Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Эне акысынын мааниси




Эне акысынын мааниси


Эски бир коомдо Журейж аттуу көп ибадат кылган бир жигит болот. Күнү-түнү ибадат кылчу. Бул жигиттин карыган апасы бир күнү:

- Балам, келип мына бул иштерде мага жардам бер! – дейт.

Бул кезде баласы нафил ибадат кылып отуруп келген жок. Апасы буга өтө таарынып, «Жаман аялдардын жалаасына жем бол!» -  деп жаман дуба кылды. Алар менен кошуна турган бир аял бар эле. Бул аял бир күнү бир койчумандан никесиз боюна бүтүп калат. Ошол кездеги өкүмдар болгон окуянын чын-төгүнүн билүүгө буйрук берет. Аял башына түшө турчу жазадан коркуп, көп ибадат кылган кошуна жигитке жалаа жабат. Өкүмдар жигитти чакырып:

- Эй, Журейж! Бир жактан ибадат кылып, молдо болуп көрүнүп, экинчи жактан зина сыяктуу чоң күнөөгө батып жүргөн экенсиң?

- Мен мындай эч бир иш кылганым жок. Мага бул жалааны жапкан ким болду экен?

 - Сенин кошунаң баланча аял сени кылды деп айтты.

Ушул кезде жигит катасын түшүндү. Апасынын жаман дубасына учураганын сезди. Өкүмдардан бираз убакытка уруксат алып, апасынын жанына келип жалбарат:

 - Апаке, мага «Жаман аялдардын жалаасына жем бол!» деп жаман дуба кылган элеңиз, Хак таала дубаңызды кабыл кылды. Баланча аял мага жалаа жапты. Өкүмдар эми мени жазалайт. Мени кечире көрүңүз апаке, жазадан кутулайын! Мындан кийин сизге кызмат кылуудан кемчилик кылбай турган болом.

Апасы уулунун бул кыйын абалын көрүп чыдай албай мындайча дуба кылды:

- Эй, Раббим! Эгер уулума кылган жаман дубам кабыл болгон болсо анын үстүнөн ал!

 Апасынын дубасын алган жигит өкүмдардын жанына кайтып келип ага мындай дейт:

 - Мага жалаа жапкан аялды кайра суракка алууңузду өтүнөм.

Аялдан кайрадан суралганда бул жолу аял:

- Мен ага жалаа жаптым. Бул кошунамдын күнөөсү жок. Жигит ушундайча жалаадан кутулат.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен сухбат кылып отуруп бул окуя тууралуу мындай деди: «Эгер Журейж фыкых илимин билгенде апасына кызмат кылуунун Раббине нафил ибадат кылуудан дагы жогору экендигин билер эле.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш