Ислам дини » Курмандык » Курмандык малга кантип орток болсо болот




Курмандык малга кантип орток болсо болот


Суроо: Курмандыкты ортоктошуп сойуунун шарттары кандай жана эмнелерге маани берүү керек?

ЖООП

Бир нечеси мына булар:

1- Орток кишилердин баарынын мусулман болуулары, курмандык жана ибадатка ниет кылуулары жана ар биринин үлүшү жетиден бир бөлүктөн аз болбоосу шарт болуп саналат. Бир гана эт үчүн кошулган адам бар болсо жана анын бул ою маалым болсо эч кайсынысынын курмандыгы сахих болбойт. Орток болгон кишилердин бир бөлүгү өлгөн болсо же алжыган болсо зыяны болбойт.

2- «Мутлак назир» үчүн ортоктошуп сойууга болбойт. Б.а., орток кишинин бирөө белгилүү бир малды, мисалы, «мына бул мүйүзү бар кочкорду соём» деп атаган болсо, б.а., назир кылган болсо ал киши анын ордуна башка мал соё албайт, атаган курмандыгы катары башка малга орток боло албайт. Орток кишилердин бирөөнүн өткөн жылы сойбогон курмандыгына ниет кылуу жаиз болбойт. (Мутлак назир: Бир шартка байланыштуу болбой аталган нерсе.)

3- Бир уйду же төөнү жети кишиге чейин мусулман жана балагат жашка толгон адамдар ортоктошуп сатып алып сойсо болот. Буларга назир же акика курмандыгын да кошууга болот.

4- Бай кишинин сатып алган уюна кийин орток болуп кошулуу жаиз болсо да макрух болот. Макрух болбоосу үчүн сатып алаарда 7 кишиге чейин орток болобуз деп ниет кылуу керек. Бир өкүм боюнча кедей курмандык чалуу үчүн бир уй сатып алса кийин башка кишилерди орток кылып кошо албайт. Анын алганы назир өкүмүнө кирет.

5- Бир уйду эң көп 7 киши соё алат. Бир уйга 3,5,7 сыяктуу так сандагы кишилер орток болуулары керек деген шарт жок. 2,4,6 сыяктуу жуп санда да болот. Бирок, бардык иштердин так сандуу болуусуна маани берүү жакшы болот, анткени, бул заваид сүннөт болуп саналат. Хадиси шарифте мындай делген:

«Аллаху таала бир (б.а., так), так санды негиз кылып алгандарды жакшы көрөт. Эй, ахли Куран, так сандарды негиз кылып алгыла!» (Тирмизи)

6- Этти таразага тартып тең өлчөмдө бөлүшүп алуу керек. Майы, ичеги-карын, өпкө-боор сыяктуу жегенге болгон бардык мүчөлөрүн бөлүү керек. Таразага тартпастан бөлүшүп халалдашуу жаиз эмес, фаиз болот. Жети адамдын төртөөнө эти менен бирге бир-бир туяктан, бешинчисине эти менен бирге териси, алтынчысына эти менен бирге башы берилсе таразага тартпастан бөлүшүү жаиз болот. Жетинчиге эч нерсе берүү керек эмес.

7- Жети киши курмандык уйду бир кишиге берип: «Сойууга сойдурууга, этин каалаганыңдай колдонууга сени жалпыга бирдей өкүл кылдык» дешсе өкүл болгон киши этти бөлбөстөн бардыгын тең каалаган кишиге бере алат же таразага тартпастан орток болгон кишилерге көз болжоосу менен бөлүп бере алат.

8- Ашканалары бир болгон аял-күйөө же ата менен бала да сойгон курмандыктарын таразага тартып бөлүшүшөт. Бөлүшкөндөн кийин бири экинчисине кааласа этинин баарын тең белек (хадия) кылып бере алат. Бөлүшпөй туруп белек кыла албайт. Же жогоруда билдирилген жолдор менен таразага тартпастан да бөлүшүүгө болот.

9- Бирөө назир, бирөө акика, бирөө важиб, бирөө нафил, бирөө өлүү үчүн, бирөө Пайгамбарыбыз үчүн курмандык катары бир уйду союшса болот. Акика, важиб, назир бардыгы орток боло алат. Жети кишиге чейин орток болуу жаиз. Бир өзү үчүн гана алып, кийин башка кишилерди орток кылып кошуу макрух болот.

10- Бир уйду эң көп 7 киши соё алат. Жетиден көп киши бир же бирден көп уйга орток боло алышпайт. Мисалы, 8 киши 7 уйга орток болуп сатып алуулары жаиз эмес. Анткени, ар бир малда ар биринин үлүшү бар. Ар бир кишинин үлүшү жетиден бир бөлүктөн кем болбоого тийиш. Ошол сыяктуу эле 10 кишинин 15 уй сатып алып курмандык чалуулары жаиз болбойт. Анткени, 15 уйдагы 10 кишинин үлүшү ондон бир бөлүктөн түшөт. Ал эми ондон бир бөлүк жетиден бир бөлүктөн аз болуп саналат. Ошол сыяктуу 3 киши ортоктошуп 9 койду сатып алып курмандык чалуулары жаиз болбойт. Анткени, 3 киши 9 койдун үчтөн бир бөлүгүнө орток болот. Ал эми бир койду бир гана адам соё алат. Бирден көп киши бир койду ортоктошуп сатып алып курмандык катары сойуулары жаиз болбойт.

 

Кийин орток болуу

Суроо: 4 киши курмандык үчүн орток бир уй алдык, кийин бул курмакдыкка бир нече киши кошулса болобу?

ЖООП

4 киши алып жатканда 7 кишиге чейин орток болобуз деп ойлонулган болсо орток болуу жаиз, болбосо макрух болот. Макрухтан кутулуу үчүн аны башка бирөөнө сатасыңар же араңардан бирөө сатып алса да болот. Кийин ал адам муну алып жатканда 7 кишиге чейин орток кыламын деп алса жаңыдан орток боло алышат.

Суроо: Мойнуна курмандык чалуу важиб болгон үч бай адам менен мойнуна курмандык чалуу важиб болбогон бир кедей биригип бир уйду орток болуп сойсо болобу?

ЖООП

Ооба, сойсо болот.

Суроо: Курман айтта бир адам өзү тааныбаган адамдар алган уйга орток боло алабы?

ЖООП

Ким экендиги белгисиз болгон бирөөлөр менен орток болбоо керек, араларында Аллах ыраазылыгы үчүн эмес эт үчүн сойгон адам бар болсо калгандарынын дагы курмандыгы орундалбайт. Эгер анын ниети билинбесе анда жоопкер болбойбуз. Ошондуктан, билинген салих адамдар менен орток болуш керек.

Суроо: Шафии мазхабында курмандык чалуу важиб болбогондугу үчүн курмандык ортокторунун арасында Шафии бирөөнүн болуусунун зыяны жокпу?

ЖООП

Мазхаб айырмачылыгы курмандык ортоктугуна таасир тийгизбейт. Аныкы дагы сүннөт болот. Акика үчүн сойгон киши да, өлгөн адам үчүн сойгон киши да орток боло алат. Мусулман эмес адам орток боло албайт. Ошондой эле бир гана эти үчүн сойгон адам дагы орток боло албайт.

Курмандыкка ар кандай орток болуу

Суроо: Үч орток ар кандай акча беришсе курмандыктары сахих болобу? Мисалы 28000 сомго бир уй сатып алышса, ортоктордун бири 8000 сом, бири 16000 сом, үчүнчүсү болсо 4000 сом берсе, этти дагы берген акчаларына жараша бөлүшүп алышса жаиз болобу?

ЖООП

Эң аз акча берген үчүнчү ортоктун акчасы жетиде бирден аз болбогондугу үчүн жаиз. Этти бөлүшүп жатканда үчүнчү орток бир пай алат, экинчи орток төрт пай, биринчи орток болсо эки пай алат. Баары биригип жети пай болот. Бири жетиде бир пайдан, б.а., 4000 сомдон аз акча бергенде болмок эмес.

Ар бир орток канча пайга кирип жаткан болсо ошончо акча берет. Эттин бөлүштүрүлүүсү дагы бул пайга жараша кылынат.

Курмандыкка акчасыз орток болуу

Суроо: Курмандык уйга жети орток болуп кирсе, ортоктордон биринин акчасы болбосо калган ортоктордон бири мен сенин ордуңа беремин десе, ар ким өз акчасын берсе, дагы бирөө өз акчасы менен бирге акчам жок дегендикин кошо берсе курмандык үчүн акча бербестен курмандыктын сообу алынабы, б.а., курмандык сахих болобу?

ЖООП

Ооба, сахих болот. Эгер бирөө курмандык уйду жети кишиге белек кылганда, эч бири акча бербестен сойгондо баарынын тең курмандыгы сахих болмок. Курмандык үчүн сөзсүз акча берүү керек эмес. Башка бирөө белек кылган курмандык малды сойсо да болот. Важиб сообун алат жана курмандык карызынан кутулган болот.

Суроо: Бири адак (атоо), бири акика, бири важиб болгон айт курмандыгы, бири нафил, бири өлүү үчүн, бирөө болсо Пайгамбарыбыз үчүн курмандык сойууну кааласа бир уй союшса болобу?

ЖООП

Ооба, союшса болот. Жети кишиге чейин орток болуу жаиз.

Курмандыкта орток саны

Суроо: Курмандык уйга эң аз жана эң көп канча киши орток боло алат?

ЖООП

Бир уйга жети кишиге чейин кирсе болот. Б.а., 1,2,3,4,5,6,7 киши кирсе болот. Эгер 3 киши кирсе уй үч пайга бөлүнөт. Төрт киши болсо төрткө бөлүнөт.

Акика курмандыкка кошулат

Суроо: Эки бир тууган бир уй сатып алышкан экен. Булар азыркыга чейин балдарынын акикаларын союшпаган экен. Азыр акика мал сойуунун мустахаб экендигин угушуптур. Курмандык үчүн алган бул уйду акикалары үчүн дагы ниет кылып союшса болобу? Атоосу бар бирөө ушундай алынган курмандыкка атоосун да кошсо болобу?

ЖООП

Акика, важиб, адак баары кошулат. Бирок, биринчи алып жатканда жети кишиге чейин орток болуу ниети менен мал алынуусу керек. Өзү үчүн гана алып, кийин башка бирөөнү орток кылуусу макрух болот.

Касапчыга акча берүү

Суроо: Курмандыкты сойгон касапчыга акча берилүүдө. Бул акчаны бир кишинин төлөөсүндө жана кийин ар кимдин пайын өтөөсүндө же бул акчаны берген адамдын кем же артыкча мурда же кийин курмандык ээлеринен алуусунда же албоосунда зыян барбы?

ЖООП

Баары жаиз. Бир киши төлөп калгандарынан ала алат, кааласа албаса да болот.

Суроо: Айтта өзүм, апам, атам, жубайым жана үч чоң уулум менен бирге жалпы 7 киши бир уйду курмандыкка чалалы деп жатабыз. Курмандыктын акчасын мен беремин. Бул курмандыктын наркы болгон акчаны аларга ар бирине берип, алардын курмандыктарынын алынуусу үчүн мага белек кылуулары керекпи?

ЖООП

Сиздин аларга, алардын сизге акча белек кылуулары керек эмес. Болгону алардын ар бири «Мен үчүн бир курмандык сойууга же каалган бирөөңө сойдурууга cени жалпы өкүл кылдым» деп айтуулары жетиштүү. Өкүл асыл сыяктуу, өз акчасы менен да соёт.

Бала, атеист же фасык

Суроо: Жети кишилик курмандык ортокторунун бири жаш бала, атеист же фасык болсо курмандык жаиз болобу?

ЖООП

Мусулман эмес адам же жаш бала болсо курмандык сахих болбойт. Фасык адамдын ортоктугу жаиз болгону менен фасык айтта курмандык ибадатына эмес этке ниет кылышы мүмкүн, андай болгондо курмандык сахих болбойт. Фасыкка ишеним болбойт. Этияттуулук кылып фасыктар менен сойбоо керек.

Көп киши бир кочкорду атаса

Суроо: Эки-үч киши бир кочкорду аташса сахих болобу?

ЖООП

Жок, сахих болбойт. Курмандык болсо да, адак болсо да бир кочкорду бир гана киши соё алат.

Акча акысы жок орток

Суроо: Малдын ээсимин, мал сатып соода кылам. 30000 сомго сатайын деген бир уйга 35000 сом деп айтуудамын. Алты пайды сатып жатканда бир пайы үчүн «Менин кишим бар, ар пай үчүн 5000 сом бергиле» деп айтуудамын. Өз кишимен акча алган жокмун же өтө аз өлчөмдө алуудамын. Минтип мал сатуу жаизби?

ЖООП

Жаиз


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш