Адалдан жеш


Бардык ибадаттардын кабыл болуусу адал тамактанууга байланыштуу. Хазрети Ахмед бин Абдуллах Исфахани мындай деген: «Дин улууларынын көбү мындай дешкен: "Ибадаттар он бөлүктөн турат, тогузу халал жол менен тамак табуу, калган бир бөлүгү бардык ибадаттарды аткаруу болуп саналат.»

Ошол себептен адал тамак табууга тырышуу керек. Харамдардан жана күмөндүү нерселерден узак болуу керек. Пайгамбарыбыз: «Аллаху таалага ант беремин, бир үзүм арам тамак жеген адамдын кырк күн ибадаттары кабыл болбойт», - деп айткан.

Хазрети Суфйан Саври мындай деген:

«Харам акча менен жакшылык, кайрымдуулук кылуу – кирди заара менен жууп тазалаган менен бирдей.»

Хазрети Абу Хурайра мындай деген:

Расулуллах алейхиссаламдан уктум:

«Аллаху таала сулуу. Сулуу ибадаттарды гана кабыл кылат. Аллаху таала пайгамбарларына буйрук кылганын момундарга да буйрук кылды жана мындай деп айтты: "Эй, пайгамбарларым! Адал тамак менен тамактангыла жана салих, жакшы амалдарды кылгыла!” Момундарга да буйрук кылып мындай деди: "Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскылардын халал болгондорун гана жегиле!” Расулуллах алейхиссалам сөзүн улап мындай деди: "Узак жолдон келген, чачы, сакалы уйпаланган, жүзүн чаң баскан адам колдорун көккө көтөрүп дуба кылат. Йа, Раббим! деп жалбарат. А бирок, жеген-ичкени харам, азыгынын баары харам. Анын дубасы кантип кабыл болот?» Тактап айтканда, харам жеген адамдын дубасы кабыл болбойт деп айтты.

Ошондуктан, харамды, халалды, кумөндүү нерселерди жана пайызды билбеген адам, буларды бири-биринен ажырата албаган адам харамдардан кутула албай кылган ибадаттары бошко кетет.

Жазаир (Алжир) падышасы Яхия бин Яган бир жакка кетип баратып жолу олуя зат болгон Абдуллах Тунисинин (рахматуллахи алейх) даргейине туш келген эле. Падышанын жанжөкөрлөрү: «Падышам, бул жер айтылуу Абдуллах Тунисинин даргейи, зыярат кылгыңыз келеби?» - дешти. Пайдашы: «Жолубуз туш келиптир, андай болсо зыярат кылалы», - деп, даргейге киришти. Пайдышанын үстүндө өтө кымбат чепкендер бар эле. Абдуллах Туниси болсо өтө карапайым кийинген абалда эле. Падыша Яхия бин Яган олуя заттан: «Бул үстүмдөгү кымбат чепкен менен намаз окусам зыяны жокпу?» - деп сурайт. Абдуллах Туниси падышанын бул суроосуна күлдү. «Эмне үчүн күлдүңүз?» - деп падыша сураганда: «Сенин азыркы бул абалың иттердин абалына окшоп турат. Иттер таштанды аралап тойгонго чейин жешет, үстү-башы кирге батат. Кезек заара кылганга келгенде буттарын көтөрүп заара кылат. Сенин курсагың дагы арамга толуп турат да үстүмдөгү чепкеним намазга зыянбы деп сурайсың» - деди. Олуя заттын бул сөзүн уккан падыша аттан түшүп, ыйлап бутуна жыгылды. Даргейине кабыл алынып, кийин ошол замандын улуу олуяларынан болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш