Ахмадия (Кадиянилик)


Индиядагы Пенжаб шаарында 1880-жылы – Мирза Гулам Ахмед Кадияни тарабынан курулган. Ал 1835-жылы туулуп, 1908-жылы өлгөн. Ката пикирлерин Британдык колонизаторлор Индияны басып алгандан бир жылдан кийин тарата баштаган. Исламды ичинен жыгуу үчүн Британдыктар тарабынан курулуп, каржыланган бул секта Британ тыңчыларынын жардамы менен тез жайыла баштаган. Абдуррашид Ибрахимдин түрк тилиндеги "Алеми Ислам” (Ислам ааламы) аттуу китебинин экинчи томундагы "Англичандардын Ислам Душмандыгы” темасындагы жазуусунун бир жеринде: "Ислам халифатын тезирээк кулатуу – Британдыктардын башкы максаты. Крым согуштарына себеп болгондуктары жана анда түрктөргө жардам бергендиктери – халифатты жойууга багытталган айлакерлиги болгон. Париж келишими аны көрсөтүп турат. (1923- жылы болгон Лозан келишиминин жашыруун отурумдарында алар ошол душмандыктарын ачык көрсөтүшкөн эле). Түрктөрдүн башына түшкөн кыйынчылыктардын, саясий балээлердин бардыгы кандай шылтоо жана эмне себептер менен жашырылса да ар дайым Британдыктардан келген. Британ саясатынын негизи – Исламды жок кылуу. Бул саясаттын себеби – алардын Исламдан коркуулары. Мусулмандарды азгыруу жана алдоо үчүн саткындардан усталык менен пайдаланууда. Аларды мусулмандардын арасында Ислам аалымы, дин таанытуучу, каарман катары таанытып, алардын колу менен пландарын ишке ашырышууда. Исламдын эң чоң душманы – англистер”, - деген. Американын укук жана саясат таануучусу Брайн Уиллиам Женнингс өзүнүн китептери, конференциялары менен жана 1891-1895-жылдарында АКШ Конгресинин өкүлдөр кеңешинин мүчөсү болуу менен таанылган адам. 1913-1915-жылдары АКШ Тышкы Иштер Министирлигинин өкүлү болгон. 1925-жылы кайтыш болгон. "Индияда англис бийлиги” аттуу китебинде Британдыктардын Исламга каршы душмандыктары жана кылган зулумдуктары тууралуу кеңири маалымат берген.

Британдыктардын куралы болгон Кадияниликтин куруучусу Гулам Ахмед Кадияни кайтыш болгондон кийин ордуна Хаким Нуреддин халифа болгон. 1914-жылы анын ордуна отурган Башируддин Махмуд 1889-жылы туулуп, 1965-жылы өлгөн. Ахмед 1905-жылы Индиянын Кадиян шаарында "Ал-васият”китебин жарыялап, өзүн убада кылынган "Месих”, б.а., Иса алейхиссалам деп тааныткан. Уулу Башир Ахмедилердин борборун Раббах деген жерге көчүрүп, Ахмадия жолунун бузук ишенимдерин "Чыныгы Ислам” деген ат менен жая баштады. "Курандын тафсири” деген наам менен чыгарган эки чоң китеби Курани каримге терс жана жаңылыш, бузуку сөздөргө толгон. Ал бул китебинде 1300 жылдан бери тафсирчилердин көңүл бурбаган экономикалык жагдайлар тууралуу жазгандыгын айтат. "Аллахтын мындай илимди бир гана пайгамбарларга жана алардын халифаларына бере тургандыгын ишенич менен айта аламын”, - деген. "Курани каримге өзүнүн жеке көз караштары боюнча тафсир кылган адам капыр болот”, - деген хадиси шариф алардын Исламдан алыс, жаңылыш жолдо экендиктерин көрсөтүүдө. Мухаммед Сыддык Хасан Хан "Китаб- ул-изаа” деп аталган китебинде мындай дейт: "Азыркы учурдагы дажжалдардын бири – Гулам Ахмед Кадияни. Аллах аны андан да жаман кылсын. Жамандыгын бүт адамдарга билдирсин! Анын куфур жолуна түшкөндөрдү да ушундай кылсын. Анткени, ал чоң фитна чыгарды. Алгач Махди экенин айтты. Анан пайгамбардын ишине аралашты. Христиан мамлекеттерин мусулмандарды бөлүү саясатынын куралы болду”. Алар: "Чыныгы Исламият бир гана Ахмадилик”, - деп ишенишет. Экөө да хадиси шариф менен макталган алгачкы эки кылымдын туура жолунан тайып, адамдарды куфур жана жаңылыштыкка тартууда. Пенжаб жана Бомбейде сабатсыз элдин арасында бат эле тараган бул жол азыркы күндө Европа жана Америкада жайылууда. Өздөрүн мусулман деп эсептегени менен, бузук ишенимдери жана ритуалдарынын аркасында мусулмандыктан чыккан. Куфурга себеп болуучу нерселери көп болсо да, төмөндөгү үчөө өтө маанилүү:

1. "Ахмади” жана "Кадияни” деп аталгандардын пикири боюнча Иса пайгамбарды крестке асып өлтүрүүнү каалашкан эмес эле. Ал өзүнөн өзү өлдү жана жерге көмүлдү. Кийин кабырдан чыгып Индустандагы Кашмирге барды. Ошол жерде Инжилди үйрөтүп кайрадан кайтыш болду.

2. Жеке бир Махди келбейт, Иса жана Мухаммед (алейхимуссалам) пайгамбарлардын рухтары адам кейпинде көрүнөт. Ал – Мирза Ахмед.

3. Мусулмандыкта жихад бар. Бирок, ал курал-жарак менен эмес насихат менен болот. Кан төгүү, жан берүү жок, муздак согуш бар. Алар ушундайча Курани каримдин маанисин өзгөрткөн, жихад тууралуу айтылган аяттарды жокко чыгарган болуп саналат.

Гулам Ахмеддин уулу Башуриддиндин"Жаңы дүйнө тартиби” деп аталган китеби куфур сөздөргө толгон. Индиялык аалым Мухаммед Анваршах Кашмири кадиянилерге жооп катары "Акидат- ул-Ислам фи хаяти Иса алейхиссалам”, "Икфар-ул-мулхидин” жана"Хатим-ун-набиин” деп аталган китептерин жазган. 1933- жылы кайтыш болгон. Ушул үч китебинде Мирза Гулам Ахмед Кадияни тууралуу мындай дейт:

"Ал Иса алейхиссаламдын асмандан түшө тургандыгына ишенбейт: "Ал асылган, өлтүрүлгөн. Ал атасыз эмес болчу. Юсуф Нажжардын уулу эле”, - дейт. Улуу Пайгамбарга яхудилер сыяктуу жаман сөздөрдү айтат. Өзүнүн пайгамбар экендигин, жаңы дин алып келгендигин айтат. "Иса асмандан түшөт деген сөз менен менин келе тургандыгым тууралуу кабар берилген”, - дейт. Исламдын далилдерин өзүнчө өзгөртүп, ишенүүгө тийиш болгон нерселерди жокко чыгарууда. Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбарлардын акыркысы экенине, баарынан жогору экенине ишенбейт. Өзүнүн миңдеген мужизасы бар экенин, алардын башка пайгамбарлардын мужизаларынан көп жана жогору экенин айтат. Көптөгөн аяттардын өзү тууралуу келгенин, Куранда макталганын айтууда”.

Ахмед Кадияни монгол-татар улутунан эле. Исмаили сектасындагы динсиз эле. Өтө көп китеп окуган. Ахли сүннөткө душман эле. Британдыктар Исламды ичинен жыгуу үчүн жасаган пландарын ишке ашыра турган бир саткынды Индияда да издеп жүрүшкөн болчу. Табылгандардын арасындан аны тандап алышат. Көп акчага сатып алышат. Ал алгач бахаи катары сахнага чыгарылган. "Мужаддидмин” - деп жүрдү. Анан: "Махдимин”, - деп айтты. Ал кийин: "Асмандан түшө тургандыгы тууралуу билдирилген Иса Месихмин”, - дейт. Акырында пайгамбар болуп, жаңы дин алып келгендигин жарыялады. Кадияндагы мечити – "Масжиди Акса”, шаары – "Мекке” шаары имиш. Кийин көчүп өткөн Лахор шаарын "Медина” деп эсептеди. Бир кабрыстан салдырып, аны "Макбарат- ул-жанна” деп атайт. "Бул жерге көмүлгөн адам Бейишке барат”, - дейт. Өзүнүн аялдарын "уммахат-ул-муминин” (мусулмандардын энелери) деп атаган. Алдаган адамдарын "үммөтүм” деп эсептеди. Мужизаларынын эң чоңу – "Мухаммадибейгум” деп аталган никеси экен. Асманда кыйыла турган бул нике өзүнө вахий аркылуу билдирилген экен. Динин 1888-жылы жарыялаган. 1908-жылы өлүп, Тозокко кетти. Өзүнө ишенбегендерди капыр деп атаган.

Ал "Хакикат-ул-вахий” деген китебинин 148-бетинде: "Аллах бул үммөт ичинде Исадан да жогору Месихти жаратты. Иса азыр тирүү болгондо менин жасагандарымды жасай алмак эмес эле. Менин мужизаларым ал кишиде көрүлгөн эмес эле”, - дейт. 107-бетинде: "Фараонго расул жибергенимдей силерге да расул жибердим”, - деген аяттагы пайгамбардын өзү экенин жазган. 68-бетинде: "Аллах мени пайгамбар катары жиберди. "Убада кылынган Месих сенсиң”, - деди. Мага үч жүз миң мужиза берди”, - дейт. "Барахим- ул-Ахмадия” китебинин 56-бетинде өзүнүн мужизаларынын Мухаммед алейхиссаламдын мужизаларынан да көп экенин жазган.

Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбарлардын акыркысы экендигин билдирген 150 хадиси шариф бар. Алардын 30 чактысы "Кутуб-и ситтада” жазылган. Иса алейхиссаламдын асмандан түшө тургандыгы тууралуу да ачык билдирилген. Аларга ишенбеген адамдын ыйманы кетет. Ошол себептен Кадияниликтин Ислам менен эч кандай байланышы жок.

"Кадияни” же болбосо "Ахмади” деп аталган бул жолдун Исламды ичинен жыгуу үчүн Британдыктар тарабынан курулгандыгын далилдери менен ачыктап берген "ал-Мутанабби-ул-Кадияни”деп аталган араб тилиндеги китеп Пакистандагы Мултанда 1967- жылы басылган. Бул китепке Анвар шах Кашмиринин "Икфар- ул-мулхидин” аттуу китебинин башындагы Мухаммед Юсуф Бинуринин баалуу жазмалары менен "Хаванат-ул-Ислам” аттуу рисаласы да киргизилип, 1973-жылы Стамбулда басып чыгарылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш