Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Байларга бербегенди мага бердиң




Байларга бербегенди мага бердиң


Иса алейхиссалам бир жолдон өтүп бара жатып бактын алдында отуруп берилип абдан дуба кылып жаткан бирөөнү көрөт. Ал киши мындай деп дуба кылып жаткан эле:

- Йа, Рабби! Байларга бербеген жакшылыгыңды мага бердиң. Сага чексиз шүгүрлөр болсун!

Иса алейхиссалам бул адамдын сокур, көтөрүм жана барас оорусуна чалдыккан бирөө экендигин байкап сурайт:

- Сен кайсы жакшылыктар үчүн минтип дуба кылып жатасың?

- Көңүлүм Аллах сүйүүсүнө толгон, акча сүйүүсүнө эмес. Тилим Аллаху тааланы зикир кылууда, бул жетиштүү эмеспи?

Бул жообу Иса алейхиссаламга абдан жакты. Ийилип эки кашынын ортосунан өөп жиберди. Ошол замат эки көзү ачылды. Ал киши Иса алейхиссаламга дыкат карап, сурады:

- Сен Иса пайгамбар эмессиңби?

- Ооба, мен Исамын. Кел эми өйдө тур!

Тиги киши дароо ордунан турду. Дени сопсоо кишидей болду. Дароо саждага барып жалбарды:

- Йа, Рабби! Сокур жана көтөрүм кезимде бул мүчөлөрүм менен күнөө кыла алчу эмес элем. Азыр болсо буларды мага ихсан кылдың. Мени күнөө кылуудан корго!

Иса алейхиссалам «Амин!» деп жолун улантты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш