Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Падышалыгын кантип таштады




Падышалыгын кантип таштады


Балх Падышасы Ибрахим Эдхем бир түнү жубайы менен куш жүнүнөн тигилген төшөктө жатып өзүн абдан ырахат сезген болушу мүмкүн: "Хатун, Жаннатта да сени менен ушундай бирге болсок”, - деди. Дал ошол маалда сарайдын чатырында бирөөнүн басып жүргөнү угулат. Чатырга бир адам чыгып алганын түшүнөт.

Ибрахим Эдхем ачууланып: "Бул саатта чатырда жүргөн неме ким... Ал жерде эмне издеп жүрөсүң”, - дейт. "Төөмдү жоготуп издеп жүрөм”, - деп жооп берет.

Падыша ого бетер ачууланып: "Ээй, адашкыр, чатырда төө болчу беле?” – деп кыйкырат. Чатырдагы киши айтат: "Эй, өкүмдар! Чатырда төө изделбей атлас төшөктө Жаннат изделчү беле?”

Бул сөз өкүмдарга абдан тассир кылат...

Таң эрте вазирлери менен көрүшүп жатып ой-санаасы түндө болгон бул окуяда эле. Бул маалда бакчадан үн угулуп баштайт. Терезеден караса далылуу, келбеттүү жаш жигиттин сарай сакчылары менен талашып-тартышып жатканын көрөт. Аларды ичке киргиле деп чакырат жана жаш жигиттен эмне каалап жатканын сурайт. Жаш жигит ачууланып: "Мен ханга киргим келип жатат, булар болсо киргизбей жатат”, - дейт. "Аныңа макул, бирок, бул жер хан эмес сарай, мен болсо падышамын”, - дейт.

Жигит ага болбой:

- Жок, бул хан.

- Макул анда, хан дегениң кандай болот?

- Сенден мурда бул жерде ким бар эле?

- Атам бар болчу.

- Ага эмне болду?

- Көчүп кетти.

- Андан мурдачы?

- Чоң атам бар болчу?

- Ага эмне болду?

- Ал дагы көчүп кетти.

- Андай болсо бири конуп, бири көчкөн жер хан деп аталбайбы?

Баягы жигит муну айтып чыгып кетет.

Түнү чатырдагы адамдын сөздөрү жана бул жаш жигиттин сөздөрү падышанын абдан бушайманга салды. Дароо ууга кийген кийимдерин кийип, атынын оозун талаа белге салат. Бул эки окуянын таасиринен кутулууга аракет кылат. Бир кийик көрөт. Муну кубалап баштайт. Бир канча саат алек болот. Акыры кийик качып кутула албай турчу жерге такалып калат. Өзүнчө кобуранып кийикке айтат: "Мени ушунча чарчаттың, эми кантесиң, менден кантип кутуласың?”. Дал ошол маалда кийик Аллаху тааланын уруксаты менен тилге келип: "Сенин башка ишиң жокпу, менден эмне күтүп жатасың, сен эмне, мени өлтүрүш үчүн жаратылдың беле, өз милдетиңди кылбайсыңбы”, - дейт.

Муну уккан Ибрахим ок-жаасын ыргытып, тообо кылат. Падышалыгын да таштап өз жерине кайтып барган жок. Барып, Ислам аалымдарына шакирт болду, жылдар бою илим менен алектенди. Акыры Ибрахим Эдхем хазреттери болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш