Ислам дини » Мазхабдар » Мазхабсыздардын пикирлеринен кээ бирлери




Мазхабсыздардын пикирлеринен кээ бирлери


Суроо: Көп адамдар артынан ээрчиген бул жазуучунун кайсы жаңылыш жерлери бар?

ЖООП

Адашуучулуктары нормалдуу көрүнгөндүктөн болсо керек, артынан ээрчигендер көп, бирок, ал пикирлеринин жаңылыш (батыл) экендигин билишпейт. Ошондуктан, «Бул кишинин бул пикирлери жаңылыш» дегендин ордуна ага Ахли сүннөттү түшүндүргөн китептерди берүү керек. Китептерди окуп, туураны үйрөнсө ал кишилердин жаңылыштыктарын оңой көрө алат. Ага алгач динин туура үйрөтүү керек. Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда:

«Бир өкүмдүн туура же жаңылыш болгондугу Ахли сүннөт аалымдарынын билдиргендерине шай болуп же болбогондугу менен түшүнүлөт, себеби, Ахли сүннөт аалымдарынын билдиргендерине туура келбеген бир пикир (көзкараш) жаңылыш болуп саналат. Ар адашкан киши өз пикирин Курани каримге жана хадиси шарифтерге шай болгондугун жана адашуучулугунун туура экендигин ойлойт. Чындыгында Курани каримде: «Курани каримдеги мисалдар көбүн күфүргө жетелегендей эле көбүн болсо хидаятка жеткирет» - деген мааниле буюрулган.» (Бакара 26) [1/286]

Ахли сүннөт итикады жана калган туура маалыматтар билинсе мунун тескерисин кармангандардын жаңылыш жолдо экендиктери түшүнүлөт. Эл арасындагы адашкандардын Ахли сүннөткө каршы пикирлеринин кээ бирлери мына булар:

1-Амантудагы негизден бирин четке кагуу, мисалы, «Жакшылык Аллахтан, жамандык шайтандан» деп айтуу же тагдырды четке кагуу,

2-«Амал ыймандан бир бөлүк» деп айтуу, [мисалы, намаз окубаган адамды капыр деп айтуу],

3-«Ыйман көбөйөт жана кемийт» деп айтуу, [Нурдуулугу, кубаты көбөйүп же кемийт деши керек],

4-Курани каримди макулук деп айтуу,

5-«Аллах Аршта» деп айтуу. Истива деген сөзгө жаңылыш маани берип «Аллах Аршка отурду» деп айтуу,

6-Кабыр суроосуна, кабыр азабына, шапаатка, Сыратка, эсепке же Мизанга ишенбөө,

7-«Аллах кайыпты анбиясына (пайгамбарга) же олуясына билдирбейт» деп айтуу,

8-Олуянын кереметин инкар кылуу (четке кагуу),

9-Асхабы кирамдын баары Жаннаттык болушса да кайсыдыр бирин жамандоо,

10-Эки кайын атаны [Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омарды] калган сахабадан үстөм деп билбөө. Эки күйөө баланы [Хазрети Осман менен Хазрети Алини] сүйбөө,

11-Мираждын рух жана дене менен биргеликте болгондугун инкар кылуу.

12-Пайгамбарлардын күнөө кылышкандыгын айтуу,

13-Диндеги төрт далилди кабыл кылбастан, «Жалгыз Куран, жалгыз Китеп жана Сүннөт» деп айтуу,

14-Бул үчүн төрт хак мазхабдан биринде болбоо. «Бардык мазхабдарды колдоном, туура болгонду алам» же «Мазхабга кирүүнү жаиз деп көрөм» деп айтуу, мындайча айтканда, муну менен бирге мазхабсыздыкты да жаиз деп көрүү. Төрт хак мазхаб деген түшүнүк сөздү колдонбоо,

15-«Расулуллахтан кийин наби келбейт, бирок, расул келет» деп айтуу,

16-Өлтүрүлгөндүн, өзүн өзү өлтүргөндүн ажалы менен өлгөндүгүн четке кагуу,

17-«Пайгамбардын үстөмдүгү эмгектенүү аркылуу колго тийген» деп айтуу,

18-Дажжалдын, Даббат-ул-арздын, Хазрети Махдинин келе тургандыгына, Хазрети Исанын асмандан түшө тургандыгына жана калган Кыямат белгилеринен бирөөнө болсо да ишенбөө,

19-«Акыретте дагы Аллаху таала көрүнбөйт» деп айтуу,

20-«Капырлар Жаханнамда түбөлүк калышпайт, Жаханнам түбөлүк эмес» деп айтуу,

21-«Күнөөкөр момундар Жаханнамга кирбейт, Жаханнамга кирген адам эч качан чыкпайт» деп айтуу,

22-Маасы үстүнө масхты жаиз деп көрбөө,

23-Султанга [мамлекетке] каршы чыгууну жаиз деп көрүү,

24-«Яхудилер дагы, Христиандар дагы Жаннатка кирет» деп айтуу,

25-«Ла илаха иллаллах» деген Жаннатка кирет, «Мухаммадун расулуллах» деп айтуунун кажети» жок деп айтуу,

26-«Дажжал – бул бир агым, Иса жана Махди болсо руханий шахс, башкача айтканда, рух болуп келишет» деп айтуу,

27-«Хазрети Иса келгенде чыныгы Христиандыкты жайылтат» деп айтуу,

28-Хазрети Махдинин өзгөчөлүктөрү төп келбесе дагы бирөөлөрдү Махди деп эсептөө,

29-Анбия жана олуянын кабырларына барып алардын урматына дуба кылууну жаиз деп көрбөө,

30-«Ваххаби болсун, Мутазила болсун, башкача айтканда, бидат ахли болсо да баарын сүйөм» деп айтуу,

31-«Рух өлөт, рухтар жана өлүүлөр угушпайт» деп айтуу. Телкинди, давир жана искатты четке кагуу,

32-Кленка байпакка масхты жаиз көрүү,

33-Ислам тамгаларын, Османлы султандарын жамандоо,

34-«Өлүүдөн мурда рухун Аллахка жеткирүү керек» деп айтуу,

35-«Каза намазды окуу керек эмес» деп айтуу,

36-Муктаждык жана зарылдык абалында төрт хак мазхабдан бирин таклид кылууну кабыл кылбоо же ар мазхабдан жеңил болгон өкүм менен амал кылуу,

37-Ислам аалымдарын жамандоо максаты менен алардын китептеринде ойдон чыгарылган хадистер бар болгондугун айтуу,

38-Орган которууну харам деш,

39-«Тасадуф» сөзүн колдонуу жаиз эмес деш,

40-Мазхабга байлануу үчүн мазхаб фанатизми деген түшүнүктү колдонуу, ижтихад эшиги ачык деп айтуу,

41-Зухр-и ахир деген намаз жок деп айтуу,

42-Исламий көзкараш, Ислам ойчулдугу, Ислам философиясы, Исламчы деген сыяктуу түшүнүк сөздөрдү колдонуу,

43-Ахмет Кадияни, Бахауллах, Байкиев, Ж.Афгани, Абул ала Мавдуди, Хасан ал Банна, Хасан Саббах, Ибни Хазм, Ибни Каййими Жавзиййа, Ибни Рушд, Ибни Саба, Ибни Таймия, Измирли Исмаил Хаккы, М.Шавкани, М.Абдух, М.бин Абдулваххаб Нажди, Макдиси, М.Хамидуллах, М.Абу Захра, М.Икбал, М.Сыддык Хасан Хан, Н.Албани, Рашат Халифа, Рашит Рыза, С.Кутуб, Сеййид Сабык, Шейх Бадраттин, Юсуф Кандахлави, Юсуф Кардави, Зухайл сыяктуу мазхабсыздарды жана ахли бидат адамдарды кармануу, аларды булак катары көрсөтүү.

(Жогорудагы маалыматтар Фыкх-ы акбар, Нухбат-ул-лаали, Р.Насихин, Макт.Раббани, С.Абадиййа, Ф.Фаваид китептеринен алынган.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш