Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Шейх Али Самарканди




Шейх Али Самарканди


Али Самарканди хазреттери Самарканддан Түркиянын Анкара шаарына жакын Чамлыдере деген жерине биринчи барганда айыл тургундары уйларын бага турчу бадачы издеп жатышкан болот, бирок, эч ким табылбай жаткан болот. Айыл эли Хазрети Али Самаркандини жакшы таанышчу эмес. Элдин бул кыйынчылыгын көргөн Али Самарканди аларга: "Уйларыңарды мен кайтарайын, эмгек акысын дагы талап кылбаймын, - дейт. Айылдыктар анын бул сунушуна өтө кубанышат. Айылдарына жаңыдан келип, дин тууралуу, ыйман тууралуу сукбаттарды жүргүзгөн бул кишиге алар: "Биз уйларыбыз менен кошо музоолорубузду да бадага кошкубуз келет, эгер музоолордун энелерин эмбестен кезүүгө чыгып келүүсүн камсыз кылсаңыз ыраазы болор элек, - дешет.

Ал болсо бул сунуштарына макулдугун билдирет. Эртеси уйлар менен музоолорду бирге жайытка алып келген Али Самарканди хазреттери уйларга кайрылып: "Эй, уйлар жана музоолор! Кечке чейин бирге оттогула, бирок, музоолор энелерин эмбесин, энелери дагы балдарын эмизишпесин!” - дейт.

Ушул сөздөн кийин кечке чейин уйлар музоолорун эмизишпейт. Музоолору дагы эмүүгө аракет кылышпайт. Кеч кирүүсүн чыдабай күткөн айыл тургундары уйларынын эмчектери сүткө толуп келгендерин көрүшкөндө аң-таң болуп калышат. Мындайды мурун угуп- көрүшкөн эмес эле. Мунун Али Самарканди хазретинин керемети экендигин жана анын улуу олуя киши экендигин түшүнүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш