Ислам дини » Мазхабдар » Мазхаб жана мазхаб имамы




Мазхаб жана мазхаб имамы


Суроо: Мазхаб деген эмне, Исламияттан өзүнчө бир нерсеби, өзүнчө болбосо бир мазхабга моюн сунуу (уйуу) шартпы?

ЖООП

Мазхаб сөзү жүрүү, ээрчүү, жүргөн жол деген маанини туюнтат. Мутлак (абсолюттук) мужтахид деп аталган динде сөз ээси болгон аалымдардын мусулмандардын орундоолору керек болгон маселелерге байланыштуу диний далилдерден, Курани карим, хадиси шарифтер жана Ижмадан өкүм чыгаруу усулдары жана чыгарып билдирген өкүмдөрдүн бардыгы мазхаб деп аталат.

Мазхаб – Куран жана Сүннөт жолу. Бир мазхаб имамына моюн сунган адам Курани каримге жана Расулуллах алейхиссаламга моюн сунгандыгына ыйман келтирүүдө.

Атүгүл, мазхаб имамдагы дагы Китептин, тагыраагы, Курани каримдин жана Сүннөттүн, тагыраагы, хадиси шарифтердин маанисин Асхабы кирамдан үйрөнүшкөн жана бул туура мааниге карай ижтихад кылышкан. Бул туура маанини жана туура ижтихадды жактырбоо Мухаммед алейхиссаламга ишенбегендик болуу менен бирге зындыктык болот.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана Асхабынын жолу болгон Ахли сүннөттүн жүздөгөн мазхабынан бүгүнкү күндө төртөө китептерге кирип, калгандары болсо бир бөлүк унутулган. Бул төрт мазхаб – Ханафи, Шафии, Малики жана Ханбали мазхабдары. Мужтахид эместердин бүткүл кыймыл аракеттеринде жана ибадаттарында бир мужтахидге моюн сунуусу, тагыраагы бул төрт мазхабдан биринде болуусу керек экендиги Тахтавиде билдирилгендей эле, Хамидуллах Дажви, Мухаммед Бава Вилтори дагы билдирүүдө.

Ар мусулмандын бир ибадат, бир иш кылып жатканда төрт мазхабдан бирине уйуусу керек. Төрт мазхабдан бирине баш ийүү үчүн бул мазхабдын фыкых маалыматтарын жакшы үйрөнүүсү керек. Бул ошол мазхабда жазылган фыкых жана илмихал китептеринен үйрөнүлө тургандыгын Мухаммед Абдуррахман Силхати хазреттери билдирүүдө.

Төрт мазхабдын ишенимдери, тагыраагы, ыймандары бир, бөлүнүүлөрү жок. Төртөө тең Ахли сүннөт итикадында, ишениминде. Ахли сүннөт итикадында болбогон адам бидат ахли деп атала тургандыгы Тахтавиде жазылуу.

Төрт мазхабдан бирине уйуу - Курани каримге жана Расулуллах алейхиссаламга уйуу.  Себеби, мазхаб имамдары Курани каримде ачыкча билдирилген өкүмдөрдү Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Курани каримге тийиштүү ачыктамаларын билдиргендей, Курани каримде жана хадиси шарифтерде ачыкча билдирилбеген маселелердин өкүмдөрүн болсо дагы Курани карим жана хадиси шарифтердин жарыгында ортого койгондуктарын Абдулгани  Наблуси хазреттери билдирүүдө.

Суроо: Мазхаб имам деп кимдерди айтат жана алардын өзгөчөлүктөрү эмнелер?

ЖООП

Курани каримде жана хадиси шарифтерде ачыкча билдирилген дин маалыматтарын Асхабы кирамдан угуп же накыл жолу менен жыйнаган, ачыкча билдирилбегендерге болсо өздөрү койгон усулдарга (методдорго) карай ачыкча билдирилгендерге окшотуп чыгарган, мутлак мужтахид болгон терең аалымдар мазхаб имамы деп аталат.

Суроо: Билинген мазхаб имамдарынан башка мазхаб имамдары бар беле?

ЖООП

Билинген төрт мазхаб имамынан башка мазхаб имамдары да бар болгон. Бирок, булардын мазхабдарында болгондор азайып отуруп, бүгүнкү күндө эч калган эмес. Асхабы кирамдын бардыгы тең терең аалым жана мужтахид болушкан. Ар бири өз мазхабында болгон. Баары тең бүгүн билинген мазхаб имамдарынан дагы үстөм эле. Бирок, булардын китептери болбогондугу үчүн мазхабдарынын унутулгандыгын Имам Шарани хазреттери билдирүүдө.

Мазхаб имамдары  - улуу дин аалымдары

Суроо: Мазхаб имамдары Пайгамбарыбыз алейхиссалам мактаган мурасчы болгон аалымдардан эмеспи?

ЖООП

Мазхаб имамдары - эң чоң дин аалымдары. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жолу дин аалымдарынан үйрөнүлөт. Дин имамдарынан кайсыдыр бирине моюн сунуу Пайгамбарыбыз алейхиссаламга моюн сунуу болуп саналат. Алуси Галиййа китебинде мындай деген:

«Илим үйрөнүү жана үйрөтүү – ибадаттардын эң үстөмдөрүнөн. Абдуллах ибни Аббас аалымдардын аалым болбогон момундардан жети жүз даража үстөм болгондуктарын билдирди. Хадиси шарифте: «Аалымдар – Пайгамбарлардын мурасчылары», - делди. Пайгамбарлык даражасынын үстүндө эч бир даража болбогондугуна караганда бул даражага мурасчы болуунун абыроюнан да үстөм абырой боло албайт. Ислам аалымдарынын көбү бул жогору даражага жетишти. Фыкых жана хадис аалымдары жана эң башта мужтахиддердин төрт имамы булардын үстөмдөрү. Булар Ислам өкүмдөрүнүн жабык буйруктарын, тыюуларын ачыкка чыгарышты. Илимдин негизин курушту. Дин маалыматтарын бөлүмдөргө, класстарга бөлүштү. Алардын бийик кадыр-баркынан бир нечесин билүү менен сыймыктануудабыз. Булардын эң алдыңкысы - улуу имам Абу Ханифа Нуман бин Сабит. Анын улуулугун билдирген хадиси шарифтер колубузда бар. Бухари жана Муслимде жазылуу. Кырк беш жыл беш убак намазды бир даарат менен окугандыгын Абдуллах ибни Мубарек хазреттери билдирүүдө. Хасан бин Аммара улуу Имамды жууп жатканда: «Отуз жыл дайым орозо кармадың. Аллаху таала сага рахмат кылсын!» - деген. Илими менен толук амал кылган ал сыяктуу бир аалым көрүлгөн жок. Андан да үстөм аалым табылбады. Аллаху таала бизди бул улуу аалымдарга уйуу менен сыймыктандырсын! Расулуллах алейхиссаламдын сөздөрүн бизге жеткиргендер - бул мужтахиддер. Бүгүн дагы алардын төрт мазхабынан бирине муктаж болбогон, алардан бирине уйуудан кутула ала турчу эч ким жок. Ибни Мажа билдирген хадиси шарифте: «Үммөтүм жетимиш үч фыркага бөлүнөт, булардан бирөө гана Жаннатка барат. Булар - менин жана Асхабымдын жолунда болгондор», - деп буюрулду. Бул бөлүнүү усулда, ыйманда болгон бөлүнүү. Бир хадиси шарифте болсо: «Китабуллахта жана менин сүннөтүмдө таба албагандарыңарды Асхабымдын сөздөрүнөн алгыла! Асхабым асмандагы жылдыздар сыяктуу. Кайсы бирине баш ийсеңер хидаятка жетесиңер. Асхабымдын бири-биринен бөлүнүүлөрү рахмат», - деп буюрулган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш