Ислам дини » Kуру ишенимдер » Жиндер Бейишке киришеби?




Жиндер Бейишке киришеби?


Суроо: Жиндерди четке кагып ишенбеген адам капыр болобу? Жиндер дагы Бейишке киришеби?

Жооп: Жиндер ар кыл формага кире алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат. Мусулман жана капырлары болот. Алар да динге моюн сунууга милдеттүү. Бар экендиктери Курани карим менен хадиси шарифтерде айтылган. Четке кагып ишенбеген адам капыр болот. Курани каримде, ыйык аяттардын мындайча төмөдөгүчө билдирилет:

"Мен жиндер менен инсандарды бир Өзүмө гана ибадат кылышсын деп жараттым”. (Зарият, 56)

"Тозокту инсан жана жиндер менен толтурамын”. (Худ 119, Сажда 13)

"Жана бир кезде бир жамаат жиндерди Курани каримди угуш үчүн сага жиберген элек”. (Ахкаф, 29)

Ибни Масуд хазреттери билдирет:

"Түндөрдүн биринде Расулуллах биз менен бирге эле. Бир кезде көздөн кайым болду. Ар жакты издедик, бирок, таба алган жокпуз. Ошол түндү убайым менен өткөрдүк. Таң атканда Хира тараптан келе жатканын көрдүк. "Йа, Расулаллах, сизди издедик”, - деп айттык. "Мага жиндерден бирөө чакырып келиптир. Аны менен бирге кеттик. Аларга Курани карим окудум”, - деп жооп берди. (Тафсир-и Куртуби)

Бир хадиси шарифте: "Азан окуп жатканыңарда үнүңөрдү бийигирээк кылып окугула! Анткени, азан окуган адамдын үнүн уккан бардык адамдар менен жиндер Кыяматта ага күбөлүк кылышат”, - деп билдирилди. (Бухари)

Жиндер тууралуу кавилдер:

Жиндердин капырлары бардык аалымдардын пикирлеринче Тозокко киришет. Момун жиндер тууралуу ар түрдүү кавилдер бар:

1 – Адамдар сыяктуу мамиле көрүшөт.

2 – Тозокко киришпейт, топуракка айландырылат.

3 – Бейиштин "Рабад” делген жеринде болушат. Дүнүйөдөгүнүн тескериси болот. Тактап айтканда, адамдар аларды көрүшөт, бирок, алар адамдарды көрө албайт. Жиндер көп жолу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын даргейине келип тыңдашкан. Расулуллах аларга Рахман сүрөсүн таблиг (насаат) ниетинде окуган. "Эй, инсандар менен жиндер, Раббиңердин кайсы нематтарын четке кага аласыңар?” сөзү өткөн ыйык аяттан кийин: "Раббибиздин эч бир нематын четке кага албайбыз, эй, Раббибиз сага хамд болсун”, - дешкен болчу.

Бул сүрө алардын да диний буйрук жана тыюуларга милдетүү экендиктерин ишарат кылат. Анткени, бул сүрө "Сакалайн” (инсан менен жинге) карата айтылууда.

Курани карим аяттары менен хадиси шарифтер алардын да сыйлык жана жаза үчүн тирилтиле турушканын ишарат кылууда жана момундарынын Бейишке, капырларынын болсо Тозокко кете турганы белгилүү болууда.

Имам Бухари хазреттери айтат:

Жин сүрөсүнүн: "Чындыгында биз туура жолго баштаган Курани каримди укканыбызда ага ыйман келтирдик. Раббине ыйман келтирген бахстан жана рахактан коркпойт”, - деген маанидеги 13-аятындагы бахс – сыйлыктын кем берилүүсү, рахак – татыктуу болбогон жазаны көрүү дегендик. Бул ыйык аят алардын жакшылыктарына жооп катары сыйлыктарынын кемитилбестен бериле турганына жана күнөөлөрүнө карата артыкча жаза берилбей турганына ишарат кылат. (Авн-ул-мурид)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш