Ислам дини » Мазхабдар » Мазхабдан суралат




Мазхабдан суралат


Суроо: Айрым мазхабсыз кишилер: "Акыретте "кайсыл мазхабдансың" деп суралбайт, Китеп жана сүннөттөн суралат. Ошондуктан, бир мазхабды кармануу жаңылыш”,- деп айтышууда. Акыретте ар ким карманган мазхабы боюнча суроого тартылбайбы? Мисалы, бир ханафинин колу канаган болсо, ошол абалда намаз окуган болсо, ал намазы сахих эмес деп айтылбайбы? Бир шафиинин денеси аял кишиге тийсе, даараты бузулду деп айтылбайбы?

Жооп

Керек болсо дүнүйөдө дагы бир мугалим экзаменде окуучулардан сабак берген темалардан гана сурайт, сабак бербеген жерлерден сурабайт. Аллаху таала дагы карманган мазхабына ылайык амал кылдыбы же жокпу деп сурайт. Каршы жыныстагы адамга денеси тийип, ошол бойдон намаз окуган шафиинин намазын сахих деп кабыл кылбайт. Ханафи дагы өзүнүн мазхабы боюнча дааратты буза турган бир нерсени кылып, ошол бойдон намаз окуй турган болсо намазы сахих болбойт. Жөнөкөй адам эмес жада калса, мужтахид болгон бир зат дагы бир өкүмдүн туура экенин анык биле албайт. Шафии өкүмү боюнча каршы жыныстагы адамга денеси тийсе даарат бузулат деп айтууда. Ханафиде бузулбайт. Кайсынысы туура экенин жалгыз Аллах гана билет. Ошондуктан, ар бир адам өзүнүн мазхабынан жоопкер болуп саналат.

"Ал күнү ар фырканы имамдары менен чакырабыз” деген маанидеги Исра сүрөсүнүн 71-аяти каримасын имам Кады Байдави: "Ар үммөттү пайгамбарлары жана динде баш ийген имамдары менен чакырабыз” деп түшүндүргөн. Рух-ул байан жана Тафсир-и Хусайниде болсо: "Ар ким мазхабынын имамы менен чакырылат. Мисилы, "Эй, Шафии!”, же "Эй, Ханафи!” деп айтылат” деп түшүндүрүлгөн. Бул түшүндүрмөлөр да ар бир мусулмандын төрт чыныгы мазхабдын бирин кармануусу зарыл экенин ачык айкын билдирип турат.

Ар үммөт пайгамбарлары жана динде баш ийген имамдарынын ысымдары менен чакырылат. Мисалы, эй, Мусанын үммөтү, эй, Шафии же эй, Ханафи делет. (Байдави, Тафсир-и Хусайни, Рух-ул-Байан)

Жаман элдер дагы өздөрүнүн заалым королдору менен чакырылат. Мисалы, Фараон жана жактоочулары, Намруттун адамдары деп чакырылат. Жамандар жаман, жакшылар да жакшы башчылары менен чакырылат. (Маалим-ут-танзил)

Сеййид Ахмед Тахтави хазреттери Дурр-ул мухтар хашийасынын Забайих бөлүмүндө мындай дейт:

"Бүгүн ар мусулмандын төрт мазхабдын биринде болуусу важиб. Төрт мазхабдын биринде болбогон мусулман ахли-сүннөттөн айрылат. Ахли сүннөттөн айрылган адам же туура жолдон таят же капыр болот.”

Имам-ул-Харамайн Бурхан китебинде: "Авам (жөнөкөй мусулмандар) төрт мазхабдын бирин карманууга тийиш” деп билдирди. (Шархи минхаж-ул-усул)

Ибни Абидин хазреттери айтат:

"Бир иштин, бир ибадаттын сахих болуусу үчүн төрт мазхабдын бирине ылайык болушу керек. Бир ибадатты аткаруунун алдында шарттарынын бири бир мазхабга, башка бири башка мазхабга ылайык болсо бул ибадат сахих болбойт.” (Радд-ул-мухтар 51-бет)

Бир ишти бир мазхаб боюнча кыла баштагандан кийин, бул ишти жана буга байланыштуу болгон иштерди кылууну улантып жатып, бул мазхабды таклид кылуудан (тууроодон) баш тартууга тыюу салынгандыгы бир ооздон билдирилген. (Ибнул Хумам Тахрир-ул-усул, Ибнул-Хажиб Мухтасар-ул-усул, Алауддин-и Хаскефи Дурр-ул-мухтар)

Бир мазхабды таклид кылган адамдын дайым ошол мазхабга баш ийүүсү важиб. Зарылдык болмоюнча башка мазхабдын өкүмдөрү боюнча иш кылуусу жаиз эмес (туура эмес). Бир мазхабдын өкүмдөрүнө ылайык амал кылган адамдын бул мазхабдан айрылуусунун жаиз эместиги бир ооздон билдирилген. (Бахр-ур-раик)

Мутлак (абсолют) мужтахид болбогон аалым бир мутлак мужтахидди таклид кылууга тийиш. (Мусаллам-ус-субут)

Ар мусулмандын төрт мазхабдын бирин таклид кылуусу важиб. Таклид кылбай турган болсо туура жолдон таят. Башкаларды дагы жолдон тайдырат. (Имам Шарани, Мизан, б. 24)

Мужтахид болбогон адамдын мазхаб алмаштыруусу жаиз эмес. Каалаган бир мазхабды таклид кылууга тийиш. (Радд-ул-мухтар 283-бет)

Мухтахид болбогон дин адамынын хадиси шарифтерден түшүнгөнүнө ылайык амал кылуусу жаиз эмес. Себеби, хадиси шарифтердин мансух же тавилдүү же мухкам экенин айырмалай албайт. (Икт-ул-жаййид, Мухтасар)

Бир адамдын таклид кылган мазхабы, тактап айтканда, ага ылайык амал кыла баштаган мазхабынан баш тартуусунун жаиз эместиги бир ооздон билдирилген. (Ибни Хумам - Тахрир)

Ибадаттарда жана ижтихад менен кылынган иштерде төрт мазхабдын бирин таклид кылган адам кылган ишин Аллаху тааланын буйругуна ылайык кылган болот. (Мавлана Абдуссалам – Жавхара шархы)

Таклид кылып жаткан мазхабына ылайык болбогон иш кылууну эч бир аалым жаиз деген эмес. (Кимйа-йы саадат)

Ислам дининин имараты ушул төрт тиректин үстүнө курулган. Бир адам төрт жолдон бирине кире турган болсо жана ушул төрт эшиктен бирин ачса, башка жолго өтүүсү жана башка эшикке жармашуусу маанисиз жана пайдасыз иш болот. Иштеринин иретин бузган жана туура жолдон айрылган болот. Аалымдардын ооз бирдиги жана акыр заманда мусулмандарга эң ылайыктуу жол төрт мазхабдын бирин кармануу болуп саналат. Дин жана дүнүйөнүн тартиби ушундай болот. Ар ким алгач каалаган бир мазхабды тандайт. Ал мазхабды таклид кыла баштагандан кийин ал мазхабдан баш тартып, башка мазхабга өтүү биринчи мазхабга суи зан кылгандык (туура эмес ойлоо) болот. Иштер жана сөздөр бузулат, аралаш болуп кетет. Кийин келген аалымдар муну бир ооздон билдирген. Туурасы да ушул жана жакшылык ушунда. (Абдулхак-ы Дахлави – Сыфр-ус-саадат шархы)

Теолог бир мазхабсыз: "Ислам деңиз, мазхаб болсо көл”, - деп айтууда. Б.а., Имам Азам жана Имам Шафии сыяктуу дин улуктарынын Куран жана Сүннөттөн түшүнгөн өкүмдөрүн көл деп айтууда. Өзүнүн жана башка мазхабсыздардын Куран жана Сүннөттөн түшүнгөндөрүн болсо деңиз деп айтууда. Мазхабсыздардын түшүнгөндөрү Куран жана Сүннөт болууда имиш, Имам Азамдын, Имам Маликтин жана башка улуу аалымдардын жеке көз караштары болууда имиш. Бул сабатсыз мазхабсыздын"Акыретте мазхабдан суралбайт, Куран жана Сүннөттөн түшүнгөнүнөн суралат” деп айтуусу кыяматтын белгилеринен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш