Бир боо жүзүм


Осман падышасы Султан Сулейман хан аскерлери менен бир христиан айылынан өтүп бара жатып жол тар болгондуктан аскерлеринин бир бөлүгүнө жүзүм бакчасынын ичи менен жүрүүгө туура келет. Аскерлердин бири бир боо жүзүм алып, ордуна бир капчык акча байлап келет. Падыша айылдан чыга бериште биразга тыныгып алууга токтойт. Ошол маалды айылдык христиан дыйкан алардын жанына келет. Толкунданып турган алиги киши баш колбашчыга келип ыраазычылыгын билдирет. Бир аскер жүзүм бакчасынан алган бир боо жүзүмдүн ордуна ака байлап келкендигин жана алардын мындай адамгерчилик касиеттерине таң калгандыгын айтат. Бирок, баш колбашчы бул кабарга кубана салбайт. Аскеринен биринин бирөөнүн өзгөнүн мүлкүн анын уруксатысыз алганын туура көрбөдү. Дароо ошол жүзүмдү алган жоокерди таптырды. Бул арада бул кабар падышанын да кулагына жетип барган болот. Падыша ал жоокердин аскер катарынан чыгарылуусун буйрук кылды да: «Ашказанында арам тамак болгон ордо менен жеңиш насип болбос», - деди. Алиги христиан киши жүзүмдү алып ордуна акча байлаган жоокерге рахматын билдирүүгө келгендигин, бирок, тескерисинче, ага зыяны тийгендигин айтканда баш колбашчы мындай деп жооп берди: «Эгер ал жоокер акча байлабаганында бул ордонун аты заалымдардын ордосу болор эле жана ал жоокер тийиштүү жазага тартылар эле! Бирок, акча байлагандыгы үчүн аскер катарынан чыгарылуу жазасына гана тартылды.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш