Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бул кабар кантип айтылат




Бул кабар кантип айтылат


Сахабалардан Навфал (радыйаллаху анх) эки кичине уулун жетелеп жубайы менен бирге Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жанына келип мындай деди: "Йа, Расулаллах! Мен дуба кылайын, Сиз "амин” деңиз. Ушундайча кылган дубам кабыл болсун.” Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): "Сен айт, мен "амин” дейин”, - деди. Навфал (радыйаллаху анх) алакандарын жайып мындайча дуба кылды: "Эй, ааламдардын Раббиси! Навфал кулуңа шейиттик насип кыл. Бул эки уулумду жетим кыл. Бул энесин жесир кыл.” Мындан кийин барып кылычын кушанып, атына минип душманга каршы согушка кошулду. Согушта бир нече душманды өлтүрүп, акыры анын атын жарадар кылышты. Кийин өзүн дагы шейит кылышты. Зубейр бир Аввам (радыйаллаху таала анх) айтат: "Мен келип Расулуллахка Навфалдын шейит болгондугун кабарладым. Навфалдын шейит болуп, канга боелуп жаткандыгын айттым. Хазрети Пайгамбардын көздөрү жашка толуп, кийин ошол жердеги сахабалар менен бирге келишти. Саад бин Абу Ваккас ок атып, мушриктерди анын денесинин жанынан алыстатышты. Расулуллах келип башын тизесине алып мындай деди: "Аллаху таала сага рахмат кылсын эй Навфал! Күмөнсүз, Аллаху таала эртең кыямат күнү нида кылып буюрат. Сен Арштын алдынан чыгасың. Башың оң колуңда болот. Тамырларыңан кан агат. Жыты мисктен жыпар жыттуу болот. Эсепсиз, суроосуз Жаннатка барасың. "Кийин Абдуррахман бин Авф хазреттерине буйрук кылып жаба турчу кездеме алдырышты. Ороп жерге беришти. Кийин Расулуллах бармактарынын учтары менен басты, сурашканда мындай деди: "Мени Пайгамбар кылып жиьерген Аллаху таалага ант кыламын, Навфалга ушунча көп периштелер келишкендиктен баса турчу жер табалбай жаттым. Бир периште келип канатым буттарымдын алдына төшөдү. Ошого бастым.” Газават бүткөндө Пайгамбар алейхиссалам барып Хазрети Наффалдын кабырын зыярат кылып турушту. Кийин көп олжо жана жеңиш менен Мединага жол алышат. Дал Мединага кире бериште Хазрети Навфалдын жубайы кичине балдарынын колунан жетелеп Пайгамбарлардын Султанына (саллаллаху таала алейхи ва саллам) жолугушат.

- Жеңишиң мубарек болсун, йа Расулаллах! Навфалдан кабар барбы?

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ошол балдарын карайт. Көздөрү жашка толот.

Бере албады бул кабарды, чарасыз турган аялга бере албады бул кабарды...

Атынын үстүнөн ыйык колдору менен арка тарапты көрсөтөт... "Келе жаткандардан сура” деген мааниде...

Бечара аялдын тынчы кетет... Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) эмне үчүн эч нерсе айтпады...

Чарасыз абалда арка тараптагы келгендерге карай барат...

Атынын үстүндө бүткүл айбаты менен Хазрети Омар (радыйаллаху анх) келе жаткан эле...

- Йа, Омар! Расулуллахтан Навфалды сурадым, эч нерсе айтышпады. Же күйөөмдүн башына бир келдиби?

Тоо титирейби? Титирейт. Аскер ордолорун титиреткен Хазрети Омар (радыйаллаху таала анх) дагы бере албайт бул жоопту... Ал дагы колу менен арка тарапты көрсөтөт...

Мубарек энебиз барган сайын күчөгөн санаасынан келе жаткандардан бир-бирден сурайт. Эч кимден үн чыкпайт. Хазрети Осман, Хазрети Али жана бардык Асхаби кирам (алейхимуррыдван) үн-сөз жок, капалуу келатышкан...

Сахаба энебиз эми Мединага кирип келаткан кошуундун эң акырына келип калган эле. Жүрөгү жанчылган... Балдары дагы азыртадан эле жетимдер сыяктуу чарасыз карап турушту. Атасын көрө албай тарткан ыздыраптарынан апаларын кучактап, төккөн көз жаштарынан билдирип жатышты.

Кошуундан эң акырында Пайгамбарлардан (алейхимуссалам) кийин адамдардын эң жогорусу, Расулуллахтын жакын досу Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху таала анх) келе жаткан эле.

Сахаба энебиз акыркы чара катары ошол улуулардын улуусуна жакын барат.

- Йа, Аба Бакр! Расулуллахтан сурадым, жооп бербеди. Бардык сахабалардан сурадым эч нерсе айтышпады. Навфалдан эмне кабар бар?

Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху таала анх) хазреттери дагы аркасын карайт. Бирок, өзүнөн кийин эч ким калбаганын көрөт. Сулуу сакалын кармап, сөөмөйүн тиштерине тийгизет. Ичинен мындай дейт:

- Йа, Рабби! Мен азыр кандай кыйын абалдамын... Бул ушундай кыйын кабар, муну айтуудан Расулуң дагы тартынды. Аллахым, жалган дагы айтпайм. Чындыкты айтсам Сенин Пайгамбарыңа каршы чыккан болом. Көңүлдөр жыгылат. Жалган айтсам "Дин”жыгылат.

Ичинен ушундай ачуу ыздырап тартат Ал улуу сахаба (радыйаллаху таала анх) бул абал каршысында... Жалбарды Өзүнөн башка илах болбогон Аллаху таалага... Бул кандай гана жалбаруу...

"Илахи, Сен мага ошондой бир нерсени илхам кыл... дин да жыгылбасын, көңүлдөр да жыгылбасын...”

Бул жалбаруудан кийин Сыддыки Акбар (радыйаллаху анх) дароо ичиндеги кайнаган бир вулкан менен кыйкырат:

"ЙА АЛЛАХ, ЙА НАВФАЛ...

Чагылган сымал бир заматта атчан бирөө чыга келет.

- Айтыңыз йа Аба Бакр! Мени чакырдыңызбы!!!

Бул келген зат Хазрети Навфалдан башка бирөө эмес эле...

Асхаби кирам (алейхимуррыдван) ыйык денеси тешкиленип шейит болгон Хазрети Навфалдын бир заматта жаңыдан тирилгендигин көрүшкөндө таң калышты.

Сахабалардан Зубейр бир Аввам хазреттери айтат: "Расулуллахтын ушундай ыйык адаты бар эле, сапардан кайтып келгенде мечитке барып, эки рекет намаз окушчу. Сапарга барбагандар келишип, салам берип куттукташчу. Бул жолу дагы ошол адаты бобнча мечитке барды. Отурушканда эшикте эл жыйналды. Алардан аралап Навфал ичкери карай кирип, салам берди. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Навфвлды тосуп алып, саламын алаып өз ордуна отургузгандан кийин өзү дагы жанына отурду. "Субханаллах! Бул бир аят, Хак таала түшүндүрдү. Кимдин колу менен болду экен, - деп турганда ошол замат Хазрети Жабраил алейхиссалам келди. Зубейр бин Аввам (радыйаллаху анх) айтты: "Көзүм менен көрдүм, кулагым менен уктум. Башында Жабраилдин сарыгы бар эле.”"Йа Мухаммед! Шүгүр саждасын кыл, үммөтүңдө Аллаху таала Хазрети Иса алейхиссалату вассалам сыяктуу өлүүнү тирилткен адамды жаратты. Аллаху таала сага салам кылууда. Хак таала буюрууда: "Менин Хабибим, эгер сенин үңкүрдөгү жан жолдошуң Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) сакалы колдорунун ичинде турганда дагы бир жолу "Йа Аллах!” дегенде жалалымдын акысы үчүн бардык шейиттерди тирилтмекмин. Йа, Мухаммед! Абу Бакр кулума айт, мен андан ыраазымын. Ал дагы менден ыраазыбы? Анын сөзүн чындыкка чыгаруу үчүн Навфалды тирилттим. Себеби, ал жахилия доорунда дагы жалган сүйлөбөгөн.”Ошондо Пайгамбарыбыз Абу Бакрдын сакалын өөп Жабраил алейхиссалам берген сүйүнчүнү кабарлап мындай деди: "Йа, Аба Бакр! Чындык жана ылайык, Аллаху таала сага сый кылды. Ошол Аллаху таалага шүгүрлөр болсун, мен дүнүйөдөн кетүүдөн мурда үммөтүмдө Хазрети Иса алейхиссалам сыяктуу Аллаху тааланын уруксаты менен өлгөндү тирилткен адамды жаратты. Андан кийин Абу Бакр хазреттери сарагын чыгарып, башын ачып айтты: "Йа, Расулаллах! Хазретиңен уяламын. Болбосо сарыгымды Жаханнам отунун үстүнө койоор элем. Жаханнам отунун үммөтүңдүн чоң күнөө кылгандарга тийүүсүнө кедерги болор элем. Андан кийин Навфал көп жылдар өмүр сүрдү. Мурдагы уулдарынан башка дагы эки уулдуу болду. Кийин Йамама согушунда шейит болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш