Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ар нерсенин артында бир жакшылык бар




Ар нерсенин артында бир жакшылык бар


Илгери бир өкүмдардын кеңешчиси болгон экен. Ал туш болгон ар бир окуяга «артында жакшылык бар чыгар» дей берчү экен. Султан дагы буга каршы болбой, «ошондой болсо керек» дечү экен. Бир күнү экөө аң уулоого чыгып, адашып калышат.

Жамгыр, бороон урган түнү бир алачыкка баш калкалашат. Араңдан зорго тапкан бир отунду сындыралы деп жатып Султандын көзүнө отун тийип, бир көзү көрбөй калат. Султан көзүм деп онтоп турганда жанындагы кеңешчиси демейдегидей: «Кайгырбаңыз Султаным, артында бир жакшылык бар чыгар», - деп жиберет. Султан бугаа чыдай албай: «Көзүм сокур болгонун көрбөй турасыңбы, мунун каеринде жакшылык болмок?» - деп ачуу менен кууп чыгат. Бир нече күн ошол жерде туруп өзүнө келген Султан кансарайына кайтууга жолго чыгат. Жөнөкөй кийим менен жүргөндүктөн анын Султан экенин эч ким билбейт. Жолдо каракчылар кармап алып: «Бүгүн биздин башчыбыздын бир тилеги кабыл болду. Тилегим кабыл болсо бир курмандык соём», - деп назир кылып койгон эле. «Курмандык атары бүгүн биринчи алдыңарга чыккан жандууну сойгула», - деген, буйрукту аткаруудан башка айлабыз жок, эми сени курман кылабыз, кечирип кой», - дешет. Ошентип султанды тыбырата жерге жаткырып соймокчу болгон каракчынын бири анын бир көзү сокур экенин байкап калып, башчысына: «Бирөөнү кармап курмандык чалалы дедик, бирок, көрүнүп тургандай бир көзү сокур экен, бул курмандыкка жарабайт» - дейт.

Ошентип алардан аман кутулган султан кансарайына келет. «Ар нерсенин артында бир жакшылык бар чыгар» деген кеңешчисин чакыртат. Андан кечирим сурап, жанынан кууп жибергени үчүн да өзүнчө кечирим сурайт.

Тиги киши: «Султаным, мени кууп жибергениңиздин артында да бир жакшылык бар экен. Каракчалык көзү соо экен деп сиздин ордуңузга мени союшмак экен», - дептир.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш