Ислам дини » Kуру ишенимдер » Мужиза, керемет, парасат, истидраж жана сыйкыр




Мужиза, керемет, парасат, истидраж жана сыйкыр


Аллаху таала бардык нерсени бир себепке байлап жараткан. Ушул себептерге бир ишти жүзөгө ашыра турган, таасирин тийгизе турган күч-кубат берген. Бул күчтөрдү табият күчтөрү, физикалык, химиялык жана биологиялык закондор деп атайбыз. Бир жумушту аткаруубуз, бир нерсеге ээ болуубуз үчүн ар дайым ошол нерселердин себептерине жармашуубуз керек. Бардык нерсени себептери менен жаратуу Аллаху тааланын адаты. Адамдардын бардык аракеттери Аллаху тааланын ушул адатынын негизинде жүзөгө ашат. Бирок, Аллаху таала сүйүктүү пенделерине жакшылык, белек катары, ал эми душмандарын алдап, адаштыруу үчүн сүйүктүү пенделерине таң калардык  иштерди адатынан тышкары жол менен жаратып берет.

1. Мужиза: Пайгамбарларда Аллаху тааланын кудурети менен жаратылган адаттан тышкары жагдайлар кездешет. Бул - "мужиза” деп аталат. Мужиза - пайгамбар экендигин айткан адамдын айткандарынын чын экенин далилдөөчү адаттан тышкары кубулуштар. Пайгамбарлардын өз үммөттөрүнө мужиза көрсөтүүлөрү милдеттүү. Мужиза пайгамбарлардан башка эч кимдин колунан келбейт.

2. Керемет: Ар бир пайгамбардын үммөттүнүн ичинде жетилген олуяларда кездеше турган адаттагыдан тышкары абалдар "керемет” деп аталат. Олуялардын керемет көрсөтүүсү милдеттүү эмес. Абдулкадир Гейлани жана Имам Раббанинин кереметтери белгилүү. Бир олуянын көп керемет көрсөтүүсү анын керемети аз олуядан жогору экендигин билдирбейт. Өтө бийик даражада болгон көптөгөн олуялардын аз керемет көрсөткөндүгү белгилүү.

3. Парасат: Үммөт ичинде олуя болбогон салих, такыбалуу адамдарда кездеше турган таң калардык нерселер "парасат” деп аталат.

4. Истидраж: Ушундай адаттан тышкары таң каларлык нерселер ачыкча күнөө кылган фасык адамдарда көрүнө турган болсо, анда бул "истидраж” деп аталат. Ал эми истидраж болсо аны көрсөткөн адамды бара-бара кадыр-баркын түшүрүп,  ыйманынын алсыздоосуна түртөт.

5. Сыйкыр: Капырларда кездешүүчү адаттан сырткары таң калардык нерселер "сыйкыр” деп аталат.

Төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне?

Суроо: Көзү ачыктык, төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне? Буларга ишенүүнүн өкүмү кандай?

ЖООП

Көзү ачыктык жиндердин бири менен достошуп, болуп өткөн нерселер тууралуу андан сурап, андан үйрөнүп билүү жана буларды башкаларга билдирүү болуп саналат.

Жин менен таанышкан төлгөчүлөр "Жылдызнаманы” карап, суралган ар нерсеге жооп бергендер мына ушундай. Буларга жана сыйкырчыларга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү, кээде туура чыгып калса да Аллахтан башкасынын ар нерсени биле тургандыгына жана ар каалаганын кыла ала тургандыгына ишенгендик болот, бул болсо куфур. (Хадика)

Хадиси шарифте мындай деп билдирилди:

"Ырым-жырымга ишенген, көзү ачыктык кылган, көзү ачыктарга барган, сыйкыр кылган жана кылдырган жана буларга ишенген адам бизден эмес, Курани каримге ишенбеген болот.” [Беззар]

Ибни Аби Зейд хазреттери мындай дейт:

"Жинчи тарикатчыга ишенүү, адамды жинден куткара тургандыгына ишенүү, ага акча берүү жаиз эмес. Сыйкырды жандырган адамга дагы акча берүү жаиз эмес.”

"Биргиви Васиятнамасында”: "Бир адам уурдалган, жоголгон нерселерди билемин деп айтса, айткан адам дагы, ага ишенген адам дагы каапыр болот. "Мага жин кабар берүүдө, ошондуктан билемин” деп айтса дагы каапыр болот. Себеби, жин дагы кайыпты билбейт. Кайыпты бир гана Аллах билет”, - деп айтылууда.

 

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш