Ислам дини » Курмандык » Курмандык чалуунун пазилети




Курмандык чалуунун пазилети


Суроо: Курмандык чалуунун маанилүүлүгү эмне?

Жооп: Курмандык нисабына (96 гр алтын) ээ болгон мусулмандын курмандык чалуусу важип болот. Эч бир себепсиз курмандык чалбоо күнөө болот. Курмандык чалуу важип болуп туруп курмандык чалбаган адамдын үйү ээлерине кыңкыстап, баддуба (каргыш) кылат, "курмандык чалбаганың сыяктуу Аллаху таала сага да жакшылык кылууну насип кылбасын!” дейт. Ал үй ошол жылы балээ-кырсыктарга дуушар болот. Ал эми, курмандык чалган адамдардын үйү ыраазы болот, үй ээлерине кайырлуу (жакшы) дуба кылат. Ошондуктан да, курмандык чалууну бир немат деп билүү керек! Курмандык чалган мусулман өзүн Тозоктон азат кылган болот.

Бир канча хадиси шарифтердин маанисинде минтип айтылат:

"Сараңдардын эң жаманы (өзүнө важип болсо да) курмандык чалбаган адам”. (С. Абадиййа)

"Мүмкүнчүлүгү, убактысы бар болуп туруп курмандык чалбаган адам намаз окуган жерибизге келбесин!” (Хаким)

"Курмандык малынын терисинин ар бир кылына жана бөлүгүнө бир сооп бар”. (Хаким)

"Курмандык малыңар семиз болсун. Анткени, алар Сырат көпүрөсүндө силерге унаа болот”. (Зад-ул-муквин)

"Курмандык малынын ар бир кылынын санынчалык силерге сооп бар. Канынын ар бир тамчысы үчүн мукафат (сооп-сыйлык) бар. Ал силердин Мыйзан таразаңарга коюлат. Силерге сүйүнчүлөр болсун!” (Ибни Мажа)

"Курмандыкты чын көңүлүңөр менен чалгыла! Анткени, курмандыгын кыбыланы каратып союп, анын каны, мүйүзү, жүнү, бардык жери Кыяматта өзүнүн Мизанына (таразасына) сооп болуп койулбаган мусулман болбойт”. (Дайлами)

"Сообун үмүт кылып курмандык чалган адам Тозоктон коргонот”. (Табарани)

"Курман айтта кылына турган амалдардан Аллаху тааланын даргейинде курмандык чалуудан да жакшыраак амал жок. Каны жерге түшө электе Аллаху таала аны коргойт. Ушундай кылып напсиңерди тазарткыла, курмандыгыңарды кубанып, өз каалооңор менен сойгула!” (Тирмизи)

"Курмандыктын эң жакшысы - мүйүзү бар кочкор”. (Ибни Мажа)

"Эй, Фатима, курмандык малыңдын жанына баргын! Союлуп жатканда ошол жерде болгун! Курмандыктын жерге ага турган алгачкы кан тамчысы менен өткөн күнөөлөрүң кечирилет”. (И. Хиббан)

"Союлган курмандык малы Кыяматта эти менен, каны менен 70 эсе чоңойуп, Мизан таразасына койулат.” (Исфахани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш