Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Кайгыдан кантип кутулду?




Кайгыдан кантип кутулду?


Жалгыз уулунан ажыраган Кытайлык бир аял кайгысына чыдабай бир аалымга барып: «Эмне кылсам уулумду кайра мага алып келет?» - деп сурайт. Аалым ага көңүлүн жибите турчу сөз айтып кетирүүнүн ордуна: «Эч кайгысы жок бир үйдү таап, андан бир таруунун уругун алып кел. Аны сенин турмушуңдагы кайгыны жок кылуу үчүн колдонобуз», - дейт.

Аял дароо кайгысы жок үйдөн бул урукту издей баштайт. Өтө чоң, көркөмдүү бир үйдүн эшигин барып кагат. «Эч кайгы тартпаган бир үй издеп жүрөм, бул үй ошондойбу, мен үчүн өтө маанилүү», - дейт.

Аны үйгө киргизишет да: «Бул үй сенин оюңдагыдай үй эмес», - деп сөздү башташат. Акыркы күндөргө чейин баштарынан өткөн бүткүл кайгылуу окуяларды айтып беришет. Ошондо аял өз өзүнчө ойлонот: «Булар менден да кайгылуу экен, буларга сөзсүз бирөө жардам берүүсү керек». Ошентип, ал үйдө калып жардам берүүгө чечим чыгарат.

Кийин кайгысы жок дагы башка үйлөрдү издөөнү улантат. Бирок, кайсы үйгө барбасын кайгыга толо канчалаган окуяларды угат. Ошентип, башкаларды кайгыдан арылтууга умтулуп жүрүп өз уулунун кайгысын жана мындан арылта турчу урукту издөөнү да эсинен чыгарып коёт. Ушундайча кайгы акырын-акырындап анын да турмушунан чыгып кетти...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш