Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Куранды тыңшаган мушриктер




Куранды тыңшаган мушриктер


Исламдын алгачкы жылдарында Меккелик мушриктер түрдүү айлалар жана зулумдуктар аркылуу адамдардын ыйман келтирүүлөрүнө кедерги болушчу. Меккенин элине Мухаммед алейхиссалам окуган аяттарды угууларына тыйуу салышчу. Бирок, өздөрү түндө жалгыз-жалгыздан Пайгамбарыбыздын үйүнүн айланасына жашырынып барып, Пайгамбарыбыз окуган аяттарды тыңшашчу. Таң атып, айлана жарык болгондо ар бири жанырынып отурган жерлеринде бири-бирин көрүп айыпташчу. Акыры: "Биз анын кудайына ишенбейбиз. Мухаммед сыйкырчы окшойт? Сыйкырлуу сөздөрүн кудайдын сөзү деп элди алдоодо. Биз, Меккенин чыныгы тургундары ушул сыйкырчыга каршы күрөшүүдөбүз. Эми мындай кылбайлы”, - деп бир чечимге келип, үйлөрүнө тарап кетишчү. Бирок, эртеси түнү баары бир Курани каримдин адабий жана руханий бийик мазмундуу сөздөрүнүн алдында чыдай албай, башкаларга билдирбестен келе беришчү. Кызыгы, таң атып калганда бири-бирин байкап калып, дагы да бири-бирин күнөөлөп урушушчу. Кайра да келбөөгө ант ичип кетишсе да күнүгө ушул көрүнүш кайталана берчү.

Алар жалгыз гана напсилерине багынып, өзүлөрүн жогору санап, башка мушриктердин алдында айыпталуудан коркуп, куру намыстан улам ыйман келтиришпеди. Башкаларга да тоскоол болуу үчүн көчөдө "Мухаммед сыйкырчы” деп жар салышчу...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш