Ислам дини » Башка диндер » Kуру ишенимдер » "Бул катты ар кимге жөнөт!" делгендер тууралуу




"Бул катты ар кимге жөнөт!" делгендер тууралуу


Суроо: Бир нече каттарда бул катты баланча кишиге жибергиле деп жазылууда. Өзгөчө аялдар арасында кеңири таралган. Мисалы мындай делет:

1- Катты жөнөтсөңүз баланча мужизага жолугасыз. Эгер жөнөтпөсөңүз башыңызга баланча жамандыктар келет.

2- Шейиттерибиз үчүн Фатиха чынжырын улап жатабыз, бул катты окуган ар бир киши 3 Фатиха окусун же бул катты башкаларга жөнөтсүн.

3- Бул катты алган болсоңуз эми сиз дагы салават чынжырына кошулдуңуз. Азыр сиз 5 салават айтып жана муну эң аз 20 кишиге жөнөтүүңүз керек.

4- Аллах эч качан адаштырбайт, Аллах ысымдары жазылган бул катты 9 кишиге жөнөтсөңүз эртең жакшы кабар аласыз, эгер жөнөтпөсөңүз жолсуздук жыл бою сизден кетпейт. Кечиктирбеңиз, булар Аллахтын ысымдары. Аллахтын ысымдары жазылды, эми муну башкаларга жөнөтүүгө мажбурсуз.

5- Расулуллахты түшүмдө көрдүм, муну ар кимге угузгула! Угузган киши ушул жакшылыктарга жетет, ишенбеген жамандыктарга дуушар болот.

6- Бул хадиси шарифти баарына жөнөткүлө. Себеби, Пайгамбарыбыз «Бир сөз болсо дагы менден укканыңарды ар кимге жеткиргиле» деген эле. [Анын үстүнө бул нерсенин хадис экендиги да белгилүү эмес. Хадис болгон учурда деле ар хадистин интернетте айлануусу орундуубу?]

7- Бул дубаны 7 эшикке тараткан кишинин тилеги орундалат, ишенбеген киши кайгыга дуушар болот. 1251-жылы бирөө таап алган экен, 7 эшикке тараткан экен, байып кетиптир. Кийин бул кедейдин колуна тийип ага ишенбей койгон экен, үйү өрттөнүптүр, баласы өлүптүр.

8- Ким бул катты 13 кишиге жиберсе 13 күндөн кийин тилегине жетет. Эгер жибербей турган болсо башына ушул жамандыктар түшөт.

9- Бул катты ушунча кишиге жиберүү дин урааны болуп саналат. Жибербеген киши бизден алыс болот.

10- Катуу ооруга чалдыккан кызымдын дарысын алууга жардамга муктажмын. Өтүнүч, буга жардам кылыңыздар, бул катты баарына жеткиргиле. Бул катты башкаларга да жөнөтпөгөндөргө убал болсун!

11- Жакында кээ бир почта адрестери акылуу болот. Эгер бул катты баланча кишиге жөнөтсөңүз анда сиздики акысыз болот.

12- Бул катты сөзсүз окуп башкаларга да жөнөт! Чын болсо сен да кубанычка бөлөнөсүң. Чын чыкпай турган болсо эмнени жоготмок элең? Муну кылып көрүүдө, алдын алууда эч бир зыян жок. Бул катты жөнөткөн ар кимге Microsoft 245 Евро берет. Канча көп кишиге жөнөтсөңүз ошончо көп акча табасыз!

13- Бир хакер рекорд орнотуу үчүн баланча өлкөдөгү бардык msn адрестерин жок кылат экен. Абайлаңыз,тизмеңизге rea аттуу msn адресин кабылдабаңыз. Тизмеңизден бир киши кабыл кыла турган болсо сиз да хакер зыянына учурайсыз. Муну ар кимге жөнөтүңүз!

14- .... деген бир почта адреси сизди кошсо кабыл кылбаңыз! Бул вирус Мексика аркылуу жайылган. Акыркы 2 күндө 5000 кишинин Messengerадресине кирип, компьтерлерди бузган. Бул катты ар кимге жөнөтүңүз!

15- Вирус тузактары токтобой жатат. Дагы бир почта чынжыры аркылуу жаңы бир вирус компьютерлерге жукту. Ошондуктан, абайлаңыз, бул катты ачпаңыз. Сизге бул кат келбесе дагы бул эскертүүнү бардык тааныштарыңызга жеткириңиз!

16- Бирөө: «Баланча фирмадан чалып жатабыз, телефонуңузду текшеришибиз керек. Бул үчүн баланча сандарды теришиңиз керек», - дешсе, сиз да муну терсеңиз бардык жеке маалыматтарыңызды колуна алат жана өз телефон чалууларын сиздин эсебиңизге өткөрүп жиберет. Бул катты жакын досторуңузга жеткириңиз!

17- Бардык ооруканалар өлкөнүн ар аймагынан байланыша ала турчу бир гана телефон номеринде бириктирилди. Бул телефонго чалсаңыз эң жакын тез жардам чакырылган жерге жөнөтүлөт. Сизге керек болбосо да жакын тааныштарыңызга бир күнү сөзсүз кереги тийиши мүмкүн.

18- Кызымда рак оорусу аныкталды, бирок, оорукана чыгымдарын төлөй албай жататм. Өтүнүч, мага жардам бериңиздер! [Бул жол аркылуу да көз бойомочулуктар болууда.]

19- Бул катты башкаларга жөнөтүп, шилтемедеги анкетага кошулбасаңыз күнөөгө киресиз», - деген, ж.б. ушулар сыяктуу каттарды ар кимге жөнөтүш керекпи?

ЖООП

Жок. Буларды жөнөтпөсө эч ким күнөөгө кирбейт. Тескеричинче, буларды жөнөтүп, буларга курал болуу бизди күнөөгө киргизиши мүмкүн. Жардам сураган каттар көбүнесе жалган чыгууда. Булардын бардыгында түрдүү жеке кызыкчылыктар же жаман ниеттер бар. Өзгөчө дин мазмундуу болуп, жөнөтпөсөңүз башыңызга баланча жамандыктар келет деген каттар миссионерлердин мурда жайган жана жайып жаткан нерселерине окшошууда.

Мужизага жолугасыз деп жазылган каттардын канчалык динден кабары жок жахил кишилер тарабынан жазылгандыгы белгилүү болууда. Мужизалар Пайгамбарларда гана көрүнөт. Мужиза деген сөздү башка мааниде колдонуу жаңылыш.

Фатиха же салават чынжырын улап жатабыз деген нерсе да жаңылыш. Ар ким каалаганча окуй алат. Окуу жана адамдарга жөнөтүү үчүн белгилүү бир сан белгилөө бидаттардын пайда болуусуна жана жайылуусуна себеп болот. Аллах ысымы бар же Пайгамбар ысымы бар деп жөнөтүү керек эмес. Тескерисинче, бул каттарды жөнөтпөш керек. Аллаху тааланын жана Пайгамбарыбыздын «саллаллаху алейхи ва саллам» ысымын мындай иштерге колдонуу абдан жаман иш.

Ар кимге жөнөтүңүз делген бул каттарда саясый жана материалдык ар кандай жеке кызыкчылыктар бар. Бул кат алышууларда почта адрестеринин рекламасы кылынып, почта адрестерин табууга да аракет кылынат. Кат жиберген сайын акча табасыз делген каттардын дагы жалган экендиги жана артында түрдүү кызыкчылыктардын жаткандыгы айдан ачык.

Баласынын же бир жакынынын ооруп жаткандыгы айтылып, материалдык жардам суралган учурлар көбүнесе жалган болууда. Бул каттарды эч кимге жөнөтпөө керек, ансыз деле булардын көбүндө ката жана жалган маалыматтар болууда. Буларды дароо өчүрүп салуу керек. Сөзүбүздү уга турчу бирөө болсо бизге жиберген кишини да эскертип, буларга курал болбоосун айтуу керек!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш