Ислам дини » Мазхабдар » Жаманды жаман, кирди кир деп айтуу




Жаманды жаман, кирди кир деп айтуу


Суроо: Өлүү жана тирүү бир канча Ислам аалымы мазхабсыз деп жамандалууда. Бидатчы, сахаба душманы, масон делүүдө, ушундайча алар гыйбат кылынууда. Эмне үчүн мындай кылышат, аларды гыйбат кылуу жаизби?

ЖООП

Гыйбат кылуу чоң күнөө, жаиз эмес. Өзгөчө чыныгы аалымдарды жамандаган адамдын ыйманы кетет. Сиз суроону жаңылыш суроодосуз. Мындайча суралуусу керек эле: Кээ бир аалымдарын мазхабсыз, асхабы кирам душманы дешүүдө. Чындыгында мындай нерсе барбы? Эгер бар болсо алардын каталарын айтуу гыйбат болобу?

Биринчи түрдөгүдөй сурагандар көбүнесе арт ниеттүү адамдар. Булардын ичинде бул арт ниеттүүлөрдүн сөзүнө кирип жакшы ниет менен айткандар да бар. Намазда кыям, сажда сыяктуу сөздөр кандайча диний термин болуп саналса дал ошондой эле капыр, адашкан сыяктуу сөздөр да диний термин болуп саналат, булар бүгүн эле ойдон чыгарылган жок. Ыймандын алты негизинен бирине ишенбегенди капыр, дини жокту динсиз, мазхабы жокту мазхабсыз деп атайт. Мисалы, Абдух мазхабсыз, масон. Айрыкча, Асхабы кирамга тий узаткандары бар. Бирок, Аллаху таала Асхабы кирамдын бардыгынын Жаннаттык экендиктерин билдирүүдө. Мазхабсыздар Хазрети Османга тил тийгизишет, биз болсо «карагыла, Хазрети Османга мындай делүүдө» дегенибизде, кандайча аалым кишини сындайсыңар делүүдө. Анда эмес алар Хазрети Османды сындоо акысын кимден алышты? Мазхабсызды сындоо күнөө болсо алардын Жаннат менен сүйүнчүлөнгөн Хазрети Османды сындоолору сооп бекен? Ушунчалык да ынсапсыздык болобу?

Имам Газали, Имам Раббани сыяктуу аалымдарды жамандагандарга бул жаңылыш десек, дароо Абдухтун арабасына отургандар чыгып «Абдухтай болгон тектүү аалымдар жамандалууда» дешет. Бир эр жигит чыгып: «Асхабы кирамды, Ислам аалымдарын жамандагандарга убал болсун», - дебейт. Дегендерге болсо ынсапсыз түрдө тил узатышууда.

Динибизди ичинен жыгууга аракеттенген динде реформачылардын, мисалы, масон Абдух жана айланасынын кыянаттыктарын айтып ашкерелөө жамандагандык болбойт. Диндин буйругуна баш ийгендик болот. Жаманжы жаман, ыпласты ыплас деп айтуу жаңылыш эмес. Тазаны кир деп айтуу жамандагандык болот. Жамандардын жамандыгын ашкерелөө, мусулмандарды алардын зыянынан коргоого аракет кылуу парз. Булардын динибизге жапкан жалааларын айтуу гыйбат болбойт. Гыйбат деген эмне? Гыйбат – бир адамдын жашыруун бир кемчилигин анын артынан айтуу. Харбилердин (бүгүн болсо ар мусулман эмес адамдын), бидатчылардын жана ачыктан ачык күнөө кылгандардын бул күнөөлөрүн, алышып-беришүүдө куулук кылгандардын бул куулуктарын мусулмандарга узугуп, булардын жамандыктарынан сактанууларына себепчи болуу жана Мусулмандыкты жаңылыш түшүндүргөндөрдүн бул жалааларын айтуу керек, гыйбат болбойт.  (Радд-ул Мухтар 5\263)

Андай болсо алыш-бериште же динде куулук кылып, мусулмандарды алдоого аракет кылгандардын бул куулуктарын ашкерелөө гыйбат болбойт, диндин буйругун билдирүү болот. Себеби, хадиси шарифтерде мындай деп буюрулууда:

«Жалгандар жазылган, адаттар ибадаттарга аралаштырылган жана Асхабыма тил узатылган заманда туураны билгендер ар кимге билдирсин! Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын лаанаты туураны билип туруп, күчү жетип туруп билдирбегенге болсун.» [Абу Нуайм, Дайлами]

«Асхабыма тил узатылса туураны билген ар ким билдирсин, күчү жетип турса да туураны билдирбеген аалымдын эч бир ибадаты кабыл болбойт.» [Абу Нуайм]

«Бидаттар жайылып, бул үммөттүн кийин келгендери мурдагыларга лаанат кылганда, илим ээлери муну ар кимге билдирсин! Билдирбестен илимин жашырган адам Куранды жашырган болуп саналат.» [И.Асакир]

Бул хадиси шарифтер дагы көрсөтүп тургандай, жамандык кылгандардын, бидатчылардын жаңылыштыктарын ачыктоо гыйбат эмес, диндин буйругу, жихад. Диндин бул буйругун орундоого аракет кылгандарды жамандоо да динге душмандык болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш