Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Аллахка шүгүр кылуу




Аллахка шүгүр кылуу


Муса алейхиссалам Аллаху тааладан мындай деп сурады:

- Йа, Раббым! Адамдар берген ниматтарыңдын шүгүрүн канткенде орундаган болот?

Аллаху таала мындай деди:

"Эй Муса! Бир адам өзүнө берген ниматтарымды менден деп билип, өзүнөн деп билбесе, ниматымдын шүгүрүн орундаган болот. Бир кулум ырыскыларын өзүнүн кылган эмгектерим деп билип, менден деп билбесе ниматтардын шүгүрүн орундабаган болот.

Аллаху таала хадиси кудсиде мындай деген:

"Адамдарды жана жиндерди мен жараттым. А алар башкага ибадат кылып сыйынууда. Ырыскыларын мен берүүдөмүн, а алар башкага шүгүр кылууда!

Давуд алейхиссалам Аллаху таалага кайрылып сурады:

- Йа, Раббым! Адам алейхиссаламга өтө көп зыяпатАллаху таала ага мындай деди: "Эй Давуд! Ал бүткүл зыяпаттарымды мен тараптан келип жатканын билди. Анын мындай кылуусун анын шүгүр катары кабылдадым!

Давуд алейхиссалам:

- Йа, Раббым! Ниматыңдын шүгүрүн кандай орундаймын? Анткени, шүгүрдү орундоонун өзү да сенден келүүчү нимат.

Аллаху таала мындай деди:

"Эй, Давуд! Сен азыр шүгүр кылдың. Өз алсыздыгыңды ниматтын шүгүрү деп билдиң.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш