Эки сценарий


Үй-бүлөңүз менен таң эрте бирге тамактанып отурасыз. Балаңыз кофеге тийип кетип, кофе сиздин көйнөгүңүзгө төгүлдү. Аны урушасыз. Кофени төккөндүгү үчүн катуу айыптайсыз. Бала таарынып отуруп ыйлай баштайт. Эми кезек аялыңызга келип, идишти үстөлдүн четине койгондугу үчүн аны урушасыз. Мындан кийин кыска кайым айтыш өтөт. Ачууланып башка бөлмөгө барып көйнөгүңүздү алмаштырасыз. Кайтып келгенде балаңыздын тамагын жебегенин, сабакка барууга даярданбаганын көрөсүз жана мектепке алып бара турчу автобустан кеч калган болот.

Жумушка тез жетип барууңуз керек. Шашкан бодон машинаңызга барасыз. Балаңызды мектепке алып барууңуз керек. Кечиккендиктен катуу айдап баратып жол эрежелерин сактабай жол коопсуздук кызматкерлери сизди токтотушат. Ушундан кийин мектепке кечигип барасыз. Балаңыз "рахмат” деп дагы айтпастан мектепке кирип кетет.

Жумушка бир саат кечигип барасыз. Сумкаңызды үйгө калтырып келгениңизди көрөсүз. Күнүңүз жакшы башталган жок. "Мындан да жаман болушу мүмкүн беле?” деп ойлоносуз. Башыңыз ооруйт, кеч үйгө кайтууга шашыласыз.

Кеч үйгө барганда эртең мененки болуп өткөн окуядан кийин араңарда мамиленин салкындай түшкөнүн байкайсыз.

Мунун бардыгы эртең мененки кандай кыймылдаганыңыздан улам пайда болуп отурат. Эмне үчүн күнүңүз жаман өттү?

А) Кофе себеп болду.

Б) Балаңыз себеп болду.

В) Жол полициясы себеп болду.

Г) Сиз себеп болдуңуз.

Жооп – "Г. Күнүңүздүн жаман өтүүсүнө ошол 5 секунд ичинде балаңызды урушууңуз себеп болду. Негизи мындай кылышыңыз керек эле:

Үстүңүзгө кофе төгүлдү. Балаңыз ыйлаганы турат. Акырын гана "Мейли, балам, атайын кылган жоксуң да. Мындан кийин дыкат болууга аракет кыл, макулбу?” десеңиз эч нерсе болмок эмес. Көйнөгүңүздү алмаштырып, сумкаңызды алган кезде терезеден балаңыздын мектеп автобусуна отуруп бара жатканын көрмөксүз. Балаңыз сизге колун көтөрүп, жубайыңыз экөөңөр бири-бириңерге жакшы тилек айтып, маалында жумушуңузга барып, кесиптештериңиз менен жакшы маанайда саламдашмаксыз. Жакшы маанай менен жумушуңузду баштамаксыз.

Эки сценарий. Экөө тең бирдей башталды, бирок, акыры ар түрдүү болду. Буга кандай дейсиз?

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш