Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Үч күн ачкалык




Үч күн ачкалык


Пайгамбарыбыз бир күнү үйүнө кирип мындай деди:

- Йа, Айша! Үч күн бою даам татпадым. Жегенге бир нерсең барбы?

Ошол кезде эшик кагылып, Хазрети Абу Бакр келди. Эмнеге келгендигин сураганда мындай деп жооп берди:

- Йа, Расулаллах! Үч күн бою даам татпаган элем, ыйык жүзүңдү көрүп ачкалыгымды унутуу үчүн келдим.

Ушул учурда Хазрети Омар менен Хазрети Али дагы кирип келишти. Алар да ошол сөздү кайталашты.

Хазрети Али айтты:

- Йа, Расулаллах! Кече Муаз бин Жабалдын бакчасынан бакта бышып турган курмаларын көрдүм.

Анда Пайгамбарыбыз:

- Кана анда, Муаздын үйүнө баралы, - деди.

Чогулуп Муаздын үйүнө келишти. Муаз эшикке карай жүгүрүп, конокторду ичке киргизди. Пайгамбарыбыз жагдайды түшүндүргөндө катуу капаланып мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Курмаларды бүгүн эле жыйнап, бираз бөлүгүн жедик да, калгандарын садага кылып таратып жиберген элек.

Ошондо Пайгамбарыбыз Хазрети Алиге үйдөн бир себет алып бакчага баруусун жана курма багына "Расулуллах сенден курма берүүңдү сурады!” деп айтуусун буйрук кылды.

Хазрети Али Пайгамбарыбыздын сөзүн айтканда дарак дароо курмага толду. Себетти толтуруп алып келип, бардыгы тең тойгуча жешсе да себеттеги курмалар таптакыр азайбады.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш