Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Мен Ага ашык болдум




Мен Ага ашык болдум


Курани карим окуп жаткан кезде сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысымын укканда дароо ошол мубарек ысымды урматтоо жана сүйүү керек. Көп жакшылыктарга жетет. Муса алейхиссаламдын заманында эч ким жактырбаган, күнөөкөр бир адам бар эле. Бир күнү ал киши өлөт. Айланасындагылар ушул да адамбы деп таштандыга алып барып ыргытып салышат. Аллаху таала Муса алейхиссаламга: «Менин баланча жердеги таштандыда олуя бир кулум жатат. Аны ал жерден чыгарып, тазалап, жаназасын окуп жерге бер», - деп буйрук кылды. Муса алейхиссалам алиги адамды таштандыдан чыгарып, жакшылап жууп, кепиндеп, жаназасын окуду. Муну көргөн эл таң калды. Жерге бергенден кийин Муса алейхиссалам ал адамдын үйүнө келип:

- Эй, аял, бул адам эмне кылган, кандай жакшы амал кылган? – деп сурайт. Аял:

- Эй, Аллахтын Расулу, эч ким аны жакшы көрчү эмес, баары андан качышчу, анын эч кандай жакшы амалы да, жакшылыгы да жок эле, ар дайым күнөө кылчу, - дейт. Үч жолу сурайт:

- Анын сөзсүз түрдө бир жакшы иши бар, Аллаху таала мага аны жерге берүүмдү буюрду, - дейт. Ошондо аял мындай дейт:

- Бир күнү Тоорат окуп жаткан кезде Мухаммед алейхиссаламдын Ахмед деген ысымын туш келди. «Бул кандай сулуу ысым», - деди, дагы да окуп, «Бул кандай сулуу ысым, эй, Раббим ысымы ушундай сулуу болгон адам ким билсин өзү да сулуу чыгар, «мен ага ашык болдум», - деп ыйык ысымын өпкөн эле.

Муса алейхиссалам  - болду, эми түшүнүктүү болду, - дейт. Мындай Пайгамбарга үммөт болуу - эң чоң нимат.

Бир адам ишенип, Мухаммед алейхиссаламды бир жолу көргөн болсо, жанынан, атүгүл, аркасынан көргөн болсо да же эгер көзү сокур болуп ыйык үнүн бир жолу уккан болсо жана ыйман келтирсе бүткүл илимдер (табият жана дин өкүмдөрү менен бүткүл үстөмдүктөр) ага берилет. Бул нерсе боёкко салынган кездеменин боёктун өңүн өзүнө сиңирип алуусуна окшойт. Бүткүл үстөмдүктөр жана илимдер ага өтөт. Ошол себептен сахабалардын бардыгы мужтахид эле. Алардын даражасына эч ким жете албайт, бул жогорку даражаларга алар гана татыктуу (рыдвануллахи алейхи ажмаин).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш