Ислам дини » Мазхабдар » Ар илимдин өзүнө таандык терминдери, түшүнүктөрү болот




Ар илимдин өзүнө таандык терминдери, түшүнүктөрү болот


Суроо: Бүткүл диний китеп жана макалаларда көп жолу «мушрик, капыр, муртад, мунафык, атеист, зындык, мулхид, бидат ахли, адашкан, бузуку, динсиз, мазхабсыз» деген сыяктуу сөздөр, терминдер жазылат. Бир дос буларды көрсөтүп: «Кара, адамдарга кандай акарат кылынууда», - деди. Чындыгында адамдарга эмне үчүн минтип айтылат?

ЖООП

Ал түшүнүктөр адамдарга акарат үчүн жазылып жатканы жок. Булардын ар бири диний түшүнүктөр болуп саналат. Мажбур жазылат. Ислам аалымдарынын китептеринен алынган жазууларды ошол бойдон жазуудабыз. Бул термин жана түшүнүктөр колдонулбастан дин түшүндүрүлүп болбойт. Ар кесиптин, ар илимдин өзүнө таандык түшүнүктөрү, терминдери болгондой эле диний маалыматтардын дагы түшүнүктөрү бар. Бул түшүнүктөрдү колдонуу илимдин талабы. Бир нече мисал келтирели:

1- Курмандык чалуу түшүндүрүлүп жатканда «Курмандык» деген түшүнүк колдонулууга мажбур. Мал мууздоо деп айтылса болбойт. Курмандык териси дегендин ордуна мал териси десе болбойт. Курмандык чалуу – ибадат, ал эми мал союу ар качан кылына турчу бир иш болуп саналат, экөө эки башка нерсе.

2- Намаз окуу түшүндүрүлүп жатып «Намаз» деген түшүнүк колдонулушу зарыл. Намаз сөзүн айтпастан анын ордуна жатып-туруу деп айтуу туура болобу? Парз, важиб, сүннөт, макрух деген сөздөрдүн ордуна башка сөздөр колдонула албайт. Намаздын парздары дегендин ордуна жатып-турууда Аллахтын буйруктары деп айтса күлкүнүчтүү болбойбу?

3- Орозо, зекет, ажылык сыяктуу түшүнүктөрдүн ордуна башка сөз же түшүнүк колдонуу туура болбойт. Мисалы, «Орозо» сөзүнүн ордуна ачка жүрүү, «Зекет» сөзүнүн ордуна кедейдин акысын берүү, «Ажылык» сөзүнүн ордуна туристтик саякат деп айтылбайт. «Даарат» сөзүнүн ордуна анын түшүндүрмөсү айтылбайт, мисалы, бетти, колду жана буттарды жуу жана башты масх кылуу деп айтылбайт.«Тахарат кылуу» сөзүнүн ордуна тиги жерди, бул жерди жуу деп айтылбайт.

Дүнүйөлүк иштерде, техникада дагы мына ушундай. Бир нече мисал берели:

1- Бир комментатор футбол матчын баяндап жатып гол дегендин ордуна топ эки тиректин арасына кирди десе кызык болбойбу? Офсайт, фол, пеналти сыяктуу сөздөрдүн ордуна башка сөздөр колдонулса өтө кызыктай болот.

2- Компьютердеги техникалык терминдер ар кимге маалым, мисалы, интернетке кирдим дегенди ордуна башка түшүнүк менен айтып болбойт.

3- Медицинада дагы кээ бир терминдер колдонулат. Мисалы, карантин, терапия, психиатрия, кардиология, гинекология, урология, неврология, анестезия, наркоз, операция, анализ, томография, рентген, мигрен, простатит, катаракт, менопауза, глаукома, катаракт, холестерин, киста, синузит, фарингит, менингит, бронхит, цирроз, диабет, экземе, аллергия, рак, инфекция деген сыяктуу сөздөрдүн кыргызчасы болбойт. Ар илимдин, ар кесиптин өзүнө тийиштүү терминдери болот. Булар жээриле турчу нерсе эмес.

Дин китептеринде жазылган диний түшүнктөрдүн маанилери болсо мындай:

Аллахка орток кошкон адам, бутка табынган адам мушрик деп аталат.

Исламиятты кабыл кылбаган мусулман эместер кафир (капыр) деп аталат.

Мусулман болуп туруп динден чыгып кеткен адам муртад деп аталат.

Динсиз болуп турса да өз пайдасы үчүн мусулман болуп көрүнгөн адам мунафык деп аталат.

Аллахка, Пайгамбарга, Жаннатка, Жаханнамга ишенбеген динсиз адам атеист деп аталат.

Мунафык сыяктуу ишенимин жашырып, бирок, максаты Исламды жыгуу болгон тымызын капыр зындык деп аталат.

Өзүн чын ниеттен мусулман деп билген, аят жана хадиске өз көзкарашы менен маани берип, ыйманы бузулуп күфүргө кирген адам мулхид деп аталат.

Динде болбогон нерсени ибадат деп кылган адам бидат ахли деп аталат.

Туура жолдон чыгып кеткен адам адашкан деп аталат.

Дини жок адам динсиз, мазхабы жок адам мазхабсыз деп аталат. Башка динде болуп мусулман болгон адам кайтма деп аталат.

Бул түшүнүктөрдү өз ордунда колдонуу -  илимдин талабы, а болбосо булар бирөөнү акарат кылуу үчүн эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш