Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Юсуф алейхиссалам




Юсуф алейхиссалам


Хазрети Юсуф менен бир тууганы Бунямин энелеринен айрылгандан кийин атасы Хазрети Якуб (Жакып) аларга башка уулдарынан да көп көңүл бөлө баштайт. Агалары муну көрүп кызганычтарын ичтерине батыра алышпайт.

Бир күнү Юсуф ажайып кызык түш көрөт. Түшүндө он бир жылдыз жана ай менен күн ага сажда кылып, баш ийип турган экен. Бул түшүн атасына баяндайт.

- Балам, мартабаң жогору болот экен. Мындай шапаатка Аллахтын нуру түшкөн адамдар гана ээ болушат, - деп жоруп, бул түшүн эч кимге айтып койбоосун өтүнөт. Кимдир бирөө кастык кылбасын деп кооптонот. Ушул окуядан кийин Хазрети Якубдун бала ЮсуфкаЯкуб пайгамбар муну угуп: "Эмне болду, Юсуф кайда?” - деп сурады. Алар канка боёлгон көйнөктү көрсөтүп: "Жарышып ойноп жатканбыз, Юсуф кийимдерибизди карап калган болчу. Келсек аны карышкыр жеп кетиптир”, - дешет. Хазрети Якуб ыйлап, Юсуфтун көйнөгүнБул убакта жаш Юсуф ташталган кудуктун жанына бир кербен келип токтойт. Алардын бири кудукка челек таштайт. Хазрети Юсуф челекке жармашып сыртка чыгат. Кербенчилер аны Мысырга алып барып кул базарына чыгарышат. Жүзүнөн нур төгүлүп тургандыктан көргөндөрдүн баары аны сатып алгысы келет. Аны Мысыр өкүмдары Реянын казыначысы Азиз сатып алат.

Азиздин аялы Зылиха жаш эле. Хазрети Юсуфтун сулуулугуна, жүзүндөгү пайгамбардык нуруна көргөн жандын баары таң калчу. Бул абал Зылиханын ага ашык болуусуна себеп болду. Зылиха бир күнү Хазрети Юсуфту жанына чакырат. Канчалык сулууланса да Хазрети Юсуф ага көңүл бурбайт. Ашыктыкка чыдабаган Зылиха напсин тыя албай Юсуфтун көйнөгүнүн артынан кармап тарып жибергенде жыртылып кетет. Ушул учурда казыначы Азиз келип, болгон окуянын үстүнөн чыгат. Зылиха: "Мени маскаралап, зинага чакырды, зордуктады”, - деп Юсуфка жалаа жаап, аны зынданга салыш керек экенин айтат. Азиз казыга барганда казы ага: «Эгер көйнөк алдынан жыртылса Юсуф, артынан жыртылса Зылиха күнөөлүү», - дейт. Зылиханын күнөөлүү экенин билсе дагы эл арасына сөз тарап кетүүсүнөн коркуп, Юсуфту зынданга салдырат.

Ушак акыры тарабай койбойт. Бир күнү Зылиха бир топ аялды конокко чакырып, жемиш тууратып коёт. Ушул учурда Юсуфту зындандан алдырып, алардын алдынан жүгүрүп өтүүнү буйрук кылат. Хазрети Юсуф өтүп бара жатканда анын сулуулугун көрүп эсинен танган аялдар

Кийин Аллахтын буйругу менен Юсуф зындандан чыгат. Сырткы сулуулугу менен гана эмес ички суруулугу менен өзгөчөлөнгөн Юсуф пайгамбар тууралуу касиеттүү Курани каримдин 12-чи "Юсуф” сүрөсүндө баяндалат. "Юсуф-Зылиха” ырында да бул окуя толук баяндалат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш