Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Кайсы тарапта экенин билдирүү




Кайсы тарапта экенин билдирүү


Ар ким өз тарабын, өз жагын, өзүнүн кайсы тараптын адамы экенин билдирүүсү керек. Башка айла жок. Анткени, акыретте адамдын бара турган эки гана жери бар. Бири – Бейиш, экинчиси – Тозок. Үчүнчү жер жок. Акыретте: Сен кайсы тараптын адамысың?” – деп суралат.

Сулайман алейхиссалам ары пайгамбар, ары падыша эле. Ал башкарып турганда мамлекеттин ак сөөктөрү, бекзадалары ага сыйлык алып келишет. Бир кумурска да элден калбай чегирткенин жулунган бир бутун оозуна тиштеп алып хан сарайына бет алат. Кумурскадан: "Кайда барасың?” -деп сурашат.

- Сулайман алейхиссаламга сыйлык алып бара жатам – деп жооп берет.

- Көптөгөн ак сөөктөр, бекзадалар көп түрлүү сыйлыктарды алып барып жатышыптыр, сенин чегирткеңдин бутуна ким карайт?

- Андай дебегиле.

Сулайман алейхиссаламга сыйлык алып келгендердин аттары бир тизмеге жазылат, мен да өз атымды ошол тизмеге жаздырамын. Ал жерде ким келди, ким келбеди деп тизмеге каралат – деген экен.

Ибрахим алейхиссалам отко таштала турган кезде дагы да бир кумурска оозуна суу толтуруп ташып жүрөт. Бир мубарек киши кумурскага:

- Сен отко да жакындай албайсың го, оозундагы бул суу менен отту кантип өчүрөсүң? – дейт.

- Албетте, өчүрө албайм, өчүрө албасымды өзүм да билем – дейт кумурска.

- Андай болсо эмнеге ташып жатасың?

- Өзүмдүн ким тарабында экенимди билдирип жатам. Мен отту өчүрүп жаткандар тарабындамын – дейт кумурска.

Анын ары жагында жылан отту токтобой жатты. Жыландан:

- Сен эмне кылып жатасың? – деп сурады.

Ибрахим азыр оттко ташталат, отту мындан дагы күчтүүрөөк жалындап күйсүн деп үйлөп жатамын.

- Эмнеге андай кылып жатасың?

- Мен да ким тарабында экенимди билдирип жатамын. Мен отту күйгүзүүчүлөр тарабындамын.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш