Бир күнү
Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп
сурашты:
-Йа, Расулаллах!
Хазрети Алини ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы?
Пайгамбарыбыз:
-Андай болсо
Алини чакыргыла! – деди.
Бирөө Хазрети
Алини чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз мындай деп сурады:
-Бир адамга
жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар?
-Жакшылык менен
жооп беребиз.
-Кайра жамандык
кылса дагы жакшылык кыласыңарбы?
-Ооба, жакшылык
кылабыз.
-Силерге үчүнчү
жолу жамандык кылса эмне кыласыңар?
Үчүнчү жолу сураганында
эч ким жооп берген жок. Үнсүз баштарын төмөн каратышты. Хазрети Али келгенде
Пайгамбарыбыз андан да дал ушул суроолорду сурады:
-Эй, Али! Бир адамга жакшылык кылсаң, ал сага
жамандык кылса эмне кыласың?
-Жакшылык кылам.
Пайгамбарыбыз
жети жолу сураганда да ушул жоопту алды.
-Баары бир
жакшылык кыламын, йа, Расулуллах! Убара болбоңуз, канча сурасаңыз да берер
жообум ушул.
Сахабалар бул
жоопту укканда таң калып, Пайгамбарыбызга мындай дешти:
-Йа, Расулаллах!
Хазрети Алини эмне үчүн мынчалык жакшы көрүүңүздүн себебин билдик. Биз да аны өтө
жакшы көрөбүз...