын урматына сен дагы кечирилдиң.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш