Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Опаачыл сезим айбанда да бар




Опаачыл сезим айбанда да бар


Адам баласынан бир нерсе күтүп болбойт. Адамдар бүгүн сүйүшөт, эртең сөгүшөт. Аллаху тааладан күтүү керек. Тоодон бир ажыдаар түшүп келе жаткан экен, ошол кездин эң улуу олуясы болгон мубарек бир зат шакирттери менен тоо этегине чыгышкан болот. Анын аркасында болсо Абу Али Фармади «рахметуллахи алейх» дагы бар болот. Ажыдаар тоодон түшкөндө жанагы мубарек зат дагы атынан түшүп ага карай басат. Аркасынан шакирти дагы барат. Дал аркасына келгенде ажыдаар оозу-мурдун топуракка сүртө баштайт. Шакирти менен көзмө-көз келип калганда: «Сенин бул жерде эмне ишиң бар?» - дейт. «Мунун сырын билмейинче бул жерден кетпейм», - дейт. «Кайдагы сыр экен?» - дейт. Шакирти: «Сиз бул ажыдаар менен сүйлөштүңүз. Сиздин милдетиңиз - шакирттериңизди иршад кылуу. Анын милдети - адамдарды жеп курутуу. Бирок, карап турсам мамилеңиздер жакшы.» Ошондо мубарек зат айтат: «Он алты жыл бою бир үңкүрдө чогуу жашаган элек. Менин жытымды таанып, опаачылдык сезимин билдиргиси келди. Жаныбардагы бул опаа сезими адамда жок.» 

«Экинчи бир нерсени сурайын сизден. Жыландын милдети – чагуу. Бул кантип сизди чакпады, кандайча сизге кол салбады?» «Мүнөзү (ахлагы) жакшы адамдын жанында бардык макулуктун мүнөзү жакшы болот. Мисалы, «аялым менен тил табыша албай жатам» десең кемчилик сенде. Жакшы мүнөздүү бол, ал дагы жакшы болсун. Илгертен айтылат, Ибрахим алейхиссалам өтө бийик ахлактуу болгондуктан Намруд жаккан оттун дагы ахлагы өзгөрдү. Ал Бейиш болду. Ошондуктан, кемчилик сенде! Айрыкча адамдар өздөрүн эсепке тартпай туруп эч бир адамга сөз тийгизүүгө акылары жок. Мубаректер айтышкан: «Аллаху таала Исламиятты дүнүйө жана акырет бакыты үчүн жаратты. Ал – дары. Эмне үчүн дарыны ичпейсиң, ичсең дагы белгиленген өлчөмүндө ичпейсиң же маалында ичпейсиң? Кыскасы, аны шартына ылайык пайдаланбай жатасың, акыры келип оорудан онтойсуң. Кемчилик менде деш керек. Эгер насыяттар адамдын көңүлүн, мүнөзүн өзгөртпөй жаткан болсо бардыгы муздун үстүнө жазуу жазгандай бекерге кетет. Эгер өзгөрүп жаткан болсо мына ошол насыят. Өлбөй туруп бар болом деп кантип айта аласың?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш