Ислам дини » Башка диндер » Kуру ишенимдер » Жиндердин зыяндары




Жиндердин зыяндары


Суроо: Жин адамга зыян тийгизеби, адамдын келбетине кире алабы? Зыянынан коргонуу үчүн эмне кылуу керек?

Жооп: Там Илмихал Сэадети Эбедиййе китебинде кыскача айтылат:

Жиндердин мусулман болгондору жана болбогондору бар. Мусулман болгон жиндерден адамга эч кандай зыян келбейт. Булар бир гана ибадат кылышат. Ахли сүннөт аалымдары аларды таанышат. Салих адамдар сыяктуу көрүнүшөт жана маектешишет. Капыр жиндер адамдарга ар түрдүү көрүнүштө зыян тийгизет. Адамдардан айрылбастан ар түрдүү формага кире алышат. Мисалы, микроп формасына кирип, адамдын тамырларында айланып жүрөшөт. Бир гана момундун жүрөгүнө кире алышпаса да жүрөгүнө васваса беришет. Эчкинин, жыландын, мышыктын формасына киришкендиги көп көрүлгөн.

Капыр жиндер жакшы адамдын формасына дагы кирип, жакшы жана пайдалуу нерселерди да кылышат. Капыр жана фасыктар менен достошкондо такыр айрылбастан аларды күнөөгө жана куфурга үндөшөт.

Жиндер менен шайтандар түштө да көрүлүшү мүмкүн. Сулуу көрүнүштө көрүнүп, ихтиламга себеп болушат.

Ар бир адамдын капыр бир жин досу болот. Периштелер адамдарды жиндердин зыянынан коргошот. Аяти карима жана дуба окуп, Аллаху таалага сыйынгандарга да жиндер эч нерсе кыла алышпайт. 

Адамдарга оорулардын дабаларын жана керектүү дарыларды үйрөтүшкөндүгү, талма оорусуна чалдыккан адамдын денесине кирип, ага зыян тийгизгендиги, адамдарга назарларынын тийгендиги тууралуу окуялар китептерде жазылган.

Жиндер үч топто болушат:

1 – Шамал жана аба сыяктуу болгондор.

2 – Жердеги коңуз жана курт-кумурскалар сыяктуу болгондор.

3 – Диндин буйрук жана тыюуларына амал кылуу менен милдеттүү болгондор. Буларга эсеп жана азап бар.

Жин от менен абадан жаратылгандыгы үчүн абдан жеңил болот, өтө ылдам кыймылдайт, жеңил эле тийип кетүүдөн өлүп калат. Өмүрлөрү кыска, диний илимдери аз жана текебер болушат, бири-бирилери менен дайым мушташып, согушушат. Жиндин өлүмү жер бетинен кайым болуу менен ишке ашат. Карылары жашарат, жаш балага айланышат жана өлүп жер бетинен жок болушат.

Капыр жиндер жинчи жана сыйкырчылар тарабынан көргөзүлгөн адамдарга сыйкыр кылышат. Хадика китебиндеги ыйык хадисте: "Сыйкыр кылган, кылдырган жана ага ишенген адам бизден эмес”, - деп билдирилүүдө. Жинчилер, төлгөчүлөр жана жылдыз нааманы карап, суралган бардык суроолорго жооп берген адамдар сыйкырчы тобуна жатат. Мындай адамдарга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү, кээде туура чыгып калса да, Аллахтан башкасынын бардык нерсени биле тургандыгына жана каалаган бардык нерсесин кыла тургандыгына ишенүү болот жана бул куфур.   

Өткөн нерселерди жинден суроо жаиз. Келечекте боло турган нерселерди суроо жаиз эмес. Анткени, келечек менен кайыпты жалгыз Аллаху таала гана билет. Капыр жиндер калпычы болушкандыктан болуп өткөн нерселерди көрбөгөн болушса да көрдүк деп айтышы мүмкүн. Жинчиге барып, адамды жинден куткара тургандыгына ишенип, ага акча берүү жаиз эмес.

Жинден кутулуу үчүн эң таасирдүү курал - Калима-и тамжит (Ла хавла ва ла куввата илла биллахил ълиййил ъазыймжана истигфар дубасы. Бул дубаларды окуган адамдан жиндер качышат жана сыйкыр бузулат. Жин мектубу делген дубаны дайым жанында алып жүргөн жана үйүндө сактаган адамга жин келбейт, ээлеп алган жин дагы кетет.

Суроо: Жин мектубу деген эмне?

ЖООП: Пайгамбарыбыз алейхиссалам жиндердин зыяндарынан мусулмандарды коргоо үчүн Хазрети Алиге жаздырган мектубу (каты). Өзү менен алып жүргөн адамга жана үйүнө койгон адамга ал макулуктар зыян бере алышпайт.

Асхабы кирамдан Абу Дужана хазреттери айтат:

"Жаткан элем. Тегирмендин үнүндөй жана бактын жалбырактарынын үнүндөй үн уктум, ошондой эле чагылгандай жарыкты көрдүм. Башымды көтөрдүм. Бөлмөнүн ортосунан кара бир нерсенин көтөрүлгөнүн көрдүм. Колум менен кармайын дедим. Кирпинин терисиндей эле. Бетиме учкун сыяктуу нерселерди ыргыта баштады. Дароо Расулуллахка барып айтып бердим. "Эй, Абу Дужана, Аллаху таала үйүңө кайыр жана береке берсин”, - деп буюрду.

Калем менен кагаз сурады. Хазрети Алиге бир мектуб (кат) жаздырды. Мектубду алып үйгө бардым. Башымын алдына коюп уктадым. Кыйкырган бир үн мени ойготту. Минтип жаткан эле: "Эй, Аба Дужана, бул мектуб менен бизди күйгүздүң. Сенин ээң албетте бизден үстөм. Бул мектубду биздин каршыбыздан алып салуудан башка биз үчүн бир кутулуш жок. Мындан ары менин жана кошуналарыңдын үйүнө келе албайбыз. Бул мектуб бар жерлерге келе албайбыз”.

"Ээмен уруксат алмайын бул мектубду албаймын”, - дедим. Жиндин ушунчалык кыйкырып ыйлоосунан ал түн мен үчүн абдан узун болду. Багымдат намазын мечитте окугандан кийин жиндин сөздөрүн айттым. Расулуллах алейхиссалам мындай деп буюрду:

"Ал мектубду алып кой. Болбосо мектубдун азабын кыяматка чейин чегишет.” [Далаил-уннубувва, Тазкира-и Куртуби]

Жин мектубунун асыл нускасы мына бул;


 

 

Аятал күрси, Ихлас, Муаввизатайн жана Фатиха сүрөлөрүн дайым окуп жүрүү да адамды жинден коргойт. Бул ыйык аяттарды окуп, бул мектупту жанында алып жүрүп, шыпаа аяттарын окуп жана жазып суусун ичип пайдаланууну каалагандардын Ахли сүннөт акыйдасына шайкеш болгон туура ыйман ээси болуулары шарт. Буларды жазган жана колдонгон адамдын акыйдасы туура болбосо жана арам иштерди кыла берсе пайдасын көрбөйт.

Жин жана шайтандын жамандыгынан кутулуу үчүн жана талма оорусуна, сыйкырга каршы коргоочу аят делген "айат-ы хырзды” 7 күн окуу керек жана бул аяттарды алып жүрүү керек.

Олуянын рухтары, көрүнүп же көрүнбөй, сүйгөндөрүнө пайдалуу болот жана жамандыктардан коргойт. Аларды таанууга, сүйүүгө жана алардын да сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылуу керек. (Кеңирээк маалымат үчүн Саадати Абадиййа китебин кароо керек.)

Жин менен шайтан

Суроо: Жин менен шайтандын жаратылышы жагынан эмне айырмачылыгы бар?

Жооп: Шайтан да жин сыяктуу от менен абадан жаратылган. Бирок, жинде аба, шайтанда болсо от көбүрөөк. Жиндердин капырлары бар болгондугу сыяктуу мусулмандары да бар. Шайтандардын бардыгы капыр. (Кашкул рисаласы)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш