Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Хазрети Али менен Хазрети Абу Бакрдын бири-бирине урматы




Хазрети Али менен Хазрети Абу Бакрдын бири-бирине урматы


Бир күнү Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) Расулуллахтын (алейхиссалам) үйүнө келет, ичке кирмекчи болгондо Хазрети Али (радыйаллаху анх) да келет. Хазрети Абу Бакр артка чегинип: "Йа, Али, алгач сен кир, - деди. Ал дагы жооп берип, араларында узакка чейин аңгеме болуп өтөт:

Али - Йа, Абу Бакр, сен кир. Анткени, ар жакшылыкта, ар кайырлуу иште алдыда болгон, баарынан алдыга озгон - сенсиң.

Абу Бакр – Сен кир, йа, Али, Расулуллахка сен жакынырааксың.

Али – Мен сенин алдыңан өтө албаймын. Анткени, Расулуллахтын "Үммөтүмдөн Абу Бакрдан жогору эч кимге күн чыкпады” дегенин уккам.

Абу Бакр – Мен сенин алдыңан кантип өтөм? Расулуллах кызы Фатима-туз-Захраны (радыйаллаху анха) сага бергенде: "Аялдардын эң жакшысын эркектердин эң жакшысына бердим, - деген эле го.

Али – Мен сенин алдыңан өтпөймүн. Анткени, Расулуллах: "Ибрахим алейхиссаламды көргүсү келгендер Абу Бакрдын жүзүн карашсын, - деген.

Абу Бакр – Мен сенин алдыңан өтө албаймын, анткени, Расулуллах айткан: "Адам алейхиссаламдын хилм (жумшактык) сыпатын жана Юсуф алейхиссаламдын көркөм мүнөзүн көргүсү келгендер Али Муртазаны карашсын!

Али – Сенден мурда кирбеймин, анткени, Расулуллах айткан: "Йа, Раббим! Мен эң көп жакшы көргөн жана асхабымдын эң улуусу ким?” - деп сураганда Хак таала: "Йа, Мухаммед (алейхиссалам), ал - Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх), - деп жооп берген.

Абу Бакр – Мен сенин алдыңан өтө албаймын, анткени, Расулуллах: "Илимди бир кишиге беремин, Аллаху таала аны жакшы көрөт, мен дагы аны өтө жакшы көрөм- деген. Ушул илим калаасынын эшиги сен болдуң.

Али – Сенин алдыңан баса албаймын. Анткени, Пайгамбарыбыз: "Жаннаттын эшиктеринде Абу Бакр Хабибуллах деп жазылган- деген.

Абу Бакр – Сенин алдыңан өтө албаймын, анткени, Пайгамбарыбыз Хайбер согушунда желекти сага берип: «Бул желек Малики Галибдин Али бин Абу Талибге берген сыйлыгы», - деп айткан.

Али – Сенин алдыңан кантип өтөмүн? Анткени, Пайгамбарыбыз: "Йа, Абу Бакр! Сен менин көрө турган көзүм менен билген көңүлүмдүн ордундасың, - деген.

Абу Бакр – Сенин алдыңан өтпөймүн, анткени, Расулубуз айткан: "Кыямат күнү Али Жаннат жаныбарларынын бирине минип келет, ошондо Хак таала: "Йа Мухаммед (алейхиссалам), сенин атаң Ибрахим Халил (алейхиссалам) кандай жакшы ата! Сенин тууганың Али кандай жакшы тууган!

Али – Сенин алдыңан өтө албаймын, анткени, Расул айткан: «Кыямат күнү Жаннат периштелеринин башчысы болгон Ридван аттуу периште Жаннатка кирет, Жаннаттын ачкычын алып келет. Мага берет. Кийин Жабраил алейхиссалам келип: "Йа, Мухаммед, Жаннаттын жана Жаханнамдын ачкычтарын Абу Бакр Сыддыкка бер, Абу Бакр каалаганын Жаннатка, каалаганын Тозокко жиберсин», - дейт.

Абу Бакр – Сенден мурда кирбеймин, анткени, Расулуллах айткан: "Али кыямат күнү менин жанымда Кавсардын жанында мени менен бирге. Сыраттын үстүндө мени менен бирге, Жаннатта мени менен бирге. Аллаху тааланы көрө турчу кезде мени менен бирге.

Али – Сенден мурда кире албаймын, анткени, Расул: "Абу Бакрдын ыйманыН бүткүл момундардын ыймандарынын топтому менен салыштырса Абу Бакрдын ыйманы оор басат- деп айткан.

Абу Бакр – Сенин алдыңан кантип өтөмүн? Анткени, Расулубуз: "Мен - илимдин калаасымын, Али – бул калаанын эшиги, - деген.

Али – Сенин алдыңан кантип басамын? Анткени, Расулуллах: "Мен - садыктыктын (чынчылдыктын, тууралыктын, адалдыктын) калаасымын, Абу Бакр – анын эшиги- деген.

Абу Бакр – Сенин алдыңан өтө албаймын. Анткени, Расулуллах айткан: "Кыямат күнү Али сулуу атка миңгизилет. Көргөндөр: "Бул кайсы Пайгамбар?” - деп сурашат. Аллаху таала: "Бул – Али бин Абу Талиб, - деп жооп берет.

Али – Санин алдыңан баспаймын. Анткени, Пайгамбарыбыз: "Мен жана Абу Бакр бир топурактанбыз. Кайрадан бир болобуз, - деп айткан.

Абу Бакр – Сенин алдыңан өтпөймүн. Анткени, Расулубуз айткан: "Аллаху таала: "Эй, Жаннат! Сенин төрт бурчуңду төрт адам менен кооздоймун. Бири – Пайгамбарлардын эң улуусу Мухаммед алейхиссалам, бири – Аллахтан корккондордун эң улуусу Али, үчүнчүсү – аялдардын эң улуусу Фатима-туз-Зехра, ал эми төртүнчү бурчунда – тазалардын эң улуулары Хасан менен Хусейин.

Али - Сенин алдыңан кантип басайын? Анткени, Расулуллах: "Сегиз Жаннаттан мындай үн чыгат "Эй, Абу Бакр, жакшы көргөндөрүң менен бирге кел. Баарыңар бирге Жаннатка киргиле!” - деген.

Абу Бакр – Сенден мурда өтпөймүн. Анткени, Расулуллах: "Мен бир бакка окшоймун. Фатима – бул бактын тамыры, Али – бутагы, Хасан менен Хусейин – жемиштери- деп айткан.

Али – Сенин алдыңан өтпөймүн, анктени, Расулуллах айткан: "Аллаху таала Абу Бакрдын бардык кемчиликтерин кечирсин. Анктени, ал кызы Айшаны мага берди. Хижратта мага жардамчы болду. Билал Хабашини мен үчүн алып, азат кылды.”

Расулуллах алейхиссалам бул эки сүйүктүү досунун эшик алдында ушунтип сүйлөшүп тургандарын ичтен тыңдап турган эле. Хазрети Алинин сөзүн бөлүп ичтен сүйлөдү: "Эй, боордошторум Абу Бакр менен Али (радыйаллаху анхума)! Ичке киргиле. Жабраил алейхиссалам келип: "Жердеги жана жети кабат асмандагы периштелер силерди угуп турушат. Кыяматка чейин бири-бириңерди мактасаңар да Аллаху тааланын алдындагы урматыңарды жеткире албайсыңар!” - деди.” Экөө кол кармашып бирге Расулуллахтын алдына киришти. Расулуллах:

"Аллаху таала экөөңө тең жүз миңдеген рахмат жаадырсын. Экөөңөрдү жакшы көргөндөргө да жүз миңдеген рахмат жаадырсын жана душмандарыңарга да жүз миңдеген лаанат болсун, - деди. Хазрети Абу Бакр Сыддык: "Йа, Расулаллах! Мен Али тууганымдын думшандарына шапаат кылбаймын, - деди.

Хазрети Али дагы: "Йа, Расулаллах! Мен дагы Абу Бакр тууганымдын душмандарына шапаат кылбаймын жана башын кылыч менен чабамын, - деди. Абу Бакр: "Мен сенин душмандарыңды Сырат көпүрөсүнөн өткөрбөймүн, - деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш